Роя гезити

Судан диалогунун максаты – колонизаторлукту бекемдөө

Судан диалогунун максаты – колонизаторлукту бекемдөө

2026-жылдын 29-сентябрында, шейшемби күнү Хартумда өткөн маалымат жыйынында Судан диалогу боюнча комитеттин мүчөсү Набил Адиб диалогдун күн тартибине негизги маселелер кирерин билдирди. Алардын башында демократиялык түзүм, башкаруу формасы, Судандын иденттүүлүгү жана биримдиги, ошондой эле шайлоолор турат. Башкаруу түзүмү жөнүндө сөз кылып жатып, Адиб Судан башынан өткөргөн тажрыйбалар комитеттин көз карашы боюнча борборлоштурулган башкаруу өлкөнүн кызыкчылыгына кызмат кылбай турганын көрсөткөнүн айтты. Ал муну козголоңдордун, жарандык согуштардын күчөшү жана мамлекеттин майдаланышы менен байланыштырды. Ошондой эле Судан өзүнүн көп түрдүүлүгүн эске алганда, демократиялык түзүмдүн алкагында гана башкарыла аларын айтты.

Судандык тараптардын өз ара диалогунун негизги багыттары мына ушулар.

Бул багыттардын чоо-жайына киришүүдөн мурда, биз бир маанилүү маалыматты баса белгилегибиз келет. Биз бул режимдердин жана алардын комитеттеринин элди адаштыруусуна, айткан сөздөрүнө карама-каршы иштерди жасашына көнүп калганбыз. Мисалы, Түштүк Суданды бөлүп чыгаруу келишими «Тынчтык келишими» деп аталган. Эми болсо «судандык тараптардын өз ара диалогу» деп аталып жатат. Бирок диалог баштала электе эле маселенин чечими Судан элинен эмес, тескерисинче, Судандын душмандарынан изделүүдө. Маалымат каражаттары билдиргендей, 2026-жылдын 1-октябрында, бейшемби күнү Судан диалогун даярдоо комитети Каирде Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин элчилеринин тобу менен жолугушуу өткөргөн. Жолугушууда комитеттин милдеттеринин чоо-жайы жана анын саясий жана коомдук күчтөр менен жүргүзгөн кеңири кеңешүүлөрү талкууланган.

Бул жерде олуттуу суроо туулат: Европа Биримдигинин элчилеринин Судан диалогуна кандай тиешеси бар? Же бул элчилер биз билбеген судандыктарбы?!

Комитет диалогдун багыттары же күн тартиби деп атаган маселелердин эң негизгилерине кеңири токтолобуз. Алар: демократиялык түзүм жана башкаруу формасы, Судандын иденттүүлүгү жана борборлоштурулбаган башкаруу.

Биринчиден: Демократия жана башкаруу формасы

Комитет демократияны башкаруунун негизи кылып алууда. Анткени ал Судан өзүнүн көп түрдүүлүгүн эске алганда, демократиялык түзүмдүн алкагында гана башкарыла алат деп айтууда. Алар муну биз акыркы жети он жылдыкта башка түзүм менен башкарылып келгендей айтып жатышат! Англиялык колонизатор өз аскерлерин алып чыгып кеткенден кийин, өлкөбүздө өзү колдонуп келген демократиялык түзүмдү мурастап алышы үчүн атайын даярдаган адамдарын калтырып кеткен. Ошондон бери башкаруунун формалары жана кийимдери канчалык өзгөрбөсүн, бул абал бүгүнкү күнгө чейин уланып келүүдө. Анткени демократиялык түзүмдүн негизи – мыйзам чыгаруучулар башкаруучулардын өздөрү болушунда. Алар жалабия жана селде кийген жарандык башкаруучулар болобу, же костюм кийгендер болобу, же аскердик форма кийген аскер адамдары болобу – эч кандай айырмасы жок. Алардын баары өлкөнү кафир колонизатордун мыйзамдары менен башкарып, саясий, экономикалык, аскерий жана башка жактардан ага көз каранды болуп келишти. Болгону алардын кимге малайлык кылганы гана өзгөрүп турду: бирде Британияга, бирде Америкага, анан кайра Британияга, кайра Америкага жана ушинтип уланып келди…

Натыйжада биз дагы эле колонияланган, көз каранды абалдабыз. Анткени көз карандысыз мамлекет – өз чечимин өзү кабыл алган, өз тагдырын өзү башкарган жана өз эрки менен иш жүргүзгөн мамлекет. Ошондуктан Судан ушул ондогон жылдар бою өнүккөн мамлекеттерден артта калып келди. Биз мурда колония болуп, бирок бүгүнкү күндө ири жана улуу державаларга айланган мамлекеттерди көрүп жатабыз. Анткени алар колонизаторлуктун кишенинен толук бошонуп, чечим кабыл алуу укугун өз колдоруна алышкан жана өз эрки менен иш жүргүзө башташкан. Мисалы, Америка Англиянын колониясы болгон. Бирок андан бошонгондон кийин көз карандысыз мамлекет болуп, өнүгүү жолуна түшүп, акыры бүгүнкү күндө дүйнөдөгү биринчи мамлекетке айланды.

Дагы бир мисал – Кытай. Ал Япониянын колониясы болгон. Бирок, экинчи дүйнөлүк согуштан кийин көз карандысыз мамлекетке айланды. Бүгүнкү күндө ал БУУнун Коопсуздук Кеңешинде вето укугуна ээ болгон беш мамлекеттин бири болуп саналат.

Чындыгында, демократия өзүнүн түпкү маңызы боюнча карама-каршылыктуу жана иш жүзүндө ишке ашырылышы мүмкүн болбогон фикрат. Ал «бийлик элге таандык жана эл өзүн өзү башкарат» деп айтат. Бирок бул алдамчылык жана жалган. Анткени миллиондогон адамдардын чогулуп, мыйзам чыгарышы мүмкүн эмес. Ошондуктан бул маселени айланып өтүү үчүн элдин атынан мыйзам чыгара турган өкүлдөрдү шайлоо жолу ойлоп табылган.

Андан тышкары, эл толугу менен бийлик жүргүзбөйт жана мамлекеттин иштерин башкарбайт. Тескерисинче, иш жүзүндө бийликти белгилүү бир элиталык топ жүргүзөт. Алар мыйзамдар, каржылоо жана маалымат каражаттарынын таасири аркылуу алдын ала жөнгө салынган шайлоо механизмдеринин жардамы менен бийликти өз ара алмашып турушат. Ал эми элдин эрки зарыл учурда көтөрүлө турган, бирок күчтүүлөрдүн кызыкчылыктарына каршы келгенде четке кагыла турган ураан бойдон калат.

Чыныгы вакыйлык көрсөткөндөй, капиталисттердин эң демократиялуу деп эсептелген өлкөлөрүндө да бийликти ошол капиталисттер көзөмөлдөшөт. Муну азыркы америкалык философ Ноам Хомский да тастыктаган. Анын пикиринде, Батыштагы, айрыкча Америкадагы демократия «макулдукту өндүрүү» системасы аркылуу башкарылат. Бул системада маалымат каражаттары жана ири компаниялар шайлоочулардын аң-сезимин багыттап, алардын пикирлерин бийликтеги элитанын кызыкчылыктарына кызмат кыла тургандай калыптандырышат. Натыйжада добуш берүү формалдуу көрүнүшкө айланат.

Судан диалогун даярдоо комитети башкаруунун негизи кылгысы келген демократия мына ушундай. Ал биздин өлкөдө ондогон жылдар бою колдонулуп, өзүнүн ийгиликсиздигин далилдегенине карабастан, эмне үчүн алар бизден буга чейин сыналган нерсени кайрадан сынап көрүүнү талап кылып жатышат? Араб макалында: «Сыналган нерсени кайра сыноо – өкүнүч» деп айтылат. Ал эми элдик макалда: «Сыналган нерсени кайра сынаган адамдын акылы бузук» деп айтылат эмеспи?!

Вакыйлык жагынан караганда ушундай. Ал эми шарият жагынан алганда, демократия – куфр түзүмү. Ал биздин акыйдабыздын негизинде да, тармактык маселелеринде да карама-каршы келет. Алар бизди бул вакыйлыктан чыгаруунун ордуна, кафир колонизатор кожоюндарына кызмат кылуу үчүн аны бекемдөөнү каалап жатышат.

Экинчиден: Иденттүүлүк деген эмне?

Терминдерге терең кирбестен айтканда, иденттүүлүк «Биз кимбиз?» дегенди билдирет. Суданда биздин иденттүүлүгүбүз жүздөгөн жылдар мурун эле аныкталган. Биз араб болобузбу же африкалык болобузбу, кара түстүү болобузбу же ак түстүү болобузбу – биз мусулмандарбыз. Бул сыпаттардын иденттүүлүккө эч кандай тиешеси жок.

Кызыгы, алар 2014-жылы «Васба диалогунда» иденттүүлүк маселесин талкуулап, аны улуттук-мамлекеттик иденттүүлүк же судандык иденттүүлүк деп аныктап, маселе чечилгенин айтышканына карабастан, эми аны кайрадан талкуулагылары келип жатат!

Алар бул сөздөрдүн куру сөз жана элди адаштыруу экенин жакшы билишет. Муну менен алар биздин чыныгы иденттүүлүгүбүз болгон Исламды өчүрүүнү көздөп жатышат. Анткени Ислам – бардык улуттар менен расалар биригип, бир бүтүндүккө айланган орток негиз. Бул Суданда гана эмес, Ислам кирген бардык жерлерде ушундай болгон.

Демек, биздин иденттүүлүгүбүзгө шек келтирүүнүн жана аны Судан диалогунда кайрадан сөз кылуунун максаты – Исламды башкаруу, саясат жана башка түзүмдөрдөн четтетүү. Ал эми биздин иденттүүлүгүбүзгө шек келтирип жаткандар өз кожоюндарынын саясатына гана кызмат кылышууда.

Үчүнчүдөн: Борборлоштурулбаган башкаруу

Диалог комитети борборлоштурулган башкаруу өлкөнүн кызыкчылыгына кызмат кылбай турганын айтып, аны козголоңдор, жарандык согуштар жана мамлекеттин бөлүнүүсү менен байланыштырды. Бул жерде да дагы бир адаштыруу бар. Анткени борборлоштурулган башкаруунун козголоңдорго же жарандык согуштарга эч кандай тиешеси жок. Козголоңдор Судан үчүн жүрүп жаткан эл аралык күрөштүн максаттарына байланыштуу.

Суданда биринчи козголоңду уюштургандар – Суданды башкарган англиялыктар. Алар Түштүк Суданды бөлүп чыгаруу максатында ал жерде жабык аймактар саясатын жүргүзүшкөн. Андан тышкары, түштүктөгү козголоң 1955-жылы, башкача айтканда, Британия чыгып кете электе эле башталган. Бул болсо Түштүк Суданды бөлүп чыгаруу үчүн козголоңду Британия өзү уюштурганын билдирет. Кийин Судандагы бийлик Америка малайларынын колуна өткөндө, Америка бул ишти өз мойнуна алып, Британиянын ошол эле планы боюнча аракеттенди. Акыры 2011-жылы Түштүк Суданды бөлүп чыгарууга жетишти. Ал эми Дарфурдагы козголоңчу кыймылдардын көпчүлүгү Британияга караштуу кыймылдар болуп, Суданды башкарып турган Американын малайларына каршы чыгышкан.

Андан тышкары, борборлоштурулбаган башкаруу федералдык болобу же конфедералдык болобу, негизинен биригүүнү каалаган майда мамлекеттерге колдонулат, бирок башынан эле бирдиктүү болгон мамлекетке колдонулбайт!

Демек, мындай түзүмдөрдү биздин өлкөдө колдонуунун максаты – аны бөлүп-жаруу жана чачыранды кылуу гана. Бул болсо колонизаторлуктун эзелтен келе жаткан «Бөлүп ал да, башкара бер» саясаты.

Исламдагы башкаруу түзүмү болсо бирдиктүү түзүм, бирок идара борборлоштурулбаган болот. Анткени башкаруу менен идаранын ортосунда айырма бар.

Булар биздин өлкөдө кафир колонизатордун саясатын бекемдөө үчүн аракет кылып жатышкандай эле, Аллах Субханаху ва Тааланын убадасын жана Пайгамбары ﷺ сүйүнчүлөгөн пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты кайрадан тикелөөнү ишке ашыруу үчүн күнү-түнү тынымсыз аракет кылып жаткан эр-азаматтар да бар.

Роя гезити

Ибрахим Усман Абу Халил

14.10.26

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button