Алар өзү өлтүргөн адамдын жаназасында жүргөн киши сыяктуу!

Алар өзү өлтүргөн адамдын жаназасында жүргөн киши сыяктуу!
Жаңылык:
2026-жылдын 3-мартында, Мелания Трамп Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин жыйынына жетекчилик кылды. Бул жыйын кагылышуу аймактарында балдарды коргоо жолдорун талкуулоого арналган. Ал учурда Жакынкы Чыгышта АКШ жана яхудий түзүмү Иранга каршы жүргүзүп жаткан чабуулдун шартында аскерий чыңалуу күчөп жаткан эле.
Мелания өз сөзүндө жыйынга жетекчилик кылуусу оор шарттарда болуп жатканын белгилеп, Вашингтон дүйнө жүзүндөгү балдардын жанында турарын айтты. Ал тынчтыкты бекемдөөгө жана балдардын билим алуу укугун, ошондой эле заманбап технологияларга жетүүсүн коргоого чакырды. Ошондой эле ал балдарды жасалма интеллект технологиялары менен байланыштыруунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, бул билимди күчөтүп, билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет деп айтты. Анын айтымында, билимди жайылтуу өз ара түшүнүшүүгө жана ар түрдүүлүктү урматтоого негизделген туруктуу тынчтыкты курууга жардам берет. (RT, аз гана өзгөртүү менен).
Комментарий:
АКШ жана яхудий түзүмүнүн Ирандагы кыздардын башталгыч мектебине жасаган соккусунан 165 окуучу кыз каза тапкан. Бул окуядан бир нече күн өткөндөн кийин Мелания Трамп согуш аймактарындагы балдарды коргоо жолдорун талкуулоо үчүн жыйынга жетекчилик кылып жатат.
Бул кагылышуулар менен согуштарды болсо колонизаторлор тутантып келет. Алардын башында жамандыктын жана кылмыштын башчысы болгон Америка турат. Ал өз кызыкчылыктарын ишке ашыруу, үстөмдүгүн таңуулоо жана элдердин мүмкүнчүлүктөрүн, байлыктарын талап-тоноо үчүн согуштарды чыгарат. Натыйжада күнөөсүз адамдардын каны төгүлөт, өлкөлөр кыйратылат, адамдар өз үйлөрүнөн куулуп кетишет. Бул көрүнүштү Суданда, Газа тилкесинде, Сирияда, Йеменде, Ливанда жана Иранда көрүүгө болот, мындай мисалдардын тизмеси дагы узун.
Андан кийин алар “дүйнөдөгү балдардын жанында турабыз” деп айтышат. Чынында болсо алар өзү өлтүргөн адамдын жаназасында жүргөн киши сыяктуу!
Колонизаторлордун түздөн-түз же өз агенттери аркылуу, айрыкча мусулман өлкөлөрүндө жүргүзгөн согуштары балдардын азап чегүүсүнө себеп болду. Бул согуштарда балдар эң алсыз катмар болуп калышты. Алардын күнөөсүздүгү да, жаштыгы да аларды сактап кала алган жок. Натыйжада алардын арасында өлгөндөр жана жаракат алгандар болду. Алар ачарчылыкты, жакырчылыкты, жокчулукту жана дары-дармектин тартыштыгын баштан кечиришти. Алар жетимдикти жана жакындарын жоготууну көрүштү. Өз үйлөрүнөн куулуп, билим алуудан ажырашты. Көп учурда үй-бүлөлөрүн багуу үчүн иштөөгө мажбур болушту. Ошентип, кичинекей денелери менен чоңдордун түйшүгүн жана жоопкерчилигин көтөрүүгө аргасыз болушту.
Батыш мамлекеттеринин кош стандарттуу мамилеси ачык көрүнүп калды. Алар көтөргөн «балдар укуктары», «адам укуктары», «согуштарда жана кагылышууларда бейкүнөө адамдарды коргоо» сыяктуу ураандарынын жалгандыгы ашкереленди. Бул ураандар — ачка болгондо жеп коюучу курма бутуна окшош. Ошондой эле алар Ислам өкүмдөрүнө кол салуу, мусулмандардын уул-кыздарын дининен жана өздүгүнөн ажыратуу, алардын арасында бузукулук менен адеп-ахлаксыздыкты жайылтуу үчүн колдонулган курал. Ошондуктан алар өздөрүнө кызмат кылган башкаруучуларга CEDAW конвенциясы жана Балдардын укуктары жөнүндө конвенция сыяктуу эл аралык келишимдерге кол коюуну буйрушат. Ошондой эле мыйзамдарды кабыл алууну жана окуу программаларын ошол келишимдерге ылайык өзгөртүүнү талап кылышат. Мунун баарын каржылоо жана шарттуу жардам алуу менен байланыштырышат. Ал эми мусулман өлкөлөрүндөгү балдарга карата болуп жаткан зулумдук жана кылмыштар жөнүндө сөз болгондо, алар көрүстөндөгүдөй үнсүз байкоочулар болуп калышат, же көпчүлүк учурда ошол кылмыштарга шерик болушат. Газага каршы жүргүзүлгөн геноциддик согуш буга ачык далил.
Балдар жана жалпы адамзат капиталисттик түзүм жана аны менен башкарган колонизатор мамлекеттер шартында коопсуздукка, тынчтыкка жана татыктуу жашоого жетише албагындыгы шексиз чындык. Бул жаатта Эпштейн аралындагы чатактар жана ал жерде балдар менен жашы жете электерге каршы жасалган жийиркеничтүү кылмыштар көп нерсени айтып турат. Демек, бүткүл адамзат үчүн кутулуу Ислам өкүмдөрүн колдонууда гана, тактап айтканда, пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык орногондо гана мүмкүн. Аллахтан анын жакын арада тикеленишин сурайбыз.
Бараа Мунасира




