Фикхий

Нусрат кимден талап кылынат?!

Нусрат кимден талап кылынат?!

Аммар Самманга

Суроо:

Ассаламу алейкум ва рахматуллахи ва баракатуху. Аллах сизге береке берсин жана кадамыңызды бекем кылсын. Менин суроом, нусратка жетүү үчүн аракет кылуу маселесине байланыштуу: Исламды хазарий долбоор катары сунуштоо мусулман өлкөлөрүндөгү күч ээлерине гана чектелеби? Же болбосо бул нерсе Расулуллах ﷺ  кылгандай, каапыр өлкөлөрдө да жүргүзүлөбү?

Шейхибиз бул суроого фикхий негиз менен жооп берсе жакшы болот эле. Мүмкүн болсо жоопту жалпыга жарыяласаңыздар, анткени бул маселе Расулуллахтын ﷺ манхажын түшүнүүбүзгө байланыштуу. Бир тууганыӊыз Абу Мухаммад Зайд

Жооп:

Ва алейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху.

Мындай суроого мурда бир нече жолу жооп бергенбиз. 2021-жылдын 24-июнундагы жообубуздан сурооңузга тиешелүү бөлүгүн келтирем:

Суроо:

Шейхибиз, уруксат болсо бир суроо бар. Белгилүү болгондой, Пайгамбар ﷺ  уруулардан нусрат талап кылган. Курайш да ошол уруулардан болуп эсептелеби, андан Пайгамбар ﷺ  нусрат талап кылганбы? Аллах сизге эң жакшы жакшылыктарды берсин.

Жооп: Ва алейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху.

Нусрат суралуучу тарап Исламга жооп берип, мусулман болгон тарап болушу керек. Ошондой эле ал күч-кубатка жана коргоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, Исламга нусрат берип, Аллах түшүргөн шариат менен башкарууну орното ала турган болушу керек.

Эгерде бул эки шарт жок болсо, мисалы, Исламга жооп берип, аны кабыл албаса же өзгөртүү жасай ала турган күчкө ээ болбосо (жалгыз өзү же уруусу менен же башкалар менен бирге), анда ал нусрат берүүчүлөрдөн болуп эсептелбейт.

Курайшта фатхтан мурда бул шарттар болгон эмес. Анткени анда күч-кубат ээлери Исламды кабыл алган эмес жана өзгөртүү жасай ала турган абалда болгон эмес. Ошондуктан Пайгамбар ﷺ  алардан нусрат талап кылган эмес.

Тескерисинче, ал ﷺ  Меккеде адамдарды Исламга даъват кылып, натыйжада алсыздар жана айрым күчтүүлөр жеке-жеке мусулман болушкан, бирок өз уруулары менен Исламды кабыл кылышкан эмес. Ошондуктан, Умар ибн аль-Хаттаб жана Хамза ибн Абдул-Мутталиб сыяктуу адамдар өзгөртүү жасай алышкан эмес.

Ошондуктан Меккеде нусрат талап кылынган эмес, анткени эки шарт  табылган эмес. Ал жерде Исламга даъват болгон, бирок күч-кубат ээлеринен, өзгөртүү жасай ала турган тараптан жооп болбогон. Ошондуктан Меккеде нусрат талап кылуу эмес, даъват гана болгон. Акыры ал жер фатх болгон. Ошондуктан Расулуллах ﷺ  өзүн күч-кубат жана коргонуу ээси болгон урууларга сунуш кылып, аларды адегенде Исламга даъват кылып, андан кийин алар мусулман болушса, нусрат талап кылчу… Төмөндө сирада келген мисалдардын айрымдары:

Биринчиден: Ибн Хишам сирасынан:

  1. Сакыфтан нусрат талап кылуу:

: [….قال ابن إسحاق: فحدثني يزيد بن زياد، عن محمد بن كعب القرظي، قال: لما انتهى رسول الله ﷺ إلى الطائف، عمد إلى نفر من ثقيف، هم يومئذ سادة ثقيف وأشرافهم.. فجلس إليهم رسول الله ﷺ، فدعاهم إلى الله، وكلمهم بما جاءهم له من نصرته على الإسلام..]

[…Ибн Исхак айтат: мага Язид бин Зияд, Мухаммад бин Каб аль-Куразийден кабар берди: Расулуллах ﷺ  Таифке жеткенде, Сакыфтин бир тобуна барды. Алар ошол учурда Сакыфтин башчылары жана урматтуулары эле… Расулуллах ﷺ  алардын жанына отуруп, аларды Аллахка даъват кылды жана алар менен Ислам үчүн нусрат берүү жөнүндө сүйлөштү…].

Алардын жообу жаман болду жана алар жооп беришкен жок… Ошондо Расулуллах ﷺ  алардын жанынан туруп кетти жана Сакыфтан жакшылык үмүтүн үздү.

  1. Расулуллах ﷺ өзүн Бану Амирге сунушташы:

[قال ابن إسحاق: وحدثني الزهري أنه أتى بني عامر بن صعصعة، فدعاهم إلى الله عز وجل، وعرض عليهم نفسه.. فقال له رجل منهم: أرأيت إن نحن بايعناك على أمرك، ثم أظهرك الله على من خالفك، أيكون لنا الأمر من بعدك؟ قال: الأمر إلى الله يضعه حيث يشاء، قال: فقال له: أفتهدف نحورنا للعرب دونك، فإذا أظهرك الله كان الأمر لغيرنا لا حاجة لنا بأمرك، فأبوا عليه…]

[Ибн Исхак айтат: аз-Зухрий мага кабар берди: ал Бану Амир бин Сасаага барды, аларды Аллахка даъват кылды жана аларга өзүн сунуш кылды… Алардан бир киши айтты: “Эгер биз сага байъат берип, анан Аллах сени каршылаштарың үстүнөн үстөм кылса, сенден кийин бийлик биздики болобу?” Ал ﷺ  айтты: “Амр (буйрук, иш) Аллахка таандык, Аны каалаган жерине коёт”. Ал киши айтты: “Биз арабдарга каршы моюнубузду тосуп берели, анан Аллах сени үстөм кылса, амр башка бирөөгө калабы? Анда сенин ишиңе муктаж эмеспиз”. Ошентип алар баш тартышты…].

Экинчиден: Тафсир Ибн Касирден:

[قال: ثم انتهينا إلى مجلس عليه السكينة والوقار، وإذا مشايخ لهم أقدار وهيئات، فتقدم أبو بكر فسلم – قال علي: وكان أبو بكر مقدما في كل خير – فقال لهم أبو بكر: ممن القوم؟ قالوا: من بني شيبان بن ثعلبة. فالتفت إلى رسول الله ﷺ فقال: بأبي أنت وأمي ليس بعد هؤلاء من عز في قومهم… فقال مفروق: فإلى ما تدعو يا أخا قريش، ثم التفت إلى رسول الله ﷺ، فجلس وقام أبو بكر يظله بثوبه فقال ﷺ: «أدعوكم إلى شهادة أن لا إله إلا الله وحده لا شريك له وأني رسول الله وأن تؤووني وتنصروني حتى أؤدي عن الله الذي أمرني به، فإن قريشا قد تظاهرت على أمر الله وكذبت رسوله، واستغنت بالباطل عن الحق، والله هو الغني الحميد»…. فقال المثنى: قد سمعت مقالتك واستحسنت قولك يا أخا قريش، وأعجبني ما تكلمت به. والجواب هو جواب هانئ بن قبيصة (إن) تركنا ديننا واتِّباعنا إياك لمجلس جلسته إلينا وإنا إنما نزلنا بين صريين أحدهما اليمامة، والآخر السماوة.
فقال له رسول الله ﷺ: وما هذان الصريان؟
فقال له: أما أحدهما: فطفوف البر وأرض العرب، وأما الآخر: فأرض فارس وأنهار كسرى، وإنما نزلنا على عهد أخذه علينا كسرى أن لا نحدث حدثا، ولا نؤوي محدثا. ولعل هذا الأمر الذي تدعونا إليه مما تكرهه الملوك، فأما ما كان مما يلي بلاد العرب فذنب صاحبه مغفور، وعذره مقبول، وأما ما كان يلي بلاد فارس فذنب صاحبه غير مغفور، وعذره غير مقبول. فإن أردت أن ننصرك ونمنعك مما يلي العرب فعلنا.
فقال رسول الله ﷺ: «ما أسأتم الرد إذ أفصحتم بالصدق إنه لا يقوم بدين الله إلا من حاطه من جميع جوانبه».

[…Андан соң биз бир жыйынга келдик, анда тынчтык жана кадыржамдык бар эле. Ал жерде алардын улуулары жана кадырлуу карыялары бар экен. Абу Бакр алдыга чыгып салам берди. Али айтат: “Абу Бакр ар дайым жакшылыкта алдыда болчу”, анан алардан сурады: “Кайсы элденсиңер?” Алар: “Бану Шайбан бин Салабадан” дешти.

Абу Бакр Расулуллахга ﷺ кайрылып: “Атам-энем сага курман болсун, булардан кийин өз элинде мындан да күчтүүсү жок” деди…

Анда Мафрук айтты: “Эй Курайш бир тууганы, эмнеге чакырасың?”, анан Расулуллахга ﷺ бурулуп отурду, Абу Бакр болсо аны кийими менен көлөкөлөдү. Ал ﷺ  айтты:

«Мен силерди Аллахтан башка кудай жок экенине, Анын шериги жок экенине жана мен Аллахтын элчиси экениме күбөлүк берүүгө чакырам. Жана мени коргоп, мага нусрат беришиңерди сурайм, ошондо мен Аллах мага буйруган нерсени жеткирем. Чындыгында Курайш Аллахтын ишине каршы биригишти, Анын элчисин жалганчы дешти, жана акыйкатты таштап, батылга таянышты. Ал эми Аллах Бай (Ганий) жана Мактоого татыктуу»…

Андан соң ал-Мусанна айтты: “Сенин сөзүңдү уктум, жактырдым, эй Курайш бир тууганы, айтканың мага жакты. Бирок биздин жообубуз Ханий бин Кабиса айткан жоопко окшош: биз өз динибизди таштап, сага ээрчүүбүз бир отурумда чечиле турган иш эмес. Биз эки чектин ортосуна жайгашканбыз: бири Ямама, экинчиси Самава”.

Расулуллах ﷺ  сурады: “Бул кайсы эки чек?” Ал айтты: “Бирөөсү араб жерлери жана чөлдүн четтери, экинчиси Персия жери жана Кисранын дарыялары. Биз Кисра менен жаңы иш баштабоо жана эч кимди коргобоо жөнүндө келишим кылганбыз. Балким сен чакырып жаткан иш падышаларга жакпаган нерседир. Араб тарапка тиешелүү нерседе биз сени коргосок болот, күнөөсү кечирилет, бирок Персия тарапка тиешелүү болсо, анда кечирим жок. Эгер кааласаң, биз сени араб тараптан коргойбуз”.

Ошондо Расулуллах ﷺ  айтты: «Силер жаман жооп берген жоксуңар, анткени чындыкты ачык айттыңар. Чындыгында Аллахтын динин бардык тарабын камтып коргой алган гана адам көтөрө алат». (24/6/2021) аягы.

Үчүнчүдөн: Көрүп турганыңыздай, Расулуллах ﷺ  аларды Исламга жана нусратка чакырчу. Башкача айтканда, нусрат талап кылуудан мурда аларды Исламга даъват кылчу. Эгер алар Исламды кабыл алып, чын ихлас менен нусрат берүүгө жооп кайтарышса жана өз өлкөсүндө Ислам өкүмүн орното ала турган күчкө ээ болушса, ошондо алардан нусрат талап кылчу. Ал эми эгер алар Пайгамбардан ﷺ кийин бийлик өзүбүзгө өтсүн деп шарт коюшса же кээ бир элдер менен гана согушабыз, башкалары менен согуша албайбыз дешсе, анда алардын сунушу кабыл алынчу эмес.

Эгер алар, жогоруда айтылгандай, чын ихлас менен жооп беришсе, анда алардан нусрат талап кылынчу. Ошондуктан Акаба байъаты учурунда ансарлар: “Эгер сени колдосок, бизге эмне берилет?” деп сурашканда, ал  :ﷺ  “Жаннат” деп жооп берген. Алар болсо: “Бул Аллахтан болгон улуу жакшылык” деп, өздөрү үчүн дүйнөлүк шарттарды коюшкан эмес.

Сира Ибн Хишамда (1/446) Аббас бин Убаданын байъаттан алдын айткан сөзү кабар кылынган:

[قال ابن إسحاق: وحدثني عاصم بن عمر بن قتادة: أن القوم لما اجتمعوا لبيعة رسول الله ﷺ قال العباس بن عبادة بن نضلة الأنصاري، أخو بني سالم بن عوف: يا معشر الخزرج، هل تدرون علام تبايعون هذا الرجل؟ قالوا: نعم، قال: إنكم تبايعونه على حرب الأحمر والأسود من الناس، فإن كنتم ترون أنكم إذا نهكت أموالكم مصيبة وأشرافكم قتـ ـلا أسلمتموه فمن الآن، فهو والله إن فعلتم خزي الدنيا والآخرة، وإن كنتم ترون أنكم وافون له بما دعوتموه إليه على نهكة الأموال وقتـ ـل الأشراف فخذوه فهو والله خير الدنيا والآخرة. قالوا: فإنا نأخذه على مصيبة الأموال وقتـ ـل الأشراف. فما لنا بذلك يا رسول الله إن نحن وفينا (بذلك)؟ قال: الجنة. قالوا: ابسط يدك. فبسط يده فبايعوه…]

[Ибн Исхак айтат: мага Асим бин Умар бин Катада кабар берди: эл Расулуллахка ﷺ байъат берүү үчүн чогулганда, Аббас бин Убада бин Надла аль-Ансари, Бану Салим бин Ауфтун бир тууганы, мындай деди:

“Эй Хазраж жамааты! Бул адамга эмне үчүн байъат берип жатканыңарды билесиңерби?”

Алар: “Ооба” дешти.

Ал айтты: “Силер ага ак жана кара элдерге каршы согушууга байъат берип жатасыңар. Эгер силер байлыгыңар жоголуп, улууларыңар өлтүрүлгөндө аны таштап кетебиз десеңер, анда азыр эле таштагыла. Анткени, эгер ошондой кылсаңар, бул дүйнөдө да, акыретте да шерменделик болот. Ал эми эгер силер байлыгыңар жоголсо да, улууларыңар өлтүрүлсө да, аны колдоону улантабыз десеңер, анда аны кабыл алгыла. Бул дүйнөдө да, акыретте да эң жакшы нерсе”.

Алар айтышты: “Биз аны байлыктын жоголушуна жана улуулардын өлтүрүлүшүнө карабай колдойбуз. Эй Аллахтын элчиси, эгер биз ушуну аткарсак, бизге эмне берилет?”

Ал ﷺ : “Жаннат”, деди.

Алар: “Колуңузду сунуңуз” дешти. Ал ﷺ колун сунду жана алар байъат беришти…].

Жыйынтык:

Нусрат суралуучу тарап Исламды кабыл алган жана мусулман болгон тарап болушу керек. Ошондой эле ал күчкө жана коргонууга ээ болуп, өз өлкөсүндө Аллах түшүргөн шариат менен өкүм жүргүзүүнү жалгыз өзү же уруусу менен же башкалар менен бирге орното ала турган болушу керек.

Демек, бул эки шарт сөзсүз болушу керек. Эгер Исламды кабыл албаса же күч-кубатка ээ болбосо, анда ал нусрат берүүчүлөрдөн болуп эсептелбейт.

Ушул жооп жетиштүү болду деп үмүт кылам. Аллаху Аълам ва Ахкам.

Бир тууганыңар, Ата бин Халил Абу ар-Рушта

9 Шавваль 1446-х.

2026/03/27-ж.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button