АКШнын «жумшак соккусу»: эмне үчүн Казакстан башкы сионистти кабыл алууда?

АКШнын «жумшак соккусу»: эмне үчүн Казакстан башкы сионистти кабыл алууда?
“Израил” президенти Ицхак Герцогдун Казакстанга жасаган иш сапары, АКШ менен сионисттердин Борбор Азия аймагына болгон кызыкчылыктарын ачыктап, чоң геосаясий кадам катары бааланды. Казакстан бул мамилелерди Токаевдин «көп вектордуу саясаты» катары көрсөтүүдө. Өлкө ЕАЭБ жана ЖККУ аркылуу Орусиянын таасир алкагында калгандай көрүнгөнү менен, ошол эле учурда, ал АКШнын агентин – сионисттердин кылмыштуу башчысын «жумшак кол» катары эч тоскоолдуксуз кабыл алууда. Бул кадам, Казакстандын «Ибрахим келишимдерине» катышуу ниетин бекемдөөдө.
Борбор Азия Орусия үчүн «арткы короо» болуп эсептелет. Бул мамилелер, дал ошол «арткы короого» катуу сокку катары кабыл алынууда. Бул окуя Борбор Азияда да Орусиянын таасири жалгыз жана алмаштыргыс эмес экендигин көрсөтүүдө. Ал эми, Астана Кремлден уруксат сурабай эле байланыштарды диверсификациялоого, суу ресурстары, айыл чарбасы, киберкоопсуздук жана энергетика тармактарына “израил” технологияларын тартууга болорун көрсөтүүгө аракет кылууда. Бирок эң негизги маселе казак бийлиги өз өлкөсүндөгү жана бүткүл дүйнөдөгү мусулмандардын пикирин эсепке албай жаткандыгында. Ал эми бүткүл дүйнөдөгү мусулман коомчулугу үчүн сионисттер, АКШнын адамзатка каршы жасаган жамандыктарынын чыныгы мисалы катары кабыл алынат.
Бул сапар, Кытай үчүн да маанилүү, анткени, Бээжин Казакстанды «Бир алкак, бир жол» долбоорунун негизги транзиттик хабы катары көрөт. Андыктан, “израил” менен кызматташтыкты чыңдоо жана Middle Corridor (Орто коридор) долбоорун өнүктүрүү, иш жүзүндө салттуу орус-кытай каттамдарына альтернативаны түзүү аракети катары бааланат. Логистика жана инфраструктура тармагындагы “израилдин” мүмкүнчүлүктөрү, Астанага Бээжинден ашыкча көз карандылыкты азайтууга көмөктөшөт имиш. Ал эми Иран менен терең мамиледеги Кытайга, Казакстандын “израил” менен мындай жакындашуусу өзүнүн стратегиялык оругунда жүз берип жаткан жагымсыз фактор катары кабыл алынат.
Бул окуяга карата мусулман коомчулугунун оюн өзгөчө белгилей кетүү зарыл. Газадагы кастык менен уланып жаткан кылмыштуу согуштун, ошондой эле Иран менен болгон акыркы чыңалуунун фонунда, бул сапар, мусулман калкынын нааразычылыгын козгоодо. Казакстандык социалдык тармактарда «Палестинага карата саткындык», «сионисттерди кабыл алуу» жана мусулмандардын кайгы-азабына кайдыгер кароо боюнча ачык айыптоолор күч алды. Катардагы мусулмандар эле эмес, имамдар жана казак коомунун жаштары да бул окуяны фитна жана моралдык көйгөй катары кабыл алышты. Ошону менен бирге, Казакстандын өкмөтү мусулмандардын пикири менен эч качан эсептешпегенин түшүнүү керек. Андан сырткары, казак бийлиги мусулмандарды кылмыштуу түрдө куугунтуктоону жана жашоодогу Исламдын бардык мүмкүн болгон көрүнүштөрүн чектөөнү улантууда. Бул жоолукка салынган тыюулардан баштап, динге берилген мусулмандарга берилген узак мөөнөттүү абак жазаларына чейин билинип турат. Казакстандын бийлиги, ар кандай нааразычылык мүнөзүнө ээ болгон активдүүлүктү катуу көзөмөлгө алат. Ошондуктан, элдин нааразычылыгы жада калса жалгыз пикеттер менен да коштолбойт. Эл негизинен өзүнүн оюн, онлайн-мейкиндикте гана билдирүүгө аргазыс бойдон калууда. Ошентсе да, коом Газадагы жана Ирандын айланасындагы кырдаалга кылдат көз салып жатат жана элдин маанайы заматта курчуп кетиши мүмкүн.
Жыйынтыктап айтканда, Герцогдун сапары – бул АКШ жана сионисттерге мүнөздүү болгон прагматикалык жол. Бул өзүнө кастык маанайдагы Иран, Орусия жана Кытай сыяктуу өлкөлөрдүн курчоосунда калган шартта, нейтралдуу, же сионисттик саясатты колдогон өлкөлөр менен иштешүү аракети. Ал эми Казакстан, бир эле учурда бир нече аянтта оюн жүргүзүп, Орусия менен Кытайдан болгон көз карандылыкты басаңдатууга жана Батыш менен Жакынкы Чыгыштан кошумча мүмкүнчүлүктөрдү алууга үмүттөнүүдө. “Израил” үчүн бул ойлонулбаган кадам. Мындай кадам аркылуу ал жада калса, стратегиялык эмес өлкөлөр тарабынан, кандай гана колдоо болбосун ага муктаж экенин көрсөтүүдө. Дал ушундай чаралар аркылуу “израил” изоляцияда калып кетпөөгө үмүттөнүүдө. Ал эми Москва менен Бээжин үчүн бул алардын салттуу таасир аймагында бара-бара атаандаштык жана азырак моюн сунуу күч алып жатканын кабарлоодо.
Хужжат Жамиа




