Комментарий

Кыргызстанда бир адам айына 9300 сомго жашаса болоору айтылды

Кыргызстанда бир адам айына 9300 сомго жашаса болоору айтылды

Статистика комитети билдиргендей, ушул жылдын I кварталында бир адамга орточо жашоо минимуму айына 9,3 миң сомду түздү. Анын ичинен болжол менен алты миң сом тамак-ашка кетет, ал эми 1,5 миң сомго жакыны азык-түлүктөн сырткары товарларга жана кызматтарга жумшалат. Бул суммага салыктар да кирет. Эмгекке жарамдуу адамдар үчүн жашоо минимуму мындан миң сомго көбүрөөк. Ал эми пенсионерлер жана балдар үчүн, тескерисинче, 1300 сомго төмөн.

Ал эми, 2026-жылдын январь–февраль айларында Кыргызстандагы орточо айлык акы 45700 сомду түздү. Жыл ичинде айлык акы 16 пайызга көбөйгөн.

Комментарий:

Улуттук статистика берген маалымат менен калктын жашоосундагы чыныгы абалдын ортосунда ажырым чоң экени талашсыз. А түгүл, бийлик жар салып жаткан айлык акынын жогорулашына карата калктын кубанычы курсагында калып кете турган жагдайда жашап жатат. Анткени, өлкөдөгү инфляция жана кымбатчылык жогорулаган айлык акыдан ашып барууда. Өткөн жылы өлкөдөгү инфляция расмий түрдө 10 пайыздан ашканы айтылды. Ал эми, азык-түлүк баалары 40-50% кымбаттаганы байкалат. Маселен, күрүчтүн баасы дээрлик 40% кымбаттаган. Муну менен катар ижара акылары да күн санап өсүп барууда. Бул өз кезегинде айлык менен иштеген жарандардын сатып алуу мүмкүнчүлүгүн чектеп жатат. Булар аздык кылгандай, учурдагы бийлик электр энергиясына болгон төлөмдү жыл сайын кымбаттатуу чечимин кабыл алган. Бул дагы өлкөдөгү баалардын өсүшүнө түздөн-түз таасирин тийгизет. О.э салыктардын түрүн ойлоп таап, калктын жонунан кайыш тилүүдө.

Мунун каршысында Исламда мамлекеттин жоопкерчилиги калктын негизги муктаждыктарын толук камсыздоо болуп эсептелет. Тактап айтканда, муктаж адамдардын тамак-ашы, кийими, турак-жайы мамлекет тарабынан толук камсыздалат. Ошондой эле, коомдун саламаттыгын, билим берүүсүн, коопсуздугун бекер коргоо да мамлекеттин жоопкерчилигинде. Ал эми, жалган статистикалык көрсөткүчтөр менен калкты алдоо мамлекеттин милдети эмес. Тескерисинче, сүткордукка негизделген карыздар калктын мойнуна жүк болуп илинишин алтын акча түзүмүн колдонуу менен жоёт. Мындай мамлекетте баалар дээрлик өзгөрбөгөндүктөн, монополия кылып товар сактоого муктаждык калбайт. Анткени, калк товарды кыйналбастан, муктаж болбостон сатып алат жана мындай абалда аны топтоп алууга зарылдык болбойт.

Нурдин Асаналиев

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button