Хаважа Асифтин Пакистан режимин “даарат кагазы” деп аташы 75 жылдык кыянатты моюнга алуу

Хаважа Асифтин Пакистан режимин “даарат кагазы” деп аташы 75 жылдык кыянатты моюнга алуу
Аллах Таала айтат:
﴿بَشِّرِ الْمُنَافِقِينَ بِأَنَّ لَهُمْ عَذَاباً أَلِيماً * الَّذِينَ يَتَّخِذُونَ الْكَافِرِينَ أَوْلِيَاءَ مِنْ دُونِ الْمُؤْمِنِينَ أَيَبْتَغُونَ عِنْدَهُمُ الْعِزَّةَ فَإِنَّ الْعِزَّةَ لِلَّهِ جَمِيعاً﴾
«Мындай мунаафыктарга алар үчүн жан чыдагыс азап бардыгынан «куш кабар» айтып койгун! Алар момундарды коюп, каапырларды дос тутушат, эмне, алар ошол каапырлардын жанынан күч-кубат издешеби?! (Убара болушат!). Анткени бардык күч-кубат Аллага таандык». (Ниса: 138-139).
Пакистан коргоо министри Хаважа Асифтин 2026-жыл 10-февралда Улуттук жыйында кайрылуу жасады. Анын Батыш Пакистанды «даарат кагазынан да жаман колдонуп, анан четке ыргытып салды» деп айтуусу —өзүн-өзү эсепке алуу эмес. Тескерисинче, бул жалданма кызматчынын уяттуу моюнга алуусу болуп, ал акыры кожоюну анын кызматтарына эми муктаж эмес экенин түшүнгөндөй болду.
Бул билдирүү Пакистандагы жарандык жана аскердик жетекчиликтин мойнуна салынган чынжыр сыяктуу болду. Бул чынжыр Пакистан «Исламдын чеби» деп аталып түзүлгөндөн тартып бүгүнкү күндөгү таштап коюу абалына чейин созулган кыянаттыкка байланып турат. Асифтин сөздөрү Аллах Таалага итаат кылуу же үммөткө кызмат кылуу үчүн түзүлбөгөн тышкы саясатка каршы айыптоо болуп эсептелет. Тескерисинче, бул саясат Вашингтон жана Лондондогу кресттүүлөрдүн стратегиялык кызыкчылыктарына кызмат кылуу үчүн түзүлгөн.
Алардын «колдонулдук» деп моюнга алуусу мусулмандардын каны, өлкөнүн байлыктары жана Пакистандын мусулман армиясынын абийири агрессивдүү геосаясий базарда арзан товарга айландырылганын да билдирет. Бул базар болсо кафирлерден башка эч кимге кызмат кылбайт. Бул кыянаттын чынжыры азыркы режим менен эле башталган эмес. Ал постколониялык мамлекеттин генетикалык коду болуп эсептелет. Ал Айюб Хандын доорунда башталган. Ал үммөттү «СЕАТО» жана «СЕНТО» аркылуу Американын арабасына байлап, мусулман армиясынын өзгөчө күчүн Батыштын коммунизмге каршы күрөшү үчүн ижарага берилген күчкө айландырды. Ошол эле учурда Инд дарыясынын сууларые бойлогон келишим аркылуу Кашмир дарыяларын Индияга өткөрүп берди.
Андан кийин кыянаттын таягы Яхья Хан менен Зулфикар Али Бхуттого өттү. Алар Чыгыш Пакистандын бөлүнүшүнө катышып, кийин Шимла келишимин түзүштү. Бул келишим ок атууну токтотуу сызыгын «көзөмөл сызыгына» айландырды. Натыйжада Кашмир иш жүзүндө бөлүнүп, жихад талабы эки тараптуу мамиле жана эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн оор жүгү астында көмүлүп калды.
Андан кийин Зия уль-Хак келди. Ал ихлас менен күрөшүп жаткан мужахиддерди алдап, Афганистанда Советтер Союзуна каршы Американын согушун жүргүздү. Ал мусулмандардын канын колдонуп Кызыл армияны талкалады, бирок Халифалык тикеленүүсүн алдын алып, Исламдын жүрүшүн токтотуп, аймактын Америка огу айланасында калышын камсыз кылды.
Андан соң кыянат Беназир Бхутто менен Наваз Шарифтин «демократиялык» беткаптары астында дагы тереңдеди. Беназир Батыштын ыраазылыгын алуу үчүн Индиянын батыш фронтун камсыз кылууга жардам берип, Индия күчтөрүн Кашмирдеги мусулмандарга каршы топтоштуруусуна шарт түздү. Ал эми Наваз Шариф «соода үчүн тынчтык» деген адашкан түшүнүккө жана Лахор декларациясына берилип, Каргил окуясы учурунда Кашмир жихадына аркадан сокку урду. Ал жеңишке жетип жаткан күчтөрдү Билл Клинтондун бир эле телефон чалуусунан кийин артка чакырып алды. Бул болсо «Пакистан биринчи» деген ураанды ойлоп таап, иш жүзүндө «Америка биринчи» саясатын актаган залим Первез Мушаррафтын келишине жол ачты. Ал Американын Афганистандагы мусулмандарды жер менен жексен кылып бомбалоосуна мүмкүнчүлүк берген аба базаларын, логистикалык колдоону жана чалгын маалыматтарын берди. Ошол эле учурда ал Кашмир жихадына катышкан топторго тыюу салып, ихлас менен күрөшкөн боштондук алып келүүчүлөрдү Батыштагы кожоюндарына жагынуу үчүн «терроризм» деп атады. Ошентсе да эң караңгы барактар заманбап үчтүк — Ашфак Первез Каяни, Рахил Шариф жана Камар Жавид Бажванын колу менен жазылды. Каяни менен Рахил «террорго каршы согуш» деген шылтоо менен Пакистандын уруулук аймактарын өрттөп, чек аранын аркы бетиндеги америкалык баскынчылыкты камсыз кылуу үчүн өз элинин миңдеген адамдарын өлтүрүштү.
Ал эми генерал Бажва Кашмирдин табытына акыркы мыкты какты. Индия 2019-жыл 5-августта 370-беренени жокко чыгарып, Кашмирди аннексиялап, аны чоң түрмөгө айландырганда, Бажва менен Имран Хан өкмөтү куру сөздөрдөн жана эч нерсеге татыбаган «бир мүнөттүк унчукпай туруу» акциясынан башка эч нерсе кылган жок. Ал жашыруун түрдө Бажва көзөмөл сызыгында уяттуу ок атууну токтотуу келишимин таңуулады. Бул болсо Индияга чек арадан күчтөрүн чыгарып, өрөөн ичиндеги каршылыкты басуу үчүн колдонууга мүмкүнчүлүк берди.
Бул Бажванын «геосаясаттан геоэкономикага өтүү» деген доктринасы эле. Чынында болсо Кашмирдин канын Эл аралык валюта фондунун насыяларына жана акчаны адалдоого каршы каржылык аракеттер тобунун талаптарына алмаштырып сатуу үчүн колдонулган кооз термин гана болчу. Ал эми азыркы Шахбаз Шариф менен Асим Мунир режими бул көрүстөндүн кароолчусу гана болуп, мусулмандарга ачык коркунуч жараткан Индия менен мамилени «нормалдаштыруу» саясатын улантууда. Ошол эле учурда Батыштан бир нече миллиард доллар тиленип, жасалма дем алдыруу аппаратын иштетип турууга аракет кылууда.
Эй Хаважа Асиф, эй Пакистан башкаруучулары!
Кашмир силердин моюнга алууларыңарга күбө, шахиддердин канына чыланган өрөөндүн тоолору силерге каршы күбөлүк берет. Силер нааразы болуп жаткан «колдонулган саясат» — бул силердин өзүңөрдүн тандооңор. Силер акыретиңерди бийлик жана кресло үчүн сатып жибердиңер. Силер үммөттүн арстаны болгон Пакистан армиясын Америка менен Индиянын кызыкчылыктарын кайтарган сакчыларга айландырдыңар. Силер курмандык эмессиңер, силер кылмыштын шериктерисиңер. Сринагардагы энелердин ыйы, чачыраган ок менен сокур кылынган жаштардын көздөрү жана белгисиз мүрзөлөр силерден «ахлакый колдоо» же «биз колдонулдук» деген даттанууну талап кылбайт. Алар силердин кыянатыңарды каргашат.
Эй Пакистан армиясындагы ихластуу офицерлер!
Коргоо министринин бул моюнга алуусу — силердин жүзүңөргө урулган шапалак! Силердин жетекчилигиңер Батыштын колунда «даарат кагазы» экенин өзү моюнга алып жатат! Дагы канчага чейин силер ушул агенттердин күнөөсүн көтөрүп жүрөсүңөр?! Дагы канчага чейин Кашмир мусулмандары эзилип жатканын көрүп туруп, силердин күчүңөр Америка кызыкчылыктарына кызмат кылат?!
Бул башкаруучулар силерди да, үммөттү да сатып жиберишти. Алар терең жарга карай бара жатышат жана тарыхта Мухаммад бин Касимдин кылычы менен фатх болгон жерде куфр мыйзамдарын орнотууга жол ачкан чыккынчылар катары гана эскерилет.
Бул кулчулуктун келишимин айрып таштоо убактысы келди. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкты тикелөө үчүн Хизб ут-Тахрир партиясына нусрат берүүнүн убактысы келди. Ал силерден бул кордукту алып таштайт, Кашмирди азат кылат жана Батышка кожоюн катары эмес, каршы туруучу душман катары мамиле кылат. Аллах Таала айтты:
﴿إِلَّا الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ وَذَكَرُوا اللَّهَ كَثِيراً وَانْتَصَرُوا مِنْ بَعْدِ مَا ظُلِمُوا وَسَيَعْلَمُ الَّذِينَ ظَلَمُوا أَيَّ مُنْقَلَبٍ يَنْقَلِبُونَ﴾
«Бирок ыйман келтирген жана жакшы иштерди кылган, ошондой эле Алланы дайым көңүлүндө туткан жана (мурда) мазлум – жабыр тартуучу болушкандан кийин (Ислам жеңип чыкканда) үстөм болгон кишилер (тактап айтканда акындар жолдон азгыруучу эмес). Заалим кимселер болсо жакында кандай акыбет — жыйынтыкка карап бара жатышкандарын билип атышат». (Шуара: 227).
Роя гезити
Устаз Мухаммад Юнус.




