Роя гезити

Америка кол салганга чейин, Пакистан өз кезегин күтүп отура береби?!

Америка кол салганга чейин, Пакистан өз кезегин күтүп отура береби?!

Пакистан Американын стратегиялык жана аскердик жетекчилигинин бутасында калууда. 2026-жылдын 18-мартында АКШнын Улуттук чалгындоо борбору «2026-жылга карата АКШ чалгындоо борборунун жылдык коркунучтарды баалоо» аттуу отчетун жарыялады. Анын 25-бетинде мындай деп айтылат: «Пакистан барган сайын татаалдашкан ракеталык технологияларды өнүктүрүүнү улантууда, бул анын армиясына Түштүк Азиядан да ары жайгашкан буталарга сокку ура ала турган ракеталык системаларды иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берет. Эгер бул багыт уланса, анда континенттер аралык ракеталар АКШга коркунуч туудурат».

Пакистандагы башкаруучу катмардын жообу, күтүлгөндөй эле, алсыз жана коргонуу мүнөзүндө болду. 2026-жылдын 19-мартында жарыяланган билдирүүдө Пакистандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү мындай деди: «Пакистан АКШдагы бир кызматкер тарабынан айтылган, Пакистандын ракеталык мүмкүнчүлүктөрүнөн мүмкүн болгон коркунуч тууралуу акыркы дооматты толугу менен четке кагат».

Пакистандагы башкаруучу катмар коргонуу позициясын тандады, бул Америка, яхудий түзүмү жана индус мамлекети менен мамиле кылууда өлүмгө тете ката.  Үммөткө душман болгон тараптар өз баяндарын түзүп, даярданып, алдыга жылып, күч топтоп жаткан учурда, алар күтүп гана отурушат. Алар 2025-жылдын 31-октябрынан бери күтүп келишет, ошол күнү Трамп «Пакистан сыноолорду өткөрдү» деп жарыялаган. Интервью алуучу ага каршы чыгып: «Менин түшүнүгүм боюнча, бул өзөктүк куралдар эмес», – дегенде, Трамп: «Жок, албетте өткөрдү», – деп жооп берген. Ошондой эле алар 2026-жылдын 2-мартынан бери да күтүп келишет, ошол күнү АКШнын согуш министри: «Иран сыяктуу акылсыз режимдер, пайгамбарлык исламий элестерге берилген, өзөктүк куралга ээ боло албайт», – деп айткан.

Эмне үчүн Пакистан Америка, яхудий түзүмү жана индус мамлекетинин жамандык огу алдында ушундай алсыз коргонуу стратегиясын кабыл алышы керек?! Америка мусулман өлкөлөрүнө кол салуу үчүн жүйөлүү себепке муктаж эмес, бул 2001-жылдан бери уланып жаткан кресттүү жортуулдарынан ачык көрүнүп турат. Анын дооматтарына каршы чоң каршылыктар болуп жаткан учурда да, Америка 2001-жылы Афганистанга бастырып кирген. Андан кийин 2002-жылы өзүнүн агенти Мушарраф аркылуу Кашмирдеги мужахиддерге каршы чабуул жасаткан. Андан соң мусулмандардын жериндеги өзүнүн алдыңкы аскердик базасы болгон яхудий түзүмү аркылуу Палестина элине кол салдырган. Андан кийин 2003-жылы Иракка кол салган. Акыркы жылдары болсо, өз дооматтарына каршы толкун сыяктуу каршылыктар болуп жатканда да, Америка яхудий түзүмүнө акча жана курал берип, Газага, Ливанга, Йеменге, Сирияга, эми болсо Иранга да кол салдырды. Демек, Америка тайманбай демилге көтөрөт, алдыга жылат жана күчтөнөт, ал эми мусулман башкаруучулары болсо алгач четке кагуу жана айыптоо менен баштап, акырында моюн сунуу, багынып берүү, жеңилдик түзүү жана кызматташуу менен аяктайт.

Эй Пакистан мусулмандары, андагы идея жана стратегия ээлери, жана анын куралдуу күчтөрү! Биз Ирандагы мусулман бир туугандарыбызга түшкөн апааттан жана коргонуу позициясын кармоонун коркунучунан сабак алышыбыз керек. Иран режими күтүп турду, ошол эле учурда Америка жана яхудий түзүмү Газадагы элди үйлөрүнүн, мектептеринин, ооруканаларынын жана мечиттеринин алдында көмүп жатты. Трамп «жаңы Жакынкы Чыгышты» түзүп жатканын жарыялаганда да, «Улуу Жакынкы Чыгыш» деп атаган нерсе Пакистан менен Афганистанга чейин жетерин билсе да, ал күтүп турду. Трамп яхудий түзүмү аймакта көлөмү жана таасири жагынан чоңоюшу керек деп жарыялаганда да, ал күтүп турду. Америка менен яхудий түзүмү согушту Палестинадан тышкары кеңейткенде да, ал күтүп турду.  2025-жылдын июнь айында Иран Америка жана яхудий түзүмүнүн чабуулуна кабылган соң да, эч кандай аракет кылбай күтүп турду.  Индустук мамлекет яхудий түзүмү жана Америка менен координациясын күчөткөндө да, ал күтүп турду.  Америка Ирандын айланасында аскердик жайгашуусун кеңейтип, авианосецтерди жөнөтүп, чалгын пункттарын, анын ичинде Пакистандагы элчиликтери менен консулдуктарын активдештирип жатканда да, Иран күтүп, айыптоочу билдирүүлөрдү жасап, дооматтарды четке кагуу менен чектелди. Андан кийин Иран өзү демилге көтөрбөгөн коргонуу абалында туруп, катуу соккуга кабылды. Азыркыга чейин да Иран жооп кайтаруучу коргонуу абалында согушууда, бирок демилге көтөрүү, анын ичинде согушту түгөтүү үчүн колдонулуп жаткан америкалык авианосецтерди жок кылуу керек эле.

Келгиле, динибизден баскынчы душмандарга каршы кантип туруштук берүүнү үйрөнөлү, алар кол салып, чек араларды бузуп, жапайы жырткычтар да жийиркене турган жырткыч иштерди жасоодон тартынбайт. Индус мушриктерине каршы, Расулуллах ﷺ  Бадр согушунда Мекке мушриктерине каршы демилге көтөргөндөй демилге көтөргүлө. Яхудий түзүмүнө каршы да, Расулуллах ﷺ Хайбардагы яхудийлер мушриктер менен биригип Мадинага кол салууну пландап жатканын укканда, аларга каршы демилге көтөргөндөй демилге көтөргүлө. Кресттүүлөргө каршы да, Расулуллах ﷺ  Табукта алардын ата-бабалары болгон румдуктардын кол салууга даярданып жатканын укканда, даярдык көргөндөй демилге көтөргүлө. Демилгени колго алгыла, күчүңөрдү бириктиргиле жана душмандар менен согушкула. Билип койгула, эй Ислам үммөтү, биринчи демилге Халифалыкты тикелөө, ал бардык мусулмандар үчүн – арабдарга да, араб эмес элдерге да, ханафий болобу же жафарий болобу – баарына жалпы жетекчилик.

Халифалык Америка альянстарын жок кылат, Ислам өлкөлөрүндөгү америкалык аскердик чабуулдарды багыттоодо негизги чалгын пункттары болгон элчиликтерди жана консулдуктарды жабат, бардык мусулман өлкөлөрүн Аллах түшүргөн өкүмдөр менен башкарган бир имамдын алдында бириктирет, үммөттүн армияларын чечүүчү согушка топтойт, Америка биздин өлкөлөрдөн чыгып кетүүгө мажбур болот жана армияларды Палестина, Кашмир жана башка басып алынган Ислам өлкөлөрүн азат кылууга багыттайт. Аллах Таала айтат:

وَقُل لِّلَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ اعْمَلُوا عَلَىٰ مَكَانَتِكُمْ إِنَّا عَامِلُونَ﴾﴿

“Ыйман келтирбей турган адамдарга айткын: «Өзүңөр билген амалдарыңарды кыла бергиле, биз да өз ишибизди кылабыз”.

Роя гезити

Мусъаб Умайр – Пакиста вилаяты

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button