Батыштын аскерий базалары жана алардын биздин өлкөлөрдөгү ролу

Батыштын аскерий базалары жана алардын биздин өлкөлөрдөгү ролу
Хизб ут-Тахрир партиясынын борбордук маалымат бөлүмү чыгарган басма сөз баянатында айтылгандай, Америка жана яхудий түзүмүнүн Иранга каршы жүргүзгөн согушу аймакта жайгашкан Америка, Британия жана Франциянын аскерий базалары, ошондой эле башка батыш колонизаторлорунун базалары жана «эрте эскертүүчү байкоо системалары» мусулман өлкөлөрүнө кайгы-капа жана кыйроодон башка эч нерсе алып келбегенин далилдеди. Мусулмандар булардан жалаң гана зыян көрүштү. Бул базалар көп учурда аларга мажбурлап таңууланган согуштардын башаты болуп, өлкөлөрдү чабуулга жана агрессияга дуушар кылды. Ушул базалар тууралуу агенттер ар дайым «өлкөнү коргоо жана коопсуздукту чыңдоо үчүн түзүлгөн» деп үгүт жүргүзүп келишкен, бирок окуялар мунун тескерисин далилдеди. Алар душмандардын кызыкчылыктарын коргоо жана алардын жаман максаттарын ишке ашыруу үчүн кызмат кылары белгилүү болду. Натыйжада өлкөлөр жана алардын аскерий мүмкүнчүлүктөрү ошол базаларды коргоого милдеттүү болуп калды!
Баянатта дагы мындай деп кошумчаланды: Америка жана башка батыш мамлекеттери, мисалы Британия, Франция жана башкалар, бул базаларды мусулман өлкөлөрүндө өздөрү каалаган тарапка сокку уруу үчүн сактап турушат жана алар аркылуу каалаган жеринде согуш отун тутандырып, өздөрүнүн колонизатордук максаттарын жана алардын кол баласы болгон яхудий түзүмүнүн кеңейүү максаттарын ишке ашырууну, айрыкча Ислам өлкөлөрүн жана Жакынкы Чыгышты өз кызыкчылыктарына баш ийдирүүнү көздөшөт. Алар муну ачык айтышат, жашырышпайт. Мисалы, Америка элчисинин яхудий түзүмүндөгү өкүлү Майк Хакаби мындай деген: «Тоорат салттары (израилге) Жакынкы Чыгыштын чоң бөлүгүн камтыган жерлерге укук берет, бул Нилден Евфратка чейинки “чоң израилди” түзөт». Ошондой эле алардын согуш министри Пит Хегсет да Исламга болгон кресттүү жек көрүүсүн жашырбай: «Исламий пайгамбарлык элестерге карманган режимдер ядролук куралга ээ боло албайт» деп айткан.
Америка аймакта кеминде 18 жерде кеңири аскерий жайлар тармагын башкарууда, Британиянын 23 базасы бар, ошондой эле Франция да бир нече базаларды жана операциялык борборлорду сактап турат жана башка колонизатор мамлекеттер да бар. Булардын баары «коопсуздук келишимдери», «альянстар» жана «орток кызыкчылыктар» деген шылтоо менен мусулман өлкөлөрүн басып алышты. Натыйжада мусулман жерлери алардын кылмыштуу аскерий операциялары үчүн аянтчага айланды. Алар бизге ошол базалар аркылуу сокку уруп жатышат. Аба жана деңиз операцияларын жүргүзүү жана тыңчылык маалыматтарды чогултуу үчүн базаларды баштапкы пункт катары колдонуп, өздөрүнүн колонизатордук кызыкчылыктарын жана яхудий түзүмүн коргоп жатышат.
Мусулман армиялары тууралуу болсо, басма сөз баянатында мындай деп айтылды: Ошондуктан мусулман өлкөлөрүн коргоого милдеттүү болгон Ислам үммөтүнүн армиялары бул базаларды дароо биздин жерлерден кууп чыгышы керек. Анткени бул башкаруучулардын бизге каршы жасаган чыккынчылыгы. Эң жөнөкөй түрдө айтканда, бул Аллах тыюу салган душман менен кызматташуу же андан жардам суроо болуп саналат. Пайгамбар ﷺ айткан:
فَإِنَّا لَا نَسْتَعِينُ بِالْمُشْرِكِينَ عَلَى الْمُشْرِكِينَ.
“Чындыгында, биз мушриктерге каршы башка мушриктерден жардам сурабайбыз”.
Мындан тышкары, бул иштер каапырларга үстүбүздөн үстөмдүк берди жана буга да Аллах Таала тыюу салган:
وَلَن يَجْعَلَ اللّهُ لِلْكَافِرِينَ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ سَبِيلا
“Алла эч качан каапырлар үчүн момундар үстүнөн жеңип чыгышына жол бербейт”. (Ниса: 141).
Баянат соңунда ислам өлкөлөрүндөгү армияларга кайрылып мындай деп айтылды: Чындык эки көзү бар ар бир адамга айкын болду. Эми Ислам үммөтүнүн армияларындагы ихластуу адамдар кыймылга келип, үммөттү колонизаторлордун жана алардын агенттеринин таасиринен куткарышы, ошондой эле пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкты тикелеши гана калды. Ошондо Ислам жана мусулмандар азиз болот.
هَٰذَا بَلَاغٌ لِّلنَّاسِ وَلِيُنذَرُوا بِهِ
«Бул (Куран) адамдар эскертилүүлөрү үчүн (Алла тарабынан тушүрүлгөн) бир аят-кабар». (Ибрахим: 52).
Роя гезити




