Комментарий

Сауд Арабиясы АКШга Таиф шаарындагы аба базасынан пайдаланууга уруксат берди

Сауд Арабиясы АКШга Таиф шаарындагы аба базасынан пайдаланууга уруксат берди

Сауд Арабиясы Америка куралдуу күчтөрүнө Таиф шаарындагы падыша Фахд атындагы аба базасын кеңири колдонууга макулдук берди. Бул аба базасы бир канча ирет Ирандын ракеталык соккуларына кабылган Ал-Харждагы базага салыштырмалуу стратегиялык жактан жакшыраак корголгон деп эсептелет. Ошондой эле, Сауд Арабиясы АКШ үчүн аба мейкиндигинен учуп өтүү, абада май куюу жана күчтөрдү жайгаштыруу мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кеңейтти.

Бул кадам Эр-Рияддын позициясы олуттуу өзгөрүп бара жатканын көрсөтөт. Иран тарабынан Саудиянын объектилерине жана аскердик базаларга жасалган бир катар соккулардан кийин Сауд Арабиясы барган сайын АКШнын кампаниясын колдоого ыктап барууда. Ошону менен бирге, АКШ Сауд Арабиясынан Иранга каршы түздөн-түз соккуларга катышууну талап кылууда.

Комментарий: бул жаңылык АКШ ката эсеп чыгарып, тагырак айтканда согуш бат эле бүтөт деген эсеп менен Иран согушун баштаганын ачыктап турат. АКШ бул согуш да Венесуэладагыдай тез бүтөт деп божомолдогон. АКШ Ирандын мынчалык каршылык көрсөтөрүн, согуш узакка созулуп кетерин күткөн эмес. Ошондуктан, ал дагы көбүрөөк базаларды колдонууга мажбур болууда. Ал буга чейин эле региондогу Британия базаларын пайдаланууга уруксат суроого аргасыз болгон. Базалардын минтип кеңейиши кошумча чыгымдарды, аскерлерди талап кылат. Бул болсо, өз кезегинде, согушту курчутуп, Америка эли жана саясатчылары арасында нааразылыктарды күчөтөт.

Ошондуктан, туңгуюкка кептелген Трамп кече эле кекетип келген Европа өлкөлөрүнөн жаңжалга аралашууну суранды. Бирок, Европа өлкөлөрү жаңжалга аралашпоону тандоо менен суранычка каршы жооп беришти. Ызааланган Трамп: «Биз эч качан муктаж болбогонбуз! […] Биз эч кимдин жардамына зар эмеспиз!», – деди. Трамп алардын Иран согушуна аралашпай жатканын сынга алып, НАТОдогу союздаштарын «коркоктор» деп атады.

Ошондой эле, Трамп Иран тарабынан тосуп коюлган Ормуз кысыгын ачуу үчүн Кытайдын да аралашуусун суранган. Бул да АКШ ыңгайсыз абалда турганын көрсөтөт. Себеби, АКШ Ирандын союздашы деп эсептелген өлкөдөн жаңжалга аралашууну талап кылууда.

Өз союздаштарынан түңүлгөн Трамп эми минтип араб өлкөлөрүн согушка тукуруп, алардын согушка түздөн-түз катышуусун талап кылууда. АКШга көз каранды араб өлкөлөрү ага аба мейкиндиктерин, базаларын ачып берип, болгон жардамын берип жатышат. Бирок, учурда алар согушка түздөн-түз аралашуудан алыс. Себеби, согушка түз аралашуу үлкөн экономикалык, социалдык жана башка кризистерди пайда кылат. Арийне, бул ири долбоорлордун ишке ашпай калышына, кыйроолорго, жапырт адам өлүмүнө жана элдин нааразылыгына алып келери шексиз.

Кыскасы, Америка дипломатиясынын атасы эсептелеген Генри Киссинжердин «Американын душманы болуу – кооптуу, бирок Американын досу болуу – өлүмгө тете» деген сөзү улам актуалдуу болуп бара жатат.

Харун Абдулхак

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button