Басма сөз

Шаввал айынын хилалы шарий тастыкталганына байланыштуу бүткүл мусулмандарды Орозо айты менен куттуктайбыз

Шаввал айынын хилалы шарий тастыкталганына байланыштуу бүткүл мусулмандарды Орозо айты менен куттуктайбыз

Бүгүн хижрий 1447-жылдын шаршембиден бейшенбиге караган түнү, миладий 18-марттан 19-мартка өткөн түнү шаввал айынын хилалын күзөтүүнүн жыйынтыгында, бир катар өлкөлөрдө айдын жаңыруусу шаръий тастыкталды. Мындан улам, бейшенби 19-март Орозо айт күнү болуп эсептелет.

Бухарий өзүнүн «Сахих» китебинде Мухаммад ибн Зияд аркылуу ушул хадисти риваят кылат: “Мен Абу Хурайра (розияллаху анху)нун мындай дегенин уктум. Набий ﷺ айтты:

«صُومُوا لِرُؤْيَتِهِ وَأَفْطِرُوا لِرُؤْيَتِهِ فَإِنْ غُبِّيَ عَلَيْكُمْ فَأَكْمِلُوا عِدَّةَ شَعْبَانَ ثَلاَثِينَ»

«Айды көрүп орозону баштагыла, айды көрүп орозону бүтүргүлө. Эгер асман булуттуу болсо, шаъбан айын толук отуз күн кылгыла».

Мындан улам Кыргызстандагы “Хизб ут-Тахрир” исламий саясий партиясынын маалымат бөлүмү бүткүл дүйнөдөгү, анын ичинде Кыргызстандагы момун-мусулмандарды мубарек орозо айты менен куттуктайбыз.

Быйылкы Рамазан Ислам жерлери каапырлар тарабынан бомбаланып, Америка президенти Трамптын текеберлиги өзүнө каршы иштеген учурга туш келди. Айрыкча, Европа мамлекеттеринин анын согуштук аракеттерине кошулбай, бейтарап позицияны кармануусу, аны дагы да туңгуюкка кептеп жатат. Бул болсо үммөттө, жалпы эле эл аралык коомчулукту дагы бир силкинтүүчү окуяга айланып жатканынан кабар берет. Дүйнөдө болуп жаткан бул окуялар жакынкы убакытта чоң өзгөрүүлөр болушунан кабар берүүдө. Мындан ары дүйнө тынчтык же жарым-жартылай тынч абалда болушу кыйын, тескерисинче, эл аралык коомчулук утур пайда болгон жаңылыктардын ыргагында кайнап жатат. Ошондой эле, куфр державалары өздөрү менен алек болуп, кызыкчылыктары кагылышууда.

Дал ушундай мусулман өлкөлөрүн каптаган коюу караңгылык артында зор үмүт жана жакынкы жеңилдик жашырылып турат. Анткени момундардын баштарына түшкөн сыноолор аларды улам бышырып, күчүн жана бекемдигин арттырган соккуларга айланды. Мунун натыйжасында Аллах Тааланын төмөнкү сөзү ишке ашууда:

﴿وَلِيُمَحِّصَ اللّهُ الَّذِينَ آمَنُواْ وَيَمْحَقَ الْكَافِرِينَ﴾

«Ошондой эле Алла ыйман келтирген заттарды (күнөөлөрүнөн) арылтуу жана каапырларды кыйратуу үчүн (бул күндөрдү адамдардын арасында айландырып турат)». (Али Имран: 141).

Биз Аллахтын нусраты жакын жана ал сөзсүз келишине Аллахтын уруксаты менен терең ишенебиз. Аллах Таала айтты:

﴿أَمْ حَسِبْتُمْ أَن تَدْخُلُواْ الْجَنَّةَ وَلَمَّا يَأْتِكُم مَّثَلُ الَّذِينَ خَلَوْاْ مِن قَبْلِكُم مَّسَّتْهُمُ الْبَأْسَاء وَالضَّرَّاء وَزُلْزِلُواْ حَتَّى يَقُولَ الرَّسُولُ وَالَّذِينَ آمَنُواْ مَعَهُ مَتَى نَصْرُ اللّهِ أَلا إِنَّ نَصْرَ اللّهِ قَرِيبٌ﴾

«(Эй, момундар!) силерден мурунку өткөн заттардын өрнөгү силерге келбей туруп Бейишке кирүүнү ойлодуңарбы? Аларга балээ жана кайгы касыреттер катар-катар келе бергендиктен ыргылжың болуп калышты. Ал тургай, пайгамбар жана ыймандуу кишилер: «Акыры Алланын жардамы качан келет» – дей башташты. (Ошондо аларга) мындай жооп болду: “Билип койгула, албетте Алланын жардамы жакын». (Бакара: 214).

Демек, бүгүн мусулмандар тартып алынган бийлигин кайтарып ала турган, азиздик дооруна кайта турган учур. Ислам Үммөтүнүн эң маанилүү жетекчилеринин бири болгон халифа Умар ибн Хаттаб розияллоху анхунун акыйкат сөздөрүн эске салабыз. Умар розияллоху анху мындай деген: «Биз кордолгон адамдар элек, Аллах бизди Ислам менен азиз кылды. Эгер, биз азиздикти Аллах бизге берген нерседен башка тараптан издесек, Аллах бизди кайра кор кылат».

Ушундай учурда бүткүл адамзатка хидаят жана нур катары берилген Ислам жана аны жашоого колдонуучу Халифалык мамлекетине болгон муктаждык дагы да өсүп жатат. Ал бүгүнкү дүйнө кептелген туңгуюкка натыйжалуу чечимдерди сунуштай алат жана жер жүзүндөгү бардык адамдар үчүн кабыл алына турган цивилизациялык жана укуктук таяныч боло алат.

Аллах Таала айткан:

﴿وَيَوْمَئِذٍ يَفْرَحُ الْمُؤْمِنُونَ * بِنَصْرِ اللَّهِ يَنْصُرُ مَنْ يَشَاءُ وَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ﴾

«Ошол күндө момундар Алла (румдуктарды) жеңишке ээ кылгандыгы себептүү шаттанышат. (Алла) Өзү каалаган кишисин үстөм кылат. Ал кудурет жана ырайым ээси.» (Рум: 4–5).

Хизб ут Тахрирдин Кыргызстандагы маалымат бөлүмү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button