Акыйкатты айткандар азыр да камалууда

Акыйкатты айткандар азыр да камалууда
Салык кызматы “Кыргызнефтегаздагы” коррупциялык схемалар тууралуу иликтөө жарыялап, аны УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиевге жана анын туугандарына байланыштырды. Салык мекемеси ортомчу компаниялар аркылуу жүргүзүлгөн операциялардан мамлекет 3 млрд сомдон ашык зыян тартканын билдирүүдө.
Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, буга чейин “Кыргызнефтегаз” толугу менен УКМКнын көзөмөлүндө болгон. Башкача айтканда, салык органдарынын текшерүү процесстери УКМКнын көзөмөлүндө болгон. Ошондуктан ал кезде “Кыргызнефтегазды” текшерүү мүмкүн эмес болчу.
Комментарий:
Шыкмамтов ачык айткандай, Ташиев бийликте турган кезде бир катар мыйзамсыз аракеттер жүз бергенине карабай, расмий органдар чара көрүүгө батына алган эмес. А түгүл, бийликтин калктын кызыкчылыгына каршы кабыл алган мыйзамдарын сындаган дааватчылар камакка алынып, тергөө абактарында түрдүү кыйноолорго туш болушкан. Маселен, дин тууралуу мыйзамга каршы чыкканы үчүн Жалал-Абад облусунда ондогон мусулмандар токко тарттыруу, уруп-сабоо, үй-бүлөсүн камакка алуу менен коркутуу сыяктуу зулумдуктарга туш болушту.
Өкүнүчтүүсү, акыйкатты айткандарга карата куугунтук учурдагы бийликтин тушунда да уланып жатат. Мезгил-мезгили менен эксремизм беренеси аркылуу жасалма айыптар тагылып, а түгүл бул зулумдук аялдарды камоого чейин жетип барууда.
Демек, маселенин чечими кайсы бир жеке адамдын кылмыштуу аракеттерин ачыктоо менен гана чечилип калбайт. Балким, ар бир кылмышкер мыйзам алдында жоопко тартылып, калкка карата зулумдукту токтотуу менен болот. Ал эми, түпкү чечим бүгүнкү пайдага негизделген капиталисттик башкаруу системасын калкка адилеттикти, бакубат жашоону тартуулай турган Ислам менен башкарууга өткөрүүдө.
Нурдин Асаналиев




