Африка жана Жакынкы Чыгыш: жаңы дүйнөлүк тартиптеги жаңжалдардын карталары

Африка жана Жакынкы Чыгыш: жаңы дүйнөлүк тартиптеги жаңжалдардын карталары
Тездик менен өзгөрүп жаткан дүйнөдө эл аралык таасир үчүн күрөш эми чек аралар жана армиялардын айланасында гана жүрбөстөн, ири жаңжалдардын жашыруун кыймылдаткычы болгон энергия булактарынын айланасында да жүрүүдө. Ондогон жылдар бою Жакынкы Чыгыш, айрыкча Булуң аймагы жана Иран, бул дүйнөлүк күрөштүн очогу болуп келди. Анткени көңүл мунайга жана анын маанилүү ташуу жолдоруна бурулуп турган. Бирок геосаясий өзгөрүүлөрдүн тездеши жана дүйнөлүк экономиканын табиятынын өзгөрүшү менен эл аралык атаандаштыктын багыты эбегейсиз байлыктарга жана мурда болуп көрбөгөндөй стратегиялык мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон башка бир континентке – Африкага бурула баштагандай. Анткени кара континент эми жөн гана өнүгүп келе жаткан базар же чечим кабыл алуу борборлорунан алыс жайгашкан географиялык четки аймак эмес. Тескерисинче, ал электр унааларынан тартып жасалма интеллектке жана аскерий технологияларга чейин келечектин өнөр жайлары таянган энергиянын жана сейрек кездешүүчү минералдардын дүйнөлүк кампасы жайгашкан аймак болуп калды.
Жакынкы Чыгыштагы айрым салттуу жаңжалдардын басаңдаган шартта, негизги суроо жаралууда. Африка XXI кылымдын энергиясына жана ресурстарына көзөмөл жүргүзүү үчүн жаңы эл аралык күрөштүн аянтчасына айланабы? Албетте, бул өзгөрүү бир гана мунайга байланыштуу эмес. Тескерисинче, бул таасир, стратегиялык өтмөктөр жана жакынкы ондогон жылдардагы дүйнөлүк күчтөрдүн жүзүн аныктай турган кен байлыктар үчүн кеңири күрөш болуп саналат. Ошондуктан кара континент жакын арада ири державалардын атаандашуу борборуна, балким келечектеги эң кооптуу жаңжалдардын сахнасына айлануу алдында турат. Анткени бүгүн биз классикалык формада болбосо да, ийкемдүү эки уюлдуу дүйнөгө өтүүнүн башталышына күбө болуудабыз.
Араб булуңу ондогон жылдар бою дүйнөдөгү эң ири мунай запастарына ээ болгондугу, ошондой эле дүйнөлүк энергия соодасынын чоң бөлүгү өтүүчү Ормуз кысыгы сыяктуу маанилүү деңиз жолдорун көзөмөлдөп тургандыгы үчүн дүйнөлүк теңсалмактын борбору болуп келди. Ири державалар өнөр жай дүйнөсүнүн коопсуздугу бул аймактын туруктуулугуна түздөн-түз байланыштуу деп эсептешчү. Бирок акыркы окуялардан кийин аймак туруксуз болуп калды. Батыштын, айрыкча Американын кызыкчылыгы бул аймактын мындан да көбүрөөк туруксуз бойдон калышына байланыштуу. Анткени Батыш бул аймакты Ислам күчүнүн пайда болушу үчүн эң ылайыктуу аймак катары көрөт. Ошондуктан ал ири мамлекеттерди бөлүп-жаруу, Булуң өлкөлөрүнүн айрымдарын жакырлатуу, Американын бардык кысыктарды көзөмөлдөп, аларды салыштырмалуу жабык абалда кармоосу аркылуу аймакты алсыратууга аракет кылууда. Мунун баары дүйнөнү бул аймактан алыс жайгашкан коопсуз энергия булактарын издөөгө түртөт. Континентке болгон кызыгуунун өсүшүнө түрткү берип жаткан башка факторлор да бар:
Биринчиден: дүйнөлүк энергия табиятынын өзгөрүшү
XX кылымда мунай энергиянын падышасы болгон. Ал эми бүгүн дүйнө электр унааларына, ири аккумуляторлорго, кайра жаралуучу энергияга, жасалма интеллектке жана өнүккөн технологиялык өнөр жайларга негизделген жаңы баскычка өтүүдө. Бул тармактардын баары бир гана мунайга эмес, стратегиялык мааниге ээ болгон кен байлыктарга көбүрөөк муктаж. Алардын катарына кобальт, литий, никель, жез жана он жети сейрек кездешүүчү металл кирет. Мына ушундан улам кара континент ири державалардын көңүл борборуна айланып жатат. Анткени ал бул ресурстардын чоң үлүшүнө ээ.
Экинчиден: Булуңдун энергия тармагындагы монополиясынын алсырашы
Булуң аймагы маанилүү бойдон калса да, дүйнөдө энергия булактарынын түрлөрү көбөйүп, жаңы аймактарда газ өндүрүүнүн кеңейиши себептүү ага болгон өзгөчө көз карандылыкты азайта баштады. Мындан тышкары, Американын сланец мунайын таңуулоосун унутпашыбыз керек. Муну Америка менен Кытайдын келишиминен байкоого болот. Ага ылайык, Америка Кытайга өзүнүн мунайын жеткирип берет. Мунун баары дүйнө өзүнүн экономикалык коопсуздугун өтө чыңалган бир гана аймакка байлап коюуну каалабагандыгынан келип чыкты. Бул болсо дал Американын каалаган нерсеси.
Үчүнчүдөн: Африка дагы эле атаандаштык үчүн ачык аймак бойдон калууда
Булуңда саясий жана аскерий таасир дээрлик ондогон жылдардан бери чечилип калган. Ал эми Африка болсо дагы эле туруксуз таасир аймагы болуп, пайдаланылбай жаткан байлыктарга толгон. Континенттин көпчүлүк өлкөлөрү саясий алсыздыкка дуушар болуп, салттуу базалар жана альянстар азыраак жайгашкан. Бул болсо ири державаларга узак мөөнөттүү таасирин жаңыдан курууга мүмкүнчүлүк берет.
Төртүнчүдөн: Африканын географиялык жайгашуусу
Африка баалуу ресурстарга гана ээ болбостон, Баб эль-Мандеб кысыгы, Суэц каналы жана Атлантика менен Индия океандарына караган жээктер сыяктуу стратегиялык деңиз жолдорун да көзөмөлдөйт. Демек, Африканы көзөмөлдөө дүйнөлүк соода жана энергия жолдоруна таасир этүүнү билдирет.
Бешинчиден: келечектеги күрөш келечектин кен байлыктары үчүн болот
Америка, Кытай жана Европа Африканын кен байлыктарын көзөмөлдөгөн тарап эбегейсиз экономикалык жана технологиялык артыкчылыкка ээ болорун жакшы түшүнүшөт. Анткени дүйнөдөгү кобальт запастарынын басымдуу бөлүгү Конго Демократиялык Республикасында жайгашкан. Сейрек кездешүүчү металлдарга эң бай аймак – Түштүк Африка. Нигер болсо уранга бай. Мындан тышкары, Мозамбикте ири газ запастары бар. Ошондуктан Африка салттуу отун менен камсыздоого гана эмес, келечектин өнөр жайына түздөн-түз таасир этүүчү аймак болуп эсептелет. Ошондуктан дүйнө өзүн чарчаткан Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдардан алыстоого аракет кылып жатканын көрүп жатабыз. Ал саясий жана аскерий жактан азыраак чыгым талап кылган, ошондой эле түздөн-түз аскерий кийлигишүүнүн ордуна экономикалык таасир орнотууга көбүрөөк ылайыктуу болгон аймактарды издеп жатат. Ошондуктан ири державалар азыр Булуңга мунайдын мааниси жоголуп кеткендиги үчүн эмес, дүйнө жаңы баскычка өткөндүгү үчүн багыт албай жатышат. Бул баскычта күрөш бир гана мунай үчүн эмес, энергия, технология, кен байлыктар жана жеткирүү чынжырлары үчүн жүрүүдө. Ал эми Африкада ушул ачкычтардын басымдуу бөлүгү бар. Мына ушул себептен жакынкы күндөрдө эл аралык атаандаштыктын борборлору акырындап Булуң жана Иран аймагынан Африка континентине өтүшүнө күбө болушубуз мүмкүн. Анткени ал келечек ресурстарынын стратегиялык кампасы болуп эсептелет.
Бир нече убакыттан бери Американын Жакынкы Чыгыштагы саясаты бул аймактын өзгөчө сезимталдыгына байланыштуу аны майдалоону каалап жатканын көрсөтүп келет. Ал борбордук мамлекеттерди алсыратты, армияларды жана режимдерди талкалады, аймакты экономикалык жактан алсыратып койду, өзү даярдаган же көптөн бери бийликте турган залим башчыларды четтетти, узак убакыттан бери басылып жаткан чаңды козгоду, мазхабдык, этникалык жана өнүгүү жаатындагы бөлүнүүлөрдү жаратты жана аймактын туруктуулугун жок кылды.
2003-жылы Ирак басып алынгандан тартып 2026-жылга чейин, ошондой эле Иран режимин кулатууга болгон аракеттерде Американын бүткүл аймакты алсыратууну улантып жатканы айкын көрүнүп турат. Ошондой эле ал яхудий түзүмүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө аракет кылууда. Анткени ал Халифалыктын кайра тикеленишине тоскоол болууга өзгөчө кызыкдар экенин билет. Алар Халифалыктын келерин жана Жакынкы Чыгыш анын пайда болушу үчүн эң ылайыктуу аймак экенин билишет. Америка өз кызыкчылыктарына коркунуч туудура турган үстөмдүк кылуучу күчтүн пайда болушуна жол бербөө үчүн дүйнөдөгү ири мамлекеттердин баары анын айланасында биригүүсүнө умтулууда. Ошол эле учурда энергиянын жана деңиз жолдорунун коопсуздугун камсыздоону, күчтөр тең салмактуулугун көзөмөлдө кармоону, бул милдетти яхудий түзүмүнө жүктөөнү жана өзүнүн көзөмөлүнөн тышкары экономикалык же аскерий көз карандысыз блоктордун түзүлүшүнө бөгөт коюуну көздөөдө.
2006-жылы Американын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Жакынкы Чыгыш тууралуу сүйлөп жатып жарыялаган «чыгармачыл башаламандык» теориясы алдын ала даярдалган теория болгондугу же Американын согуштарга кирүүсү өз таасирин кеңейтүү максатын көздөгөндүгү менен байланыштырылып келет.
Натыйжада бүгүн башаламандык жүз берди жана Америка Жакынкы Чыгыштын картасын өз кызыкчылыктарына ылайык өзгөртүүнү жарыялоодо. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыктын тикелениши бүгүн абдан жакындап калды. Аллахтын уруксаты менен, алардын көз алдында тикеленет. Алар мал-мүлктөрүн жумшагандан кийин жана ушул бардык айла-амалдардан соң, Аллах кааласа, жеңилишет. Аллах Таала мындай деди:
﴿إِنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا يُنفِقُونَ أَمْوَالَهُمْ لِيَصُدُّوا عَن سَبِيلِ اللَّهِ فَسَيُنفِقُونَهَا ثُمَّ تَكُونُ عَلَيْهِمْ حَسْرَةً ثُمَّ يُغْلَبُونَ وَالَّذِينَ كَفَرُوا إِلَىٰ جَهَنَّمَ يُحْشَرُونَ﴾
«Албетте, каапыр болгон кимселер байлыктарын адамдарды Алланын жолунан тосуу үчүн иштетишет. Анан, аны сарпташат го, кийин ошол (байлыктары) өздөрүнө өкүнүч болот, кийин жеңилишет. Каапыр кимселер тозокко ташталышы үчүн топтолушат». (Анфал: 36).
Ошондуктан биз жер жүзүндөгү ар бир мусулманга, өзгөчө Жакынкы Чыгыштагы мусулмандарга кайрылабыз: өздөрүнө каршы түзүлүп жаткан пландарды аңдап түшүнүшсүн. Алардын иззаты каапырлардын бут алдына жатып алып, өз үммөтүнө каршы алардын долбоорлорун ишке ашырууда эмес. Тескерисинче, иззат Аллахтын динине кайтууда. Ал дин дүйнөнү башкарат, капитализмдин изин бул ааламдын жүзүнөн өчүрөт жана өз динин, нурун жана адилеттигин жайылтат.
Эй мусулмандар! Эй күч-кубат ээлери! Бул динге жардам берүү үчүн ордуңардан тургула. Анткени биздин бири-бирибизге болгон душмандыгыбыздан биздин чыныгы душманыбыз гана пайда көрөт. Ал эми бир халифанын көлөкөсүндө, бир мамлекеттин алдында, Аллах түшүргөн өкүмдөр менен башкарылган жана жашообузду Ислам шариатына ылайык жөнгө салган биримдигибиз аркылуу биз кайрадан адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы үммөт болуп кайтабыз.
Аллах Таала айтат:
﴿كُنْتُمْ خَيْرَ أُمَّةٍ أُخْرِجَتْ لِلنَّاسِ تَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَتَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنْكَرِ وَتُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ وَلَوْ آمَنَ أَهْلُ الْكِتَابِ لَكَانَ خَيْراً لَهُمْ مِنْهُمُ الْمُؤْمِنُونَ وَأَكْثَرُهُمُ الْفَاسِقُونَ﴾
“(Эй Мухаммаддын үммөтү), силер адамдар үчүн чыгарылган үммөттөрдүн эң жакшысы болдуңар. Анткени силер жакшы иштерге буюрасыңар, жаман иштерден кайтарасыңар жана Аллага ыйман келтиресиңер. Эгер Китеп берилгендер да ыйман келтиришкенде өздөрү үчүн жакшы болоор эле. Алардан момундары да бар жана (бирок) алардын көбү баш ийбес кимселер”. (Аали Имран: 110).
Роя гезити
Набил Абдулкарим




