Австрия кыздарга хижаб кийүүгө тыюу салат

Австрия кыздарга хижаб кийүүгө тыюу салат
2026-жылдын 1-сентябрынан тарта Австрияда 14 жашка чейинки кыздардын мектептерде хижаб кийүүсүнө тыюу салуу күчүнө кириши күтүлүүдө. Жаңы эрежелер мамлекеттик мектептерге да, жеке менчик билим берүү мекемелерине да тиешелүү болот. Бул чара өлкө боюнча болжол менен 12 миң окуучуга таасирин тийгизерин күтүлүүдө. Жаңы мыйзам коомдо талаш-тартыштарды жаратып, мектептерде мүмкүн болуучу чыр-чатактар боюнча кооптонууларды күчөтүүдө.
Эгер окуучу кыз мектепке хижаб кийип келсе, алгач мектептин өкүлдөрү кыз жана анын ата-энеси менен сүйлөшүү жүргүзүшү керек. Эгер мыйзам бузуу улана берсе, үй-бүлөгө 150дөн 800 еврого чейин айып пул салынышы мүмкүн. Айып пул төлөнбөгөн учурда эки жумага чейин эркинен ажыратуу каралышы мүмкүн.
Бул жагдай Австрия бийлигинин позициясындагы карама-каршылыкты көрсөтүүдө. Себеби, демократия жана эркиндик балдарды коргоону гана эмес, адамдын жеке тандоосун, диний ишенимин жана коомдогу ар түрдүүлүктү урматтоону да талап кылат. Мамлекет белгилүү бир диний кийимге тыюу салып, аны сактабаган үй-бүлөлөргө айып пул салуусу Батышта жарыяланган эркиндик жана толеранттуулук баалуулуктарына канчалык туура келет?!
Ошентип, жаңы тыюу жөн гана мектеп формасына байланышкан маселе эмес. Ал балдарды жаштайынан светтик жашоо образына тарбиялоону максат кылат. Бул Батыш цивилизациясы менен Исламдын ортосундагы цивилизациялык күрөштө Ислам үстөмдүккө ээ экендигинин бир көрүнүшү. Анткени, мусулмандар Батыштын баалуулуктарын четке кагып, Исламды бекем кармоону улантышууда. Батыш өз идеологиясын аларга кабыл алдыра алган жок. Ошондуктан, Батыш сөз, ишеним эркиндиги, демократия жөнүндө канчалык сайрабасын, өзүнүн баалуулуктарына каршы чыгып, диктатордук ыкмаларды колдонууга өтүп жатат.




