Рамазан айында Индияда мусулман аял мыкаачылык менен өлтүрүлдү

Рамазан айында Индияда мусулман аял мыкаачылык менен өлтүрүлдү
Индияда бир мусулман аял кол салуудан кийин алган жаракаттарынан улам каза болду. Маалымата ылайык, ашынган бутпарастар аны сабап, заара менен арак аралашкан сууну ичүүгө мажбурлоого аракет кылышкан.
Рошан Хатун аттуу мусулман аял 28-февралда Бихар штатында болгон жер талашын чечүү үчүн айыл башчысына барганда адамдардын кол салуусуна кабылган. Ал алган оор жаракаттарынан улам эртеси күнү ооруканада каза болгон.
Жергиликтүү маалымат каражаттары билдиргендей, Рошан Хатунду мамыга байлап алып мазактап сабашкан. Ал орозо кармап жүргөндүктөн суусап суу сураган, бирок анын ордуна заара менен арак аралашкан сууну ичүүгө мажбурлашкан.
Комментарий:
Мындай мыкаачылык алгачкы учур эмес, акыркы жылдары мусулмандарга каршы зомбулук абдан күчөп барууда. Индияда коркуу сезими мусулмандардын күнүмдүк жашоосунун ажырагыс бөлүгүнө айланып калды. Мусулман турак-жайлары буздурулуп, полиция рейддерди жүргүзүп, мусулмандарды куугунтуктоо, уруп-сабоо, ал тургай өлтүрүү улам көбөйүп барууда.
«Хиндутва» деп аталган индус улутчулдугун карманган индустардын үстөмдүгүн камсыз кылуу үчүн мамлекеттик аппарат кеңири колдонулууда. Бул өз учурунда жек көрүүнүн жана дискриминациялык аракеттердин күчөшүнө алып келди.
“India Hate Lab” (IHL) изилдөө тобунун маалыматы боюнча, 2023–2025-жылдары Индияда ачык зомбулук чакырыктарынын, мусулмандарга каршы уюшулган кампаниялардын кескин өскөнү байкалган. 2024-жылы өлкөдөгү азчылыктарга каршы жек көрүү учурлары 74 пайызга көбөйгөн, ал эми инциденттердин саны өткөн жылдагы шайлоо учурунда кескин өскөн. Бул жагдай BJP партиясынын идеологиялык амбицияларына түздөн-түз байланыштуу. Өткөн жылы жек көрүү көрүнүштөрүнүн 80 пайызы бийликтеги партия жана анын союздаштары башкарган штаттарда болгон.
Бийликте он жылдан бери турган Бхаратия Жаната партиясынын (BJP) мусулмандарга каршы билдирүүлөрү, ураандары коом ичинде жайылып зомбулуктарга алып келүүдө. Бул абал индус улутчулдук идеологиясын карманган башкарууда турган бул партия үчүн пайдалуу болуп жатат. Себеби, мусулмандарга каршы кампания шайлоодо жеңип чыгып бийликте калууга кызмат кылууда.
Мындай абалдын уланышы мусулман өлкө жетекчилеринин каапырларга малайлыктары себептүү болуп жатканы талашсыз. Тагыраагы, ар-намысыбыз болгон муслима эже-карындаштарыбызды коргой турган калкандын жоктугу. Акыйкатта болсо, аялдын намысы деп Расулуллах ﷺ яхудийлердин Кайнука уруусун – бир муслиманы акаараттап, кийимине асылышканы үчүн – Мадинаи Мунавварадан көчүрүп жиберген. Аялдын намысы үчүн мусулман жетекчилер Халифалык астында согуш алып барышкан жана өлкөлөрдү фатх кылышкан. Мусулман кол башчы Мухаммад ибн Касим залим индус падышасы Ража Дахир тарабынан камакка алынган бир нече муслима аялды куткаруу үчүн аттанып, аларды азат кылган. Амурия шаарында византиялыктар бир муслиманы камакка алып, ага карата жаман мамиледе болгондо халифа Муътасим Биллах аны куткаруу үчүн өтө чоң кошуунду аракетке келтирген.
Ушул себептен улам, Ислам түзүмү кайра тикеленгенде гана аял заты үчүн адилеттик, коргоо жана колдоо жүзөгө чыгат. Анткени, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык аялдардын кызыкчылыгын Ислам буюргандай кабыл алып, динин коргойт, камкордук көрсөтүп, бейпилдик менен камсыздайт жана адилеттик орнотот.
Харун Абдулхак




