Американын Иранга чабуулу жана анын артындагы жашыруун геостратегиялык саясат!

Американын Иранга чабуулу жана анын артындагы жашыруун геостратегиялык саясат!
Американын Иранга кол салуусу, башкача айтканда режимдин башчысы Хаменеини жана жетекчиликтин негизги өзөгүн түзгөн аскердик жана коопсуздук жетекчилерин бутага алуусу, Американын Иран маселесине карата мамилесинде стратегиялык бурулуш болду. Трамп чабуулдун алдында Truth Social платформасында жарыялаган кыска билдирүүсүндө чабуулдун төрт максатын белгиледи:
Ирандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербөө, анын ракеталык арсеналын жана өндүрүш жайларын жок кылуу, аймактагы прокси күчтөрүн алсыратуу жана деңиз мүмкүнчүлүктөрүн жок кылуу.
Бирок бул аскердик максаттар менен катар ал кеңири саясий максатты да белгиледи. Ал – америкалык санкциялар күчөткөн экономикалык оор абалдан улам жаралган элдик нааразычылыкты пайдаланып, режимди ички жактан өзгөртүүгө түрткү берүү. Чабуул башталгандан бир нече саат өтпөй Трамп ирандыктарды өз өлкөлөрүндө бийликти колго алуу үчүн «бир нече муундарда кайталанбашы мүмкүн болгон мүмкүнчүлүктү» пайдаланууга чакырды. Бул болсо мындай деңгээлдеги чабуулдун максаты режимди ыдыратуу экенин, андан кийин Ирандагы абалды же жаңы шарттарга ылайык кайрадан түзүлгөн режим аркылуу, же кул режимди алып келүү аркылуу башкарууну көздөгөнүн көрсөтөт.
Американын Иран режими менен болгон мамилесиндеги бул стратегиялык бурулуш анын гегемониясына, эл аралык системасына, ал тургай жалпы батыш түзүмүнө коркунуч туудурган жаңы стратегиялык жана геостратегиялык өзгөрүүлөрдөн улам пайда болду.
Алардын башында өсүп жаткан исламий абал жана анын күч алып жаткан цивилизациялык долбоору турат. «Араб жазы» көтөрүлүштөрү жана Шамдагы исламий революция исламий абалдын стратегиялык бурулушунда жана мусулман элдеринин батыш системасына (саясат, цивилизация жана сакофатта) каршы цивилизациялык көтөрүлүшүндө бурулуш учур болду. Бул исламий цивилизациялык чакырык Батышты жана анын башкы мамлекети болгон Американы исламий абалга каршы стратегияларды кайра карап чыгып, аны токтотуу жана ага каршы туруу үчүн жаңы саясаттарды иштеп чыгууга мажбур кылды.
Бул саясаттар бир нече формада көрүндү. Алардын бири катуу күч жана жапайы аскердик мүмкүнчүлүгүн колдонуу аркылуу шок жана шал абалын жаратуу болду. Бирок бул аракеттер Афганистан менен Иракта чоң ийгиликсиздикке учурады. Андан кийин «терроризмге жана экстремизмге каршы күрөш» деген ат менен коопсуздук басымы күчөтүлдү. Кийин «пикирий согуш» жарыяланып, RAND сунуш кылган модернисттик демократиялык «ислам», «ибрахимий дин» сыяктуу долбоорлор аркылуу исламды бурмалоо жана аны өзүнүн мабдаий күчүнөн ажыратуу үчүн айласыз аракеттер жасалды. Бирок бул аракеттер да ислам фикратынын күчүнө жана анын бардык жасалма пикирлерди жеңип чыгышына туш келди.
Андан соң аймактын картасын кайра чийүү жана режимдерди кайра түзүү стратегиясы алдыга чыкты. Бул пикир ачыкка чыгып, 2006-жылы Кондолиза Райстын сөзүндө «Жаңы Жакынкы Чыгыш» тууралуу сөз жүрө баштады. Негизи аймактын географиясын кайра түзүү колонизатор стратегияларынын узак мөөнөттүү бөлүгү болуп келген. Бирок бул аракеттер да «араб жазы» көтөрүлүштөрүнө жана Шамдагы берекелүү революцияга туш келип, Батыш Халифалыкты кулаткандан кийин түзгөн функционалдык режимдер системасынын ийгиликсиз экенин көрсөттү.
Исламий абалдын күчөшү жана бул функционалдык системанын аны менен күрөшүүдөгү алсыздыгы Американы аймакка түз колониялык кийлигишүү саясатын кайра жандандырууга мажбур кылды. Бул – карталарды кайра чийүү жана режимдерди кайра түзүү аркылуу ишке ашырылууда. Максат Ирак жана Сирия моделин бүт аймакка жайылтуу: америкалык элчиликтер аркылуу башкарылган режимдер, элчи жана атайын өкүл деген аталыштагы америкалык башкаруучу, кургакта, деңизде жана абада жайгашкан стратегиялык базалар аркылуу күчтүү аскердик үстөмдүк, аймак деңиздерин көзөмөлдөө жана маанилүү деңиз жолдорун толук башкаруу.
Муну менен катар энергия жана минерал сыяктуу стратегиялык тармактарда америкалык капитализмдин экономикалык үстөмдүгү орнотулат. Башкача айтканда, максат исламды жана анын цивилизациялык долбоорун токтотуу үчүн кресттүүлөр жортуулуна окшогон жаңы колониялык абалды кайра жаратуу, ошондой эле капиталисттик системанын кыйратуучу жана туруктуу экономикалык кризисинен пайда болгон «кара тешикти» толтуруу үчүн катуу колониялык талап-тоноону жүргүзүү. Ошондой эле аймакты Кытайга каршы америкалык стратегиялык базага айлантуу көздөлөт.
Американын бүгүнкү максаты толук колониялар жана буйрук берилсе дароо аткарган кул сымал агент режимдерди орнотуу. Бүгүн Америка Трамптын тушунда Иран маселесине да ушул көз караштан мамиле кылууда. Максат Иран режимин кайра түзүп, аны америкалык колониялык талаптарына жана америкалык гегемония туш болуп жаткан оор геостратегиялык кырдаалга ылайык келтирүү. Америка бул тартипти аймакка ачык жана жапайы катуу күч аркылуу таңуулоого аракет кылууда.
Белгилүү болгондой, иран режими өткөн кылымдын жетимишинчи жылдарынын аягында пайда болуп, ошол кезде Советтер Союзунун абалына каршы туруу үчүн Америкага керек болгон геостратегиялык муктаждыкты канааттандырган. Кийинчерээк ал аймакта өз таасирин кеңейтип, Америкага кызмат көрсөтүп келди (мисалы, Афганистан менен Иракты басып алууда). Бирок бүгүн исламий абалдын стратегиялык жактан өнүгүшү, ислам цивилизациялык долбоору жана анын мабдаий көтөрүүчүлөрү алып келген чоң чакырык, ошондой эле америкалык гегемония туш болгон оор геостратегиялык кырдаал себептүү, Америка үчүн иран режими боюнча күн тартибинде турган маселе аны жаңы этаптын талаптарына ылайык кайра түзүү болуп калды. Башкача айтканда, толук бойдон Америкага көз каранды, «тиши-тырмагы» алынган, батыш цивилизациясынын стратегиялык негизи болгон яхудий түзүмү менен мамилени нормалдаштырууга даяр режимге айландыруу. Мындан тышкары, мындай өзгөртүлгөн режимди Американын Кытайга каршы стратегиясында пайдалануу да көздөлүүдө.
Дал ушул жерде геостратегиялык саясаттын жашыруун тарабы көрүнөт. Ал – исламий абалдан кийинки эле Американын Иранга чабуул жасоосунун эң маанилүү себептеринин бири жана Кытайга каршы жүрүп жаткан «кансыз согуштун» бир бөлүгү болуп саналат.
Акыркы он жылдыкта Кытай менен Иран ортосундагы мамилелердин күмөн жараткан ылдам өнүгүшү америкалык гегемонияга каршы олуттуу геостратегиялык коркунуч жаратты. 2016-жылы түзүлгөн Кытай менен Ирандын кеңири стратегиялык өнөктөштүгү, андан соң 2021-жылдын март айында 25 жылдык узак мөөнөттүү келишим менен бекемделип, энергия, инфраструктура, технология, коопсуздук жана аскердик кызматташуу тармактарында кызматташууну күчөтүүгө багытталган геосаясий жана экономикалык союзду түздү. Бул келишимдин олуттуулугун анын узак мөөнөтү жана Кытайдын болжол менен 400 миллиард долларга бааланган инвестициялары айкын көрсөтөт.
Бул келишим Кытайга Жакынкы Чыгышта стратегиялык жана геостратегиялык таяныч пунктун берип, «Бир алкак – бир жол» демилгесинин алкагында кургактык жолу үчүн маанилүү өткөөл түздү. Ошондой эле Иран Кытай үчүн Азияны Европа менен байланыштыруудагы стратегиялык түйүндү чечүүнүн жолу болуп калды жана Америка көзөмөлдөгөн жолдорду айланып өтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул болсо Кытай соода жолдорунун коопсуздугун күчөтүп, америкалык көзөмөлгө сезимтал деңиз жолдоруна болгон көз карандылыгын азайтат. Натыйжада бул абал Кытайдын позициясын бекемдеп, америкалык гегемонияны алсыратат.
Бул келишим ошондой эле Кытайга энергия булагын өтө арзан баада алууга мүмкүнчүлүк берди. Себеби Ирандын энергетика тармагына карата киргизилген америкалык-батыш санкциялары анын мунайын арзандаткан. Кытай бүгүн Иран мунайынын эң ири импорттоочусу болуп эсептелет. 2025-жылы Кытай Иран мунайынын 80%дан ашыгын сатып алган. Иран мунайы Кытайдын жалпы мунай импортунун 14%ын түзөт, бул Иран мунайына болгон көз карандылыктын жогорку деңгээлин көрсөтөт.
Мындан тышкары, Иран Ормуз кысыгын көзөмөлдөйт. Бул болсо Кытай үчүн энергия агымынын коопсуз жана үзгүлтүксүз жетишине кошумча кепилдик берет. Анткени Кытай экономикасы барган сайын энергияга көбүрөөк көз каранды болуп барат.
Ошондой эле бул келишим Иранга батыш-америкалык санкцияларды айланып өтүү үчүн маанилүү экономикалык кан тамыр болуп калды. Келишим Иранга мунай соодасын эсептешүүдө кытай валютасы болгон юанды колдонууга мүмкүндүк берди. Бул өз кезегинде АКШ долларынын үстөмдүгүн алсыратууга жана америкалык петродоллар саясатына сокку урууга да салым кошот.
Америка бул өнөктөштүктү стратегиялык коркунуч катары түшүндү. Ал муну иран режими акырындык менен чыгышка бурулуп, америкалык дүйнөлүк тартипке каршы турган лагер менен жакындашып жатат деген белги катары кабыл алды. Эгер мындай багыт иран режиминин катуу өзөгү ичиндеги тар чөйрөнүн таасири менен күчөй берсе жана саясаттар ийгиликтүү ишке ашса, анда режим толугу менен Кытай тарапка бурулушу мүмкүн деп бааланды.
Мына ушундай америкалык гегемония үчүн стратегиялык коркунуч жараткан оор геостратегиялык кырдаал Иран режимин Америка үчүн стратегиялык маселеге жана өтө курч абалга айлантты. Бул болсо Трамптын бул маселени тез арада колго алуу каалоосун түшүндүрөт. Ошондой эле бул «Жаңы Жакынкы Чыгыш» долбоорунун теоретиги болгон Кандолиза Райс Трамптын Иранга чабуулуна эмне үчүн ачык колдоо көрсөткөнүн да түшүндүрөт.
Райс Трампты «Иран менен маселени акыркы жолу чечүүгө» чакырган. Башкача айтканда, иран режими азыркы формасында толугу менен жоюлуп, иран маселеси жабылышы керек дегенди билдирген.
Ошондуктан Трамптын Америкасы Иранга жасаган жапайы чабуулу аркылуу Кытайдын жолун тосууга, анын алдында турган ирандык терезени жабууга жана Кытай үчүн арзан мунайдын негизги булагын кесүүгө аракет кылды (ал буга чейин Венесуэла мунайынын жолун да жапкан). Эгер мындай камсыздоо үзгүлтүккө учураса, бул Кытай өнөр жайына, айрыкча туруктуу, үзгүлтүксүз жана ишенимдүү энергия булактарына муктаж болгон кытай аскердик өнөр жайына олуттуу коркунуч туудурмак.
Мунун соңку максаты Кытай менен Иран ортосундагы өнөктөштүктү бузуу. Ошондуктан иран режиминин башчысы Хаменеини бутага алуу аркылуу режимди катуу солкулдатуу, андан соң аны ыдыратып, Американын геостратегиялык кызыкчылыктарына ылайык кайра түзүү көздөлдү. Ирандагы бул окуя Венесуэла сценарийин кайталоо аракетине окшойт: толук бойдон Америкага кызмат кылган агент өкмөттү орнотуп, Ирандын мунай жана газ кендерине жетүүнү камсыз кылуу, стратегиялык Ормуз кысыгын көзөмөлдөөнү жеңилдетүү жана ислам цивилизациялык долбооруна каршы америкалык колониялык саясат үчүн алдыңкы база түзүү.
Демек, Американын Иранга чабуулунун кесепеттери Перс булуңу жана Жакынкы Чыгыш менен гана чектелбейт. Ал Американын Кытайга каршы жүргүзүп жаткан «кансыз согушунун» бир бөлүгү болуп саналат. Андан да кеңири мааниде бул ислам цивилизациялык долбооруна жана анын батыш системасына каршы коюп жаткан олуттуу чакырыгына каршы аракет болуп эсептелет.
Бирок Трамптын бул иштери ийгиликсиз болду. Чабуул аркылуу иран режимин солкулдатып, анын түзүмүндө башаламандык жаратып, андан соң аны ыдыратуу жана кайра түзүү максаты ишке ашкан жок. Режим соккуну сиңирип алды. Ошентип, Венесуэла сценарийин Иранда кайталоо аракети ийгиликсиз болуп, мында аймактагы башкаруучулардын кыянатчылыгына карабастан, аймактагы татаал ислам дүйнөсүнүн шарттарына карата Американын стратегиялык алсыздыгын ачык көрсөттү.
Ошентсе да иран режими функционалдык режим бойдон калууда. Ал батыш тарапка бурулса Америкага, же чыгышка бурулса Кытайга кызмат кылышы мүмкүн. Бирок ал эч качан исламга жана анын үммөтүнө кызмат кылбайт. Иран режими алсыз таасир үчүн соодалашып, колонизаторлорго кызмат көрсөтүү менен өз ордун сактап калууга аракет кылууда.
Демек, ислам үммөтү үчүн негизги көйгөй дагы эле чечилбей турат жана барган сайын курчуп барууда. Ал бир кылымдан ашуун убакыттан бери башынан өткөрүп келе жаткан геосаясий жана геостратегиялык мамлекеттин жоктугу маселеси. Бул үммөт тарыхындагы өтө узак жана оор мезгил болду. Ошондуктан бул аймак Батыш колонизаторлору, кресттүүлөр жортуулу, ошондой эле яхудий түзүмү, орустар, индустар, Кытай жана Бирма буддисттеринин зулумдук кылуучу талаасына айланды. Мунун баары бүгүнкү колония режимдердин кыянатчылыгы жана шериктештиги менен ишке ашууда.
Мусулмандар башынан өткөрүп жаткан бул геосаясий жана геостратегиялык боштугун Исламдын улуу Халифалык мамлекети гана толтура алат. Ал кыянатчы жана уятсыз режимдердин кирин тазалап, каапыр Батыштын үстөмдүгүн токтотот, анын цивилизациясын уятка чыгарат жана андан келип чыккан жашоо тозогун талкалайт. Ошондо үммөт Раббисине баш ийип, Анын шариятын өкүм кылуу менен кайрадан иззатына жетет.
{ مَن كَانَ یُرِیدُ ٱلۡعِزَّةَ فَلِلَّهِ ٱلۡعِزَّةُ جَمِیعًاۚ إِلَیۡهِ یَصۡعَدُ ٱلۡكَلِمُ ٱلطَّیِّبُ وَٱلۡعَمَلُ ٱلصَّـٰلِحُ یَرۡفَعُهُۥۚ وَٱلَّذِینَ یَمۡكُرُونَ ٱلسَّیِّـَٔاتِ لَهُمۡ عَذَابࣱ شَدِیدࣱۖ وَمَكۡرُ أُو۟لَـٰۤىِٕكَ هُوَ یَبُورُ }
«Ким күч-кудуретти каалай турган болсо, анда, бардык күч-кудурет Аллага таандык Пакиза Сөз (тагыраак айтканда, «Лаа-илааха иллаллах, Мухаммадун Расулуллах» келмеси) Ага көтөрүлөт жана жакшы ишти да (Алла Өз даргөйүнө) көтөрөт. Жаман айла-амалдар кыла турган кимселер үчүн болсо катуу азап бар. Жана алардын айлакерликтери да жок болот (бекер кетет)». (Фатыр:10).
Мухаммад Мунажи




