Кабар

Иран согушу Украинага колдоо көрсөтүүнү солгундатабы?

Иран согушу Украинага колдоо көрсөтүүнү солгундатабы?

Дональд Трамп администрациясы Европа жана Азиядагы союздаштарына жакынкы айларда Украинага америкалык курал-жарак жеткирүүдө үзгүлтүктөр болушу мүмкүн экенин эскерте баштады. Мунун негизги себеби Иранга каршы жүргүзүлүп жаткан аскердик операцияга артыкчылык берилиши болуп саналат. Бул операциянын жүрүшүндө Patriot системалары үчүн колдонулган PAC-3 ракеталарынын запастары олуттуу түрдө азайып жатат. Ай сайын 60–65 даана ракета өндүрүлөт.

Пентагон Украинага багытталган курал-жарактын бир бөлүгүн Перс булуңундагы операцияларга багыттоо мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Ошондой эле, Европа өлкөлөрү Украина үчүн америкалык курал-жарак өндүрүшүн каржылаган PURL программасы аркылуу курал-жарак жеткирүүлөр да үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Парижде өткөн G7 жыйынында сүйлөп, курал-жаракты кайра бөлүштүрүү боюнча акыркы чечим али кабыл алына электигин, бирок мындай мүмкүнчүлүк жокко чыгарылбаганын билдирди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 26-мартта Patriot системаларынын жеткирилиши токтотулбаганын айтып, АКШ администрациясына ыраазычылык билдирди. Ошол эле учурда, аларды жеткирүүнүн көлөмү жетишсиз экенин моюнга алды.

Өз кезегинде, НАТО башкы катчысы Марк Рютте союздаштарды колдоо улантыларын белгиледи. Бирок, европалык дипломаттар олуттуу тынчсыздануусун билдиришүүдө. Алар ракеталарды жеткирүүнүн ыктымалдуу кечигүүсү Украинанын абадан коргонуу системасын эң маанилүү учурда алсыратышы мүмкүн.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button