Жалал-Абадда дагы бир дааватчы жалган айып менен камакка алынды

Жалал-Абадда дагы бир дааватчы жалган айып менен камакка алынды
Улуттук Коопсуздук боюнча Мамлекеттик Комитет 2026-жылдын 7-мартында Жалал-Абад облусунда диний ишмердүүлүгүн шылтоо кылып, Насрулло бир тууганыбызды камакка алды. Ага адатка айланып калган экстремизм беренеси негизинде айып коюлууда.
Комментарий:
Белгилүү болгондой, Кыргызстан бийлиги дааватчыларга, калыс мусулмандарга карата жалаа түрүндө “экстремизм” тамгасын жабыштырып, камакка алууну адатка айлантып барууда. Алар коррупционер эмес, “черный” да эмес… А бирок, коррупционер менен “черныйлар” кустурулгандан кийин эркиндикке чыгышууда. Ал эми, бул дааватчылардын “куса” турган каражаты болбогондуктан адилетсиз түрдө узак убакытка чейин абакка камалууда. Тилекке каршы, Кыргызстанда сүткордук, монополия, кумарпоздук ж.б.у.с. арты үзүлбөгөн арам амалдар гүлдөп өсүшүнө ыңгайлуу шарттар түзүлүп жаткан бир учурда, Исламды үйрөтүү, жаман иштерден кайтарып, жакшы иштерге буйруу сыяктуу важиб амалдар кылмыш эсептелүүдө.
Насруллонун коңшулары, тааныгандар анын коомго эч кандай зыяны тие турган кадамга барбай турганын айтышат. А бирок, алардын көрсөтмөлөрү, оң пикирлери тергөө ишинде да, сот отурумунда да эске алынбайт.
Урматтуу мусулмандар, сиздерге кайрылабыз, ушул жалган доомат менен соттолуп жаткан мусулман бир туугандарыбыздын сотуна барып катышып көрүңүздөр. Же соттолуп жаткандардын туугандары менен сүйлөшүп көрүңүздөр. Ошондо бул дааватчылар кимдер экенин билип, күч түзүмдөрүнүн адилетсиздигине күбө болосуздар.
Андыктан, күч түзүмүндөгү буйрукту аткаруучуларга, аларга буйрук берүүчүлөргө эскертип өтөбүз. Пайгамбарыбыз сыпаттаган рувайбизалардан болуп калбагыла!
Абу Хурайра (р.а)дан риваят кылынат, Расулуллах (с.а.в) айтты:
«سَيَأْتِي عَلَى النَّاسِ سَنَوَاتٌ خَدَّاعَاتُ، يُصَدَّقُ فِيهَا الْكَاذِبُ، وَيُكَذَّبُ فِيهَا الصَّادِقُ، وَيُؤْتَمَنُ فِيهَا الْخَائِنُ، وَيُخَوَّنُ فِيهَا الْأَمِينُ، وَيَنْطِقُ فِيهَا الرُّوَيْبِضَةُ. قِيلَ: وَمَا الرُّوَيْبِضَةُ؟ قَالَ: الرَّجُلُ التَّافِهُ فِي أَمْرِ الْعَامَّةِ»
«Адамдардын үстүнө жалганчы жылдар келет. Ал жылдарда жалганчы чынчылга, чынчыл жалганчыга чыгарылат, саткын – аманаткөй, аманаткөй болсо саткын деп эсептелет, ал жылдары рувайбиза сөз сүйлөйт. Ошондо: Рувайбиза эмне? – деп суралды. Пайгамбарыбыз: Жалпынын иши жөнүндө (сүйлөй турган) ахмак кимсе» деп жооп берди.
Ошондой эле, тозок калкы болгон заалимдерден болуп калуудан этият болгула! Расулуллах (с.а.в) бул жөнүндө мындай дейт:
«صِنْفَانِ مِنْ أَهْلِ النَّارِ لَمْ أَرَهُمَا: قَوْمٌ مَعَهُمْ سِيَاطٌ كَأَذْنَابِ الْبَقَرِ يَضْرِبُونَ بِهَا النَّاسَ.. »
«Тозок калкынын эки түрү бар: ушундай бир коом, аларда уйдун куйруктары сыяктуу камчылар болот, аны менен адамдарды уруп-сабашат…».
Нурдин Асаналиев




