Кабар

Айтыбыз мубарак болсун!

Айтыбыз мубарак болсун!

18-марттан 19-мартка өткөн түнү шаввал айынын хилалын күзөтүүнүн жыйынтыгында, бир катар өлкөлөрдө айдын жаңыруусу шаръий тастыкталды. Мындан улам, 18-март Рамазан айынын акыркы күнү жана 19-март Орозо айт болуп эсептелет.

Бухарий өзүнүн сахихинде Мухаммад ибн Зияд аркылуу ушул хадисти келтирди. Мухаммад ибн Зияд айтат: «Мен Абу Хурайра (р.а)нун мындай дегенин уккам: Набий (с.а.в) айтты:

«صُومُوا لِرُؤْيَتِهِ وَأَفْطِرُوا لِرُؤْيَتِهِ فَإِنْ غُبِّيَ عَلَيْكُمْ فَأَكْمِلُوا عِدَّةَ شَعْبَانَ ثَلاَثِينَ»

«Айды көрүп орозону баштагыла, айды көрүп орозону бүтүргүлө. Эгер, асман булуттуу болсо, шаъбан айынын санагын толук отуз күн кылгыла».

Мындан улам бүткүл дүйнөдөгү мусулмандарды, анын ичинде кыргызстандыктарды жана Бурана сайтынын окурмандарын Орозо Айт майрамыбыз менен куттуктайбыз. Аллахым, туткан орозо-ибадаттарыбызды кабыл кылсын! Учурдагы тарыхый өзгөрүү алдындагы үммөткө нусратын жакын кылсын! Бул жолдо мээнет кылып жаткан дааватчылардын кадамдарын бекем кылып, Кыяматта Пайгамбарыбыз (с.а.в) менен бирге болууну насип кылсын!

Бурана

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button