Басма сөз
Trending

Келе жаткан Айтыңыздар менен Келе жаткан Халифалыгыңыздар менен

Келе жаткан Айтыңыздар менен

Келе жаткан Халифалыгыңыздар менен

Урматтуу Кыргызстан калкы! Сиздерди кирип келе жаткан Орозо Айт майрамыңыздар менен куттуктайбыз. Бул айтта Аллах сиздерге жакшылыктарын жаадырган болсун.

Бул жылы 17-февралда Рамазан айынын хилалы күзөтүлүп, анын көрүнгөнү шаръий тастыгын тапты жана 18-февраль Орозонун биринчи күнү болуп калды. Эми 18-мартта шавваль айынын хилалы күзөтүлөт, эгер анын көрүнгөнү шаръий тастыгын тапса, 19-март Орозо Айт болот. Эгер ай көрүнбөсө, же көрүнгөнү шаръий тастыкталбаса, анда Рамазан айы отуз күнгө толтурулат жана 20-март Орозо Айт күнү болот.

Орто Азия өлкөлөрүнүн бийликтери быйыл да “обсерваториялык тактыкты” бетке кармап, Орозонун башталышын жана аякташын шаръий өкүмгө амал кылбастан белгилеп коюшту. Чындыгын алганда, мындай белгилөөлөрдүн түбү “обсерваториялык тактыкка” эмес, дүйнөлүк саясатка барып такалат. Анткени, дүйнөнү бийлеп жаткан жана дин душмандары болгон империалисттер мусулмандардын бөлүнүп-жарылууда болушун каалашат. Ошондуктан, алар мусулмандардын бир бүтүн мамлекетин майда мамлекетчелерге бөлүп салышкан. Жана мындай бөлүнүүлөр сакталып турушу үчүн, алар мусулмандар арасына улутчулдук, мекенчилдик, мазхабпарастык ж.б.у.с. “кеселдиктерди” жайышкан. Ушундай колонизаторлук оюндар алкагында, ар кайсы өлкөлөрдө Айттар да ар башка күнгө белгилене турган болуп калган.

Белгилүү болгондой, Батыш империалисттери СССР империясын кулатып, андагы республикаларга жасалма эгемендүүлүк беришкен эле. Бул өлкөлөрдү Россия таасири астынан дагы да көбүрөөк тартып алуу үчүн Батыш империалисттери ар түрдүү ыкмаларды колдонушту. Анын катарында Орто Азия өлкөлөрүн Түркияга “тек” жагынан жакындаштырды жана алар үчүн Россиядан башка дагы бир борборду жаратууга киришишти. Мына ушунун алкагында, бул ыкмадагы иштерге айттарды белгилөө маселеси да келип кошулду.

Орто Азия өлкөлөрү СССРден бөлүнүп чыккан алгачкы учурда баарибир Россиянын үстөмдүгү өтө күчтүү болчу. Ошондуктан, бул өлкөлөрдүн айттары да Россиянын белгилөөсүнө карай белгиленер эле. Кийинчерээк б.а. Түркиянын кирип келүүсү кеңейгенде, регион өлкөлөрүнүн Айттары Түркия деген борборго карай белгилене турган болуп калды. Мисалы, 1991-жылдан 1999-жылга чейин Россия менен Орто Азия өлкөлөрүнүн Орозо айттары бир күнгө туура келип жүрдү. 1999-жылдан тартып, айрым жылдары Россиянын белгилөөсү жогоруда аталган өлкөлөрдүкүнөн 1 күнгө айырмаланган учурлар көбөйдү. Мисалы, 2002, 2005, 2007, 2009-жылдары ушундай болду. (Негизи, ушул жылдары Россия деле, Түркия деле обсерватория эсебине таянышар эле. Бирок, ортодо ушундай айырмачылыктар болгон. Демек, обсерваторияларда так эместик да бар).

2018-жылдан бери болсо Орто Азия муфтияттары Айтты бир күнгө белгилөөгө келишип алышты. Алар өз ара келишүүдө төмөнкү мекемелердин календарларына таянышат.

  1. Presidency of Religious Affairs (Turkey). О.э. Diyanet календары.
  2. Жергиликтүү обсерваториялар: Улугбек атындагы астрономиялык институт – Өзбекстан, Фесенков атындагы астрофизикалык интитут – Казакстан.

Демек мында, ортодон Орусия сүрүп чыгарып коюлганын көрүүгө болот.

Эми Саудия жана Иранда Айттын белгиленишине да токтоло кетели. Бул мамлекеттердин да ар биринин Айтты белгилөө ыкмалары ар башка. Саудия “Айды көз менен көрүү” ыкмасына таянат, бирок, Айдын Саудияда же ага жакын жайда көрүнүшү гана эсепке алынат. Иранда болсо, “Айдын Иранда гана көрүлүшүнө” таянылат. Кыскасы, экөөндө тең Айтты “мекенчилдик” белгилейт.

Ошентип, жогорудан маалым болгондой, Айттын ар башка күндөргө белгилениши империалист каафирлердин колонизаторлук кызыкчылыктарына кызмат кылат.

Бирок, инша Аллах, империалисттердин мусулмандарды “бөлүп салып башкаруу” саясаты аяктап бара жатат. Империалисттер өздөрүнө малай адамдарды мусулман өлкөлөрүнө аким кылып коюшуп, ошолор аркылуу мусулмандарды эзип келишкен эле. Мына бир нече жыл болду, алар өз малайларын өз колдору менен жок кылышууда. Мисалы, дин душмандары болгон Муаммар Каддафи, Саддам Хусайндар өз кожоюндарынын колдорунан өлүп кетишти. Жакында Ирандын бир нече жетекчилери жок кылынды. Негизи, АКШ, (израиль), Иран жетекчилери бир кездерде чогуу, “диний экстремизм жана терроризмге каршы күрөш” беткабы артында, Исламга жана мусулмандарга каршы күрөштөр алып барышкан эле.

Окуялардын ушундайча өнүгүүсү тарыхтан мисалдарды эсибизге салат. Расул с.а.в. Мадинада мамлекет тикелер алдында, ошол кездеги ири державалар Византия жана Персия өз ара күрөштөрү о.э. бийлик талашкан ички чыр-чатактары себептүү алсырап бүткөн эле. Жетекчилери болсо текеберленүүдөн башканы билбей калган. Жана дагы Мадинада Буас согушу болуп, анда Исламга тоскоолдук кыла турган улуу муун өкүлдөрү өлүм табышкан. Жакшылыкты издеген жаштар калып, алар Расул (с.а.в)ды кезиктиришкен жана ал затка (с.а.в.) нусрат беришкен.

Мына азыр да ири державалардын өзгөчө күрөштөрүнө күбө болуудабыз. Ал эми жетекчилеринин текеберлигине Трамптын мисалы эле жетиштүү. Россия-Украина, АКШ-Иран согуштары белгисиздикке карай барууда. Империализмди ишке ашыруунун эң башкы куралы болгон эл аралык уюмдар күн санап күчүн жоготууда. Малай акимдердин жүздөрү болсо болуп көрбөгөндөй ачылууда. Мунун тушунда, Үммөт өз Исламы негизинде биригүүгө умтулууда.

Дүйнөдөгү иштер багыты мына ушундайча өнүгүүдө. Бирок, ушуларга карабастан, малай акимдер дале каафир кожоюндарына кулчулук кылып, Исламга жана мусулмандарга каршылыгын улантышууда. Мурунку эл аралык абалды сактап калгыла деп, кожоюндарына жалбарышууда. Буюрса, алар да жакында кожоюндары тарабынан түкүрүп салынат же мусулмандар тарабынан оодарып ташталат. Аллах аларды кетирип, ордуна динге нусрат берүүчү муунду алып келет.

Ошондуктан, Кыргызстандын мусулман калкы – Үммөттүн бир бөлүгү катары – өз динин үйрөнүүгө жана ага амал кылууга шашылмагы зарыл. Ошондо, дилинде бир аз да болсо калыстыгы бар, хидаятка жүздөнгөн жетекчилер – намаз жана орозолордо алдыңыздарга өткөндөй – Ислам колдонулушуна умтулууда да алдыга өтүшөт. Даъватчылардын алдын тосууларын токтотушат. Ал эми, алардын дили кара, карөзгөй ахмактары Исламдын келе жатканына ичи күйүп, ошол ич күйдүлөрү менен кошо өлүп кетишет.

Мына ушундайча, эй мусулмандар, учурда Халифалык таңы кыйырдан көрүнүп калды. Демек, атып келе жаткан рошид Халифалык таңыңар менен да куттуктайбыз!

Тарыхты дагы бир эстегиле. Мадинада Исламий Мамлекет тикеленген соң, мусулмандар Византия жерлерин, перстердин аксарайларын фатх кылышкан. Эгер диниңерге амал кылсаңар, келечекте силерди да ошондой азиздиктер күтүүдө. Ошондо силер Москвада шыпыргы же күрөк көтөрүп, күнүмдүк тиричилик үчүн кор болуп жүрбөйсүңөр. Азыр алдырып жаткан акыңарды ошондо олжо кылып кайтарып аласыңар. Силерди “черный” деп кемсинткен адамдар ошондо өздөрү доңуз-чочколордун туугандары экендигин билип алышат. Ошондо силер Шыбыр (Сибирь), Кызыл-Жар (Красноярск), Энесай (Енисей) жергелерин кайтарып аласыңар. Алар ата-бабаларыңардын жери болгону үчүн эмес, балким, ал жерлерде башкыр, татар мусулмандары сыяктуу бурадарларыңарды колонизаторлуктан азат кылуу үчүн о.э. алтайлык боордошторуңарды динге киргизүү үчүн фатх кыласыңар. Мүмкүн, уйгур бурадарларды кытай мушриктерден азат кылуу үчүн да аттанарсыңар… Мүмкүн, араңардан Римди фатх кылуучу жакшы колбашчы чыгар, ыхтымал, ошол колбашчынын жакшы кошууну сабында болорсуңар…

Эй мусулмандар, Аллах бизди бул Айтта нусраттары менен сыйласын, келерки жылдын Айтын Халифалык саясында майрамдоону насип этсин.

 Аллах Таала айтат:

‰tãur} ª!$# tûïÏ%©!$# (#qãZtB#uä óOä3ZÏB (#qè=ÏJtãur ÏM»ysÎ=»¢Á9$# óOßg¨ZxÿÎ=øÜtGó¡uŠs9 ’Îû ÇÚö‘F{$# $yJŸ2 y#n=÷‚tGó™$# šúïÏ%©!$# `ÏB öNÎgÎ=ö6s% £`uZÅj3uKã‹s9ur öNçlm; ãNåks]ƒÏŠ ”Ï%©!$# 4Ó|Ós?ö‘$# öNçlm; Nåk¨]s9Ïd‰t7ãŠs9ur .`ÏiB ω÷èt/ öNÎgÏùöqyz {$YZøBr&

– «Аллах силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылган заттарга, кудум мурунку өткөн (ыймандуу) заттарды халифа кылгандай, аларды да жер жүзүндө халифа кылууну убада кылды жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин үстөм кылууну о.э. аларды көргөн кооп-коркунучтарынан кийин бейпилдикке бөлөп коюуну убада кылды»         [24:55]

Аллах Азза ва Жалла мындай дейт:

3“t÷zé&ur} $uhtRq™7ÏtéB ( ׎óÇtR z`ÏiB «!$# Óx÷Gsùur Ò=ƒÌs% 3 ΎÅe³o0ur {tûüÏZÏB÷sßJø9$#

«Жана силер жакшы көрө турган  башка нерсе да бар, Аллах тарабынан болгон нусрат жана жакынкы фатх, момундарга (мына ушул) кушкабарды жеткиргин!»                                                                                                       [61:13]

Дагы айтат:

﴿وَيَوْمَئِذٍ يَفْرَحُ الْمُؤْمِنُونَ * بِنَصْرِ اللَّهِ يَنصُرُ مَن يَشَاء وَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ﴾

«Ошол күндө момундар Аллахтын нусраты себептүү шаттанышат, (Аллах) каалаган кишисине нусрат берет жана Ал кудуреттүү, ырайымдуу»                                                                                                                             [30:4-5]

Пайгамбар (с.а.в) айтты:

ثُمَّ تَكُونُ خِلاَفَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ

…Кийин пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот…

«Абдуллах ибн Амр ибн Аас айтат: «Биз Расулуллах (с.а.в.)дын алдында жазып олтурган элек, андан: «Кайсы шаар биринчи фатх кылынат, Кустонтиниябы же Румбу?» – деп суралды Ал зат (с.а.в.):

«مَدِينَةُ هِرَقْلَ تُفْتَحُ أَوَّلاً، يَعْنِي قُسْطَنْطِينِيَّةَ»

«Хираклдын шаары биринчи фатх кылынат т.а. Кустонтиния», – деди». Кустонтиния – бул Константинополь. Башарат кылынгандай эле, Константинополду Мухаммад Фатих кошууну менен фатх кылды.

Келечекте Рим рошид Халифалык саясындагы жакшы колбашчы жана жакшы кошуун тарабынан фатх кылынат, инша Аллах.

Хизб-ут-Тахрир – Кыргызстан

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button