Кабар

БУУда Ормуз кысыгын күч колдонуу менен ачуу демилгеси көтөрүлдү

БУУда Ормуз кысыгын күч колдонуу менен ачуу демилгеси көтөрүлдү

“The New York Times” билдиргендей, Россия, Кытай жана Франция БУУнун Ормуз кысыгында кеме каттамын калыбына келтирүү үчүн күч колдонууга уруксат берген резолюция долбооруна каршы чыгышты. Натыйжада, сүйлөшүүлөр туңгуюкка кептелди.

Перс булуңундагы өлкөлөр колдогон бул документ Ирандын кысыкты жабуу аракетин токтотуу үчүн «бардык зарыл болгон каражаттарды» колдонууга укук берет.

Бирок дипломатиялык булактардын маалыматына ылайык, бир катар ири державалардын позициясынан улам сүйлөшүүлөр токтоп калган. Жабык өткөрүлгөн кеңешүүлөр учурунда Франция, Россия жана Кытай күч колдонууга жол берген документке каршы чыгышты.

Франция Россия жана Кытайга жөн гана кошулуп калбастан, документтин катаал вариантынын авторлорунун бири болгон Британия менен ачык каршылыкка барды. Франциянын президенти кысыкты күч менен ачуу чакырыктары ири масштабдагы жаңжалдын курчуп кетүү коркунучун туудура турганын белгиледи.

Кытайдын элчиси Ормуз кысыгын ачуу үчүн күч колдонууга уруксат берүү «мыйзамсыз жана күч колдонууга укук берет, бул болсо сөзсүз түрдө жаңжалдын андан ары курчушуна алып келет» деп эскертти.

Оболу жума күнүнө пландалган добуш берүү ишембиге жылдырылды. Бул жагдай дипломаттарга мунасага келүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүк. Бирок талдоочулар сүйлөшүүлөр натыйжалуу болушунан күмөн санашууда.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button