Комментарий

Россия жана Казакстан: 16,5 млрд долларлык АЭС долбоору эмне үчүн керек?

Россия жана Казакстан: 16,5 млрд долларлык АЭС долбоору эмне үчүн керек?

27-майда Астанада өткөн жолугушуунун жыйынтыгында, Россия өзүнүн «Росатом» компаниясы аркылуу Казакстанда атомдук электр станциясын, тагыраагы, «Балхаш» АЭСин куруу боюнча макулдашууга жетишти. Долбоордун наркы 16,5 млрд долларга бааланууда. Каржылоо орусиялык экспорттук насыя схемасы аркылуу ишке ашырылат.

Бул долбоор Владимир Путиндин сапарынын алкагында кол коюлган мамлекеттер аралык келишим менен бекитилди.

Комментарий:

Долбоордун экономикалык логикасы Россиянын өзөктүк тармагынан түшө турган көп миллиарддык келишимге ээ болуу, ишканалардын ондогон жылдарга иш менен камсыз кылынышы, ошондой эле отун жеткирүү, станцияны тейлөө жана модернизациялоодон түшө турган узак мөөнөттүү кирешелер менен негизделүүдө.

Бирок, азыркы учурда Россия бюджеттин тартыштыгы жана Украинадагы согушка байланышкан экономикалык каатчылык шартында эмне үчүн 16,5 миллиард доллар бөлүүгө даяр? деген суроо туулбай койбойт.

Жогорку аскердик чыгымдар, санкциялык басым жана чектелген бюджеттик ресурстар шартында, мындай ири көлөмдөгү тышкы каржылоо тууралуу чечимди жалаң гана коммерциялык кызыкчылык менен түшүндүрүү туура эмес.

Бүгүнкү күндө Казакстан Россия, Кытай, АКШ жана Европа Биримдигинин ортосундагы геосаясий атаандаштыктын негизги аймактардын бири болуп саналат. Казак АЭСин курууну көзөмөлгө алуу, бул жөн гана технологияны экспорттоо эмес, бул ондогон жылдарга инфраструктуралык байланышты түзүү дегенди билдирет. Өзөктүк энергетика тармагы технология, отун, сервистик тейлөө жана адистерди даярдоодо камсыздоочудан узак мөөнөткө көз каранды болууну талап кылат.

Ошондуктан маселе «Росатом» бул долбоордон киреше табабы же жокпу дегенде эмес, анткени кандай болсо да, Росатом андан албетте киреше табат. Негизги маселе, Батыш менен Кытай Борбор Азиядагы таасирин кеңейтүүгө аракет кылып жаткан учурда, Кремль өзүнүн өзөктүк долбоору аркылуу Казакстандагы таасирин сактап калуу үчүн кандай стратегиялык баалуулукту көздөп жатканында.

Келишимдин башкы саясий маңызы дал ушундан байкалат. Ал кеңири максатты, тагыраагы, Москва үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон Борбор Азия аймагындагы эң маанилүү өлкөдөгү орус таасирин бекемдөө милдетин ишке ашыруунун куралы катары кызмат кылат.

Хужжат Жамиа

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button