Роя гезити

Судандагы Ливия сценарийи жана аны жокко чыгаруунун мааниси

Судандагы Ливия сценарийи жана аны жокко чыгаруунун мааниси

Судан Дарфур аймагында ылдам өзгөрүүлөргө күбө болду. Бул Ыкчам колдоо күчтөрү 2026-жылдын 23-февралында дүйшөмбү күнү Дамра Мустариха аймагын көзөмөлгө алгандан кийин, андан мурда Фашер шаарын басып алган соң орун алды. Мунун баары 2025-жылдын 26-октябрында армиянын Дарфурдагы акыркы таяныч пунктунан чыгып кетишинен кийин болду. Бул бурулуш учур болуп, жаңы вакыйлыкты түзүп, Судандагы кырдаалды дагы да татаалдаштырды. Өлкөнү Ливия сценарийине окшош абалга түрттү. Натыйжада Судандын экинчи жолу бөлүнүшүнүн белгилери пайда болду. Бири-биринен бөлүнгөн жана каршылашкан эки өкмөт пайда болуп, алардын ортосунда өлкө талкаланып, эл азап чегүүдө.

Америка 2011-жылы Түштүк Суданды бөлүп чыгарууга жетишкенден кийин, Ыкчам колдоо күчтөрүн өзүнө ылайыктуу курал катары көрүп, Дарфурду бөлүп алуу планына киришти. Ошентип, 2023-жылы Бурхан менен Хамидтинин ортосунда согуш чыгарып, аны ийгиликтүү башкарды. Натыйжада Ыкчам колдоо күчтөрү бүтүндөй аймакты көзөмөлгө алды. Ошентип, Суданда иш жүзүндө эки өкмөт пайда болду. Батыштагы (Дарфур аймагы) өкмөт, анын аймагынын көлөмү Британиянадан эки барабар, Франциянын аймагына барабар, ошондой эле Кордофан аймагынын чоң бөлүктөрүн камтыйт. Бул өкмөт Хамидтинин жетекчилигинде болуп, Судандын сейрек кездешүүчү пайдалуу кендеринин негизги бөлүгүн көзөмөлдөйт. Бул кендерге, мисалы алтын жана мунай кендерине Трамп кайсы жерде болбосун жетүүнү каалайт. Ал эми экинчи өкмөт – армия жетектеген өкмөт, Судандын калган бөлүктөрүн башкарууда.

Америка бул сценарийди 1984-жылы Конгресс тарабынан түзүлгөн Америка Тынчтык институтунун сунуштарына ылайык ишке ашырды. Бул институттун башкармалыгына тышкы иштер министри жана коргоо министри кирет. Институт 2024-жылдын апрелинде Найробиде өткөн семинарда Судандагы абал Ливия моделинен да өтүп кеткенин, азыркы шарттарда эң ыктымал жана эң жаман сценарий экенин белгилеген (Аль-Жазира, 14.03.2024). Бул институт Америкага согуштун багытын каалаган тарапка бурууга кызмат кылган куралдардын бири болуп эсептелет. Ошол эле семинарда узак талкуулар жүрүп, Суданда эки өкмөттүн болушу эң жакын жана эң ыктымал сценарий экени баса белгиленген. Бул дал ошол сценарий болуп саналат, аны Трамптын араб жана африка маселелери боюнча башкы кеңешчиси Массад Булос да айткан. 2025-жылдын 28-октябрында «Аль-Арабия» каналына берген маегинде Судандын бөлүнүшүнө байланыштуу «Ливия сценарийинин кайталанышы» тууралуу билдирген.

Америка согушту узартууга атайылап барды, жана бул күтүлгөн нерсе эле. Анткени Улуттук чалгын кызматынын директору Аврил Хейнс 2023-жылдын 4-майында, башкача айтканда согуш башталгандан бир ай өтпөй эле: «Судандагы куралдуу күчтөр менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн ортосундагы согуш узакка созулушу ыктымал» деп айткан (DW сайты).

Хизб ут-Тахрир партиясынын амири, улуу аалым Ата ибн Халил Абу ар-Рушта, мусулман өлкөлөрүндөгү каапырлардын кутумдарын ачыктап, 2023-жылдын 25-апрелиндеги билдирүүсүндө, башкача айтканда согуш башталгандан болгону он күн өткөн соң, Америка эки генералдан согушту узартууну каалап жатканын айткан. Ал 4-пунктта мындай деген: «Бул кагылышуунун улануусу жана анын жыйынтыгы боюнча күтүлгөн нерсе — биз айткандай, анын максаты Британияга кызмат кылган адамдарды (эркиндик жана өзгөрүү күчтөрүнүн жарандык канатын жана башкаларды) четтетүү эле. Бул максат аткарылды же дээрлик аткарылууда. Бирок конституциялык декларацияга каршы төңкөрүш жасалганы жана анын элге ачык болуп калганы Америка жана анын тарапташтарын бул жолу кагылышууну бир аз убакытка чейин узартууга мажбур кылды, бирок бул чечкиндүү жыйынтыкка жетүү үчүн эмес, сокку уруп кайра чегинүү түрүндө болот».

Демек, согушту узартуу Америка колдонгон ыкмалардын бири болуп, Ливия сценарийин бекемдөөгө кызмат кылууда. Массад Булос бул жаңжалды аскерий жол менен чечүү мүмкүн эмес экенин белгилеп, Трамп мындай ыкмага таптакыр каршы экенин жана дайыма тынчтык чечимдерин артык көрөрүн айткан (Аль-Жазира, 21.11.2025). Бул болсо ушул каргашалуу согуш башталгандан бери жүрүп жаткан окуялардан ачык көрүнүп турат. Ал ошол эле маегинде: «Вашингтондун даяр чечимдери жана долбоорлору бар, бирок маселе аларды ишке ашырууда» деп, АКШ Судандагы жаңжалдын эки тарабы менен дайыма байланышта экенин баса белгилеген. Ошондой эле ал 2025-жылдын 28-октябрында «Аш-Шарк ал-Аусат» басылмасына: «Жалгыз жол — бул диалог аркылуу гана тынчтык чечимдери» деп билдирген.

Америка Суданда согушту улантуу саясатын карманып, чечимдерди кечеңдетип, Судан маселесин караган саясатчылар менен байкоочулардын оозун жапкан көптөгөн куру убадаларды берип келет. Бул болсо Америкага кызмат кылган бөлүп-жаруучу лидер (Хамидтинин) Дарфурдагы таасирин бекемдөөгө багытталган.

Суданда армиянын жетекчилиги да, Ыкчам колдоо күчтөрүнүн жетекчилиги да Америкага кызмат кылган адамдар. Анткени Африка мүйүзү боюнча атайын өкүл кызматында Фелтмандын ордун баскан Дэвид Саттерфилд Вашингтон институту жарыялаган изилдөөдө: «Вашингтондун Суданда жакшы варианттары болгон эмес жана ал армия менен келишим түзүүгө мажбур болгон» деп айткан. Ал эми i24 News сайтына берген маегинде Массад Булос: «АКШ жаңжалдын эки тарабы менен күн сайын байланышта» деп билдирген. Ошентип сүйлөшүүлөрдү Жиддадан Женевага, андан кийин Каирге, Вашингтонго жана башка жерлерге көчүрүп жүрүшөт. Бул кечиктирүүлөр маселени чечүү үчүн эмес, чечимди созуу үчүн кылынган. Алар 2025-жылдын 12-сентябрынан бери тез арада ок атышууну токтотууну жарыяланганын айтышкан, бирок азыркыга чейин бул тууралуу Массад Булос жана анын «төрттүгү» билдирүү гана жасап келүүдө.

Бул кечеңдетүүлөр жана куру убадалар, Америка тарабынан эки өкмөткө (Бурхан өкмөтү жана Хамидти өкмөтү) өздөрүнүн таасирин бекемдөөгө убакыт берүү үчүн жасалууда. Ар бири өз көзөмөлүндөгү аймакта ордун бекемдөөгө аракет кылууда. Чынында эле “Тасис” өкмөтү эл аралык, жок дегенде аймактагы Америкага көз каранды мамлекеттер тарабынан таанылууга жетишүүгө киришти. Мисалы, Уганда президенти Йовери Мусевени 2026-жылдын 20-февралында жума күнү Энтеббе шаарындагы мамлекеттик сарайда Хамидти жетектеген “Тасис” өкмөтүнүн бардык делегациясын кабыл алды. Мусевени өзүнүн X платформасындагы расмий баракчасында жолугушууда Судан жана аймак үчүн туруктуулукка жетүүнүн жалгыз жолу – диалог жана тынч саясий чечим экенин баса белгилеп жазды. (Sudan Tribune, 20.02.2026).

Американын азыркы жана келечектеги аракеттери өлкө элин канааттандырган чечимге алып келбейт. Бул аракеттер мейманканалардын коридорлорунда, Швейцариядагы Рона дарыясынын жээгинде, Цюрихте, Шарм аш-Шейх курортторунда, Вашингтондо жана башка жерлерде куру сөз сүйлөө менен гана чектелет. Мунун баары Дарфурду бөлүп чыгаруу кылмышын ишке ашыруу убактысы келгенге чейин улантылат. Ошондо Америка дал Түштүк Суданда кылганындай, сүйлөшүүлөрдү тездетип, тараптарды кылмышка кол коюуга чогултат. Эгер, Кудай сактасын, иштер ушул нукта уланса, Америка Дарфурду бөлүү планына толук ишенгенге чейин бул маселени өз колунда кармап турат.

Колонизатор менен иш алып баруу жана жамандыктын башчысы болгон Америкага мусулмандардын коопсуздугуна жана башка маселелерине тиешелүү иштерди тапшыруу өтө кооптуу. Ислам мусулмандардын ички же тышкы саясатына каапырлардын кийлигишүүсүнө тыюу салган жана муну кескин түрдө харам кылган:

وَلَن يَجْعَلَ اللَّهُ لِلْكَافِرِينَ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ سَبِيلاً﴾﴿

«Алла эч качан каапырлар үчүн момундар үстүнөн жеңип чыгышына жол бербейт». (Ниса: 141).

Үммөт батыш колонизатор каапырдын өз өлкөлөрүнө кийлигишүүсүнө жол ачкан байланыштарды үзүүгө муктаж. Бул болсо Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө аркылуу гана ишке ашат. Ал үммөттүн биримдигин жана мамлекеттин бирдигин сактайт.

وَيَقُولُونَ مَتَىٰ هُوَ قُلْ عَسَىٰ أَن يَكُونَ قَرِيباً﴾﴿

«Али алар «Ал (күн) качан болот?» деп (сурашат). Балким жакында болоор», деп айткын!» (Исра: 51).

 Роя гезити

Устаз Якуб Ибрахим – Судан вилаяты

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button