Макала

Үммөт аалымдары – шариятка кайрадан бийликти кайтаруу жана пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө жолундагы күрөштүн жол башчылары

Үммөт аалымдары – шариятка кайрадан бийликти кайтаруу жана пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө жолундагы күрөштүн жол башчылары

Мусулмандар тарыхында күрөш жөн гана аскерлер ортосундагы аскерий кагылышуу менен чектелген эмес. Анын маңызы бийлик үчүн күрөш болгон. Ал шариятка таандыкпы же нафстын каалоолорунабы? Ал вахийге таандыкпы же вадъий (ойлоп табылган) мыйзамдаргабы? Ошондуктан Исламда аалымдардын орду негизги ролдо болуп келген. Алар жөн гана жеке ахлак жөнүндө эскерткен ваиздер (насаат айтуучулар) катары эмес, даъватты көтөрүп чыгуучу катары, турмуш вакыйлыгында шаръий өкүмдү баян кылган. Башкаруучуну Ислам негизинде мухасаба кылган жана Исламды колдонууда кандай кемчилик болбосун ага каршы бекем коргоочу болуп турган адамдар катары чыгышкан.

Ислам – бул акыйда жана мыйзам. Ал эми дин – мамлекеттин негизи. Аны жөн гана ибадаттар чөйрөсү менен чектеп коюу анын вакыйлыгын бурмалоо болуп эсептелет. Анткени Аллах Субханаху адамдардын ортосунда өкүм кылуу үчүн Куранды түшүргөн жана кандай намаз менен зекетти фарз кылган болсо, ошондой эле аны менен өкүм жүргүзүүнү фарз кылган. Ошондуктан аалымдын вазыйпасы жеке фатва берүү менен гана чектелбейт. Ал мындан ары өтүп, башкарууга, экономикага жана тышкы саясатка тиешелүү өкүмдөрдү баян кылууну, ошондой эле башкаруучулар шариятты токтотууга же аны башка нерсе менен алмаштырууга барганда алардын туура эмес иш кылгандыгын ачык көрсөтүүнү да камтыйт.

Монгол-татарлар мусулман жерлерин басып кирген кезде маселе жөн гана аскерий маселе болгон эмес. Тескерисинче, ал саясий жана фикрий маселе болгон. Анткени алар айрым баскычтарда Исламды кабыл алганын жарыялашкан, бирок «яса» деп белгилүү болгон өз мыйзамдары менен өкүм кылышкан. Ошентип, алар Исламга болгон сырткы таандыктык жана ага жат нерсе менен өкүм кылууну бириктиришкен. Мына ушундай шартта Изз бин Абдусаламдын позициясы көрүнүп, амал кылуучу аалымдын орду канчалык маанилүү экенин көрсөткөн. Ал башкаруучу шариятка каршы келгенде ага жагынган эмес. Жалпы насыйкат менен гана чектелбестен, баш ийүү болгону маъруфта гана болот, ал эми башкаруучу Ислам өкүмдөрүнөн тайса, аны түздөө жана мухасаба кылуу важиб болот экендигин ачык билидирген.

Ошондой эле Ибн Таймиянын позициясы да татарларга каршы чыккан кезде ушундай болгон. Ал Исламды талап кылып коюу жетишсиз экенин, эгерде бул толук түрдө шарият менен өкүм кылууга айланбаса, анын пайдасы жок экенин бекем айткан. Ал Аллах түшүргөн шарият менен өкүм кылуу саясий тандоо эмес, шаръий фарз экенин баян кылган. Ал эми аны токтотуу саясий түзүлүштүн табиятын өзгөртүп, аны ислам мамлекети абалынан ал тургай кээ бир диний ураандарды көтөрүп турса да исламдан башка нерсе менен өкүм кылган түзүлүшкө айландырарын айткан. Анын позициясы Исламдагы бийлик түшүнүгүн терең түшүнүүдөн чыккан: кожоюндук шариятка таандык, элге эмес, башкаруучуга да эмес. Ал эми жетекчилик үммөткө таандык болуп, ал өзүнүн атынан Аллахтын өкүмдөрүн колдонгон халифаны дайындайт.

Бул аалымдар чиркөө түшүнүгүндөй «дин кызматкерлери» болгон эмес жана коомдук иштерден бөлүнүп калган да эмес. Тескерисинче, алар үммөттүн бир бөлүгү болуп, мухасаба милдетин аткарышкан. Бул милдет эгер айрымдар аткарса, башкалардан сакыт боло турган фарз кифая болуп эсептелет. Анткени исламда башкаруучу мыйзам чыгаруунун булагы эмес жана өз алдынча мыйзам чыгарууга акысы жок. Ал болгону шаръий өкүмдөрдү тафсилий далилдерден алып табанний кылууга милдеттүү. Эгер ал шариятка каршы келген нерсени табанний кылса же шарият өкүмдөрүнүн бирин токтотсо, анда үммөткө, айрыкча анын алдыңкы сабында турган аалымдарга аны мухасаба кылуу жана Аллахтын өкүмүнө кайтуусун талап кылуу важиб болот.

Ал эми бүгүнкү вакыйлык аалымдардын позициясындагы олуттуу кайдыгерликти көрсөтүүдө. Мусулман өлкөлөрүндөгү учурдагы режимдер расмий диний мекемелерди түзүп, аларды саясий бийликтин эркине баш ийдиришти. Натыйжада көптөгөн муфтийлер кызматкерге айланып, алардын сөздөрүнүн чеги режим белгилеген чек менен чектелип калды. Башкарууда Исламды өкүм кылдыруу важибдиги тууралуу сөз четке сүрүлүп, анын ордуна маселенин түпкү себебине тийбеген жалпы ахлакый чакырыктар коюлду. Бирок маселенин негизи исламдын колдонулбагандыгы жана Батыштын капиталисттик низамына негизделген жасалма режимдердин үстөмдүк кылып турушу.

Бул вакыйлыктагы эң коркунучтуу нерсе динди турмуштан ажыратуу аракетинин бекемделиши. Башкача айтканда, аалымдарга ибадаттар жана ахлак тууралуу сүйлөөгө уруксат берилет, бирок башкаруу, саясат, бийлик жана эл аралык мамилелер сыяктуу маселелерге кирүүгө тыюу салынат. Бул болсо чындыгында саясий турмуштун секулярдашканын (бул термин ачык айтылбаса да) унчукпай моюнга алуу болуп саналат. Ал эми ислам мындай бөлүнүүнү түп тамырынан четке кагат жана саясатты шаръий өкүмдөр менен иштерди башкаруу деп эсептейт.

Ошондуктан чынчыл аалымдардын мойнундагы важиб үммөттү фикрий жактан жетектөөдөгү табигый ролун кайра кайтаруу. Бул башкаруучуларга көз каранды болуу менен эмес, үммөткө жана анын тагдыр чечүүчү маселелерине байлануу менен ишке ашат. Алар Аллах түшүргөн дин менен өкүм кылбаган режимдер түзүлүшүнүн негизинде эле исламга каршы экенин баян кылышы керек. Ошондой эле пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн аракет кылуу важиб экенин түшүндүрүшү зарыл. Бул мамлекет бийликти шариятка таандык кылат, мусулмандарды бир имамдын алдында бириктирет жана башкарууда, экономикада жана коомдук турмушта исламий жашоону кайра баштайт.

Халифалыкты тикелөө жөн гана сезимге таянган ураан эмес. Ал сахабалардын ижмасы менен бекитилген шаръий өкүм. Анткени алар Расулуллах ﷺ  дүйнөдөн өткөндөн кийин, аны жерге коюудан мурда халифа дайындоого шашылышкан. Бул алардын динди орнотуп, өкүмдөрдү ишке ашыра турган имамдын болушу зарыл экенин түшүнгөндүгүн көрсөтөт. Демек, бул түшүнүк аалымдардын сөзүндө дайыма бар болушу керек, ал соодалашууга мүмкүн боло турган тема эмес, тескерисинче шаръий өкүм болуп эсептелет.

Ошондой эле аалымдардын ролу теориялык баян менен гана чектелбейт. Ал түп тамырынан өзгөрүү зарылдыгы тууралуу жалпы аң-сезимди калыптандырууга салым кошууну да камтыйт. Мындан тышкары, улуттук аймактык мамлекет түшүнүгүн «качып кутулгус чындык» катары жайылтып жаткан жаңылыш түшүнүктөрдү ашкерелөөнү да камтыйт. Анткени колонизаторлор чийген чек аралар жана алардын негизинде пайда болгон бөлүнгөн саясий түзүлүштөр исламдан эмес. Тескерисинче, бул күч менен таңууланган вакыйлык болуп, Батыштын кызыкчылыктарын коргогон режимдер аркылуу улантылып келди.

Бир үммөт түшүнүгүн, мусулмандардын бир дене экенин жана негизги асыл нерсе т.а. Аллахтын Китеби менен Анын Элчиси ﷺдын Сүннөтү негизинде байъат берилген бир имамдын болушу экенин кайра жандандыруу аалымдардын негизги вазыйпасынын бири. Анткени Исламда өзгөрүү пикирден башталат жана фикрий күрөш менен саясий күрөшкө таянат. Ал соодалашууга да, Аллах түшүргөн шарият менен өкүм кылбаган режимдерге катышууга да негизделбейт.

Тарых бизге, эгер үммөт өзүнүн фикрий багытын жоготсо, анда ал саясий жактан да адашкандыгын көрсөткөн. Эгер аалымдардын үнү өчсө же алар султанга баш ийип калса, анда режимдер динге каршы тайманбай аракет кылып, башкаруучулар анын өкүмдөрүн токтотууда чектен ашып кетишет. Ал эми аалымдар акыйкатты ачык айтып, адамдарды намаздагыдай эле башкаруудагы ислам өкүмдөрүнө байланыштырып турса, анда алар чыныгы өзгөрүүгө алып баруучу аң-сезимди жаратышат.

Бүгүн үммөт жашап жаткан баскыч аалымдардан исламий жашоону кайра баштоо жолунда иш алып баргандардын алдыңкы сабында болууну талап кылат. Алар жөн гана жол табуунун кесепеттерин жеңилдетүү менен чектелбеши керек. Анткени бузук система ичинде жарым-жартылай «реформа» эмес, тескерисинче, саясий түзүлүштү исламий акыйда негизинде кайра куруп чыга турган түп тамырынан өзгөрүү талап кылынат. Бул болсо исламды толук, кемитилбестен колдонгон жана даъват менен жихад аркылуу аны дүйнөгө жеткирген мамлекетти тикелөөнү билдирет.

Үммөт аалымдары тарыхый жоопкерчиликтин алдында турушат. Алар же пайгамбарлардын чыныгы мураскорлору болуп, ислам рисалатын толук жеткирип, үммөттү Халифалык алдында биригүүгө жетелешет же болбосо тарыхта эң кооптуу бурулуш баскычтарынын бирине күбө болуп туруп, анда баян жана мухасаба милдетин аткарбаган адамдар катары жазылып калышат. Изз бин Абдусалам жана Ибн Таймия сыяктуу аалымдарды чыгарган бул үммөт, Аллахтын уруксаты менен, өз милдетин көтөргөн жаңы аалымдарды да чыгара алат. Алар илимдин ордун кайра көтөрүп, шарияттын бийлигин кайтарып, үммөткө анын биримдигин жана бириктирген саясий түзүлүшүн кайтарышат.

{ وَأَنِ ٱحۡكُم بَیۡنَهُم بِمَاۤ أَنزَلَ ٱللَّهُ وَلَا تَتَّبِعۡ أَهۡوَاۤءَهُمۡ وَٱحۡذَرۡهُمۡ أَن یَفۡتِنُوكَ عَنۢ بَعۡضِ مَاۤ أَنزَلَ ٱللَّهُ إِلَیۡكَۖ}

 «(Эй Мухаммад), алардын арасында Алла түшүргөн нерсе (дин) менен өкүм кылгын, алардын көңүл-кушу каалаган нерселерге ээрчибе жана да Алла сага түшүргөн өкүмдөрдүнайрымдарынан сени буруп фитна-эки анжылыкка салып коюуларынан этият бол!» (Маида: 49).

Махмуд Аль-Лайси

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button