Комментарий

Америка от менен ойноп жатат

Америка от менен ойноп жатат

АКШ президенти Трамп Ирандагы аскердик операцияларын токтотуу үчүн олуттуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын айтты. Ал бул сүйлөшүүлөр “жаңы режим” менен жүрүп жатат деп мүнөздөп, аларда чоң жетишкендик бар экенин белгиледи. Ошондой эле ал жакын арада өзү ойлогондой келишимге жетишилбесе жана Ормуз кысыгы деңиз каттамы үчүн дароо ачылбаса, анда Вашингтон Ирандагы энергия жана суу инфраструктурасын толугу менен жок кыларын кошумчалады. (RT, 30.03.2026).

Комментарий:

Америка мусулмандардын тагдырын канчалык деңгээлде көзөмөлдөп калган?! Ал эч токтобостон өз жеринен туруп, мусулман өлкөлөрүнө сокку уруп жатат. Ал тургай алардын мунайын өз учактарын учуруу үчүн колдонууда. Мусулмандар өздөрүнө каршы сокку уруу үчүн ага жардам берип жаткандыгы эң таң калычтуу! Андан да таң калычтуусу, Иран Американын Ирак жана Афганистанды басып алуусу бекемделишине эң көп жардам бергендердин бири! Бул тууралуу ирандык аткаминерлер ачык эле айтып келишкен, алардын акыркыларынын бири мурдагы президент Ахмадинежад болгон.

Ушул орунда суроо туулат, бул Американын чоң ийгилигиби же башкаруучулардын толук баш ийүүсүбү? Биз булардын катарынан Иран башкаруучуларын да четке какпайбыз, анткени абал аларга каршы бурулуп калды. Америка каалаган учурда абалды тескери бурат. Муну бир нече ай мурун Сириядагы “КСД” күрд уюмуна байланыштуу вакыйлыкта көрдүк. Анда анын өкүлү Том Барак: “КСДнын ролу бүттү, бүгүн Америка Сирия өкмөтүнө таянат”, — деди. Ушундай эле абал Иран менен да болду. Америка яхудий түзүмүн үстөм кылып, Ирандын аймактык ролун бүтүрүүнү каалады. Ошондуктан анын ядролук жана ракета программаларын токтотуу зарыл болуп калды. Бирок баш айландырган суроо дагы деле калууда: кантип бул башкаруучулар өз өлкөлөрүнүн негиздерин жана көз карандысыздыгын “Американы колдоо” деген элес үчүн оңой эле курмандыкка чалышат? Чындыгында, эгер үммөт өз башкаруучусун колдосо, анда жер жүзүндөгү эч бир күч ага зыян жеткире албайт.

Андыктан, үммөт башкаруу өзүнө таандык экенин, башкарууну өзү кармай турганын жана ушул башкаруучуларды кулатып, Аллах түшүргөн шарият менен өкүм кыла турган башкаруучуну орнотушу керек экенин качан түшүнөт? Ошондо ал акыйда негизинде биригип, өз күчү жана аскердик өнөр жайы Ислам душмандарын күйгүзгөн ташкынга айланат. Трамп сыяктуулар калкы Европанын төрттөн бирине же Американын үчтөн бирине барабар болгон Иран сыяктуу байыркы өлкөнү коркутууга батына албайт! Андыктан, мусулмандар бул бузукулар алардын тагдырын көзөмөлдөп жатканын жана душмандарын өз жерлерине киргизип, эч кандай келишимди да, жоопкерчиликти да эске албай т өздөрүнө сокку уруп жаткан кыянатчыларды түшүнүшү шарт!

Билал Ат-Тамими

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button