Көз карандысыз саясий чечим – күч-кубаттын негизи

Көз карандысыз саясий чечим – күч-кубаттын негизи
Экономикалык кызыкчылыктардын, аскерий альянстардын жана маалыматтык тең салмактуулуктун татаал тармактары башкарган дүйнөдө саясий чечим мурдагыдай толук ички маселе болбой калды. Бүгүн мамлекет кеңири эл аралык система ичинде аракеттенет. Бул болсо көз карандысыз саясий чечимди заманбап эл аралык мамилелердеги эң талаштуу түшүнүктөрдүн бирине айлантат.
Чечимдин көз карандысыздыгы дүйнөдөн обочолонуу же байланыштарды үзүү дегенди билдирбейт. Ал мамлекеттин ички жана тышкы саясатын түз же кыйыр тышкы көрсөтмөлөргө эмес, өзүнүн көз карашына жана кызыкчылыктарына таянып аныктай алуу жөндөмү. Мамлекет өзүнүн өзгөчө көз карашына ээ болобу же жокпу айырмасыз. Ал тышкы саясатын бир уюлдуу эл аралык окко көз каранды болбой жүргүзөт, дүйнөлүк каржылык басымдарга карабай экономикалык чечимдерди кабыл алат жана өзүнүн саясий жана маданий өзгөчөлүгүн сактайт. Бирок мындай көз карандысыздык дайыма негизги суроону жаратат: бул чечимди эч кандай кун төлөбөстөн ишке ашырууга болобу?
Азыркы дүйнөлүк система жогорку деңгээлде экономикалык жана институттук байланыштарга негизделген. Ошондуктан кандайдыр бир мамлекет башкача жолду тандаганда, бул кээде үстөмдүк кылган тең салмактуулукка чакырык катары кабыл алынат. Албетте, ири державалар үчүн, айрыкча таасири менен өзгөчөлөнгөн Америка үчүн, толук көз карандысыз саясий модел, эгер ал өз чек арасынан тышкары таасир эте алса же башка мамлекеттерге фикрий же стратегиялык альтернатива сунуштай алса, тынчсызданууну жаратышы мүмкүн. Ошондуктан күрөш көбүнчө кыйыр мүнөздө жүрөт. Ачык аскерий күрөштөн көрө санкциялар же дипломатиялык басым абзел болот.
Көз карандысыз чечим жөн гана саясий билдирүү эмес, узак мөөнөттүү долбоор. Ал ички элдик колдоону жана обочолонуу коркунучун азайтуу үчүн көп тараптуу байланыштарды куруу жөндөмүн талап кылат. Анткени өз ара байланыш чырмалган дүйнөдө абсолюттук көз карандысыздык, эгер дипломатиялык ийкемдүүлүк менен коштолбосо, оор жүккө айланышы мүмкүн. Ал эми толук көз карандылык мамлекетти өз кызыкчылыктарын коргоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат. Себеби дүйнө экономикалык, коопсуздук жана маалыматтык жактан тыгыз байланышкан тармакка айланды. Бүгүн мамлекет саясий жактан көз карандысыз болушу мүмкүн, бирок дүйнөлүк рынокторго, технологияга же аскерий альянстарга байланган бойдон калат.
Суроо: Эмне үчүн мамлекеттер эл аралык системага каршы баш көтөрбөйт? Баш көтөрүү иш жүзүндө дүйнөлүк соода эрежелеринен чыгуу, эл аралык институттарды четке кагуу жана дээрлик толук банктык обочолонууга туш болуу дегенди билдирет. Бул болсо катуу инфляцияга, технологияны, дары-дармектерди жана айрым азык-түлүктөрдү импорттоодо кыйынчылыктарга, ошондой эле ички экономикалык чоң басымга алып келет. Ошондуктан, күчтүү суверендүү багытты жарыялаган мамлекеттер да экономикалык кыйроодон качуу үчүн эл аралык система менен байланыш терезелерин көбүнчө сактап калышат. Мындай чечимди кабыл алышы үчүн мамлекет өзүн-өзү камсыз кыла алган экономикага ээ болушу, өнүккөн технологиялык базага жана жергиликтүү өнөр жайга таянуусу, узак мөөнөттүү блокада шарттарына коомдун ички макулдугу болушу, бир гана тарапка көз каранды болбогон альянстар же кеңейүү тармактарына чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу жана учурдагы эл аралык системага карама-каршы, өзүнүн бекем түзүлүшү, кеңдиги жана адилеттүүлүгү менен айырмаланган мабдага ээ болушу керек. Мындай мабда алгачкы учурдан тартып эле азыркы эл аралык системанын алсыздыгын ачып көрсөтө алат.
Эгер мусулман башкаруучуларынын чыккынчылыгы болбогондо, саясий көз карандысыздыкка жетүүгө жөндөмдүү мамлекеттер көп болмок. Анткени мусулман өлкөлөрүндө чыныгы мүмкүнчүлүк бар. Эгер алар Ислам мабдасын өзүнө негиз кылып, Батыш жана анын системасы менен болгон байланыштарын толук үзсө, анда саясий көз карандысыздык сөзсүз ишке ашмак. Мисал катары эки өлкөнү гана эскерели:
Түркия: Эгер Ислам мабдасын кабыл алып, Америкага каршы чыгып, айланасына мусулмандарды топтосо, дүйнөгө жетекчилик кыла турган мүмкүнчүлүккө ээ болмок. Ал алгачкы күндөрдөн тартып эле Ислам үммөтүнүн лидери болуп, дүйнө мамлекеттеринин арасында жетекчиликке жетмек. Бирок негизги тоскоолдук – элдерин эзип, Батыштын кызыкчылыктарына кызмат кылып жаткан, чыккынчы жана өз алдынча чечим кабыл ала албаган режимде.
Иран: Ал көптөн бери курчоодо турат жана «кымбат кун» төлөдү, бирок саясий көз карандысыздыкка жеткен жок. Эгер мусулман иран эли бул чыккынчы режимди кулатса, күчтү көрсөтүп, бирок ичинде алсыздык жана чыккынчылыкты жашырган бул бийликтен арылса, Америка өзүнүн флотторун жиберүүгө батына алмак эмес. Анткени, душмандыкты көргөзгөнүнө карабай, Иран бул флоттордун коргоочусу болуп турат. Ал Америкага олуттуу сокку уруу чечимине ээ эмес.
Эгер мусулман элдери кыймылдап, өзүнүн туура акыйдасын жандантып, Пайгамбарынын ﷺ тарикатына кайтып, бул режимдерди кулатып, мабда катары кабыл алса, анда Америка өзүнүн эсептерин кайра карап чыгып, флотторун алып чыгып кетүүгө аргасыз болот. Бул корккондон гана эмес, жаңы мамлекеттин чечимине таасир эте албагандыгынан болот. Натыйжада ал узак убакыттан кийин да утула турган согушта турганын түшүнөт. Тилекке каршы, мусулман башкаруучуларынын абалы ушундай, алардын эч кимиси өз алдынча чечимге жана чыныгы суверенитетке ээ эмес.
Бул кадамды Ислам мамлекети гана жасай алат. Анткени ал көз карандысыз чечимди сактаган жана аны Ислам көз карашынан чыгарган Роббаний мабданы көтөрөт. Ислам өлкөлөрүндөгү бардык мусулмандар, Аллах кааласа, бул мамлекет жок болуп кетпеши үчүн курмандыкка даяр. Анткени ал эл аралык системага каршы турган жалгыз мамлекет жана бул системаны кайра кабыл алуунун жаман натыйжаларын ачык көрсөтө алган жалгыз түзүм. Ал адилеттүүлүк жана ырайым менен башкарып, адамдарга ылайык укуктарды кайтарып, монополияны жокко чыгарат. Ошондой эле ал алгачкы этапта эле өзүнүн байлыктары, тажрыйбасы, жерлери жана эли менен ар тарапта тез кеңейүүгө жөндөмдүү. Албетте, Аллах бул мамлекеттин пайда болушуна уруксат бериши үчүн, анын мабдасын өзүнө сиңирген, аны ишке ашырууга аракет кылган, байланыштарын ошол негизде курган жана бул ишке керектүү бардык даярдыктарды көргөн адамдар болушу керек. Алар, иншаАллах, даяр жана бардык мүмкүнчүлүктөрү менен шарттарды пайдаланып, исламий жашоону кайра баштоого аракет кылып жатышат.
Чындыгында, Хизб ут-Тахрир жигиттери күнү-түнү аракет кылышууда. Алар Ислам кемесин кайра багыттап, эл аралык деңгээлде өз ордун кайтарып, Аллах буйругандай дүйнөнү башкарууга алып барууга эң татыктуулар. Ошондо Пайгамбарыбыз ﷺ айткан сүйүнчү ишке ашат:
«ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ».
«…Андан соң пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот».
Роя гезити
Устаз Набил Абдулкарим




