Комментарий

Ормуз кысыгы жашыруун ортомчулук менен кагылыш коркунучу ортосунда

Ормуз кысыгы жашыруун ортомчулук менен кагылыш коркунучу ортосунда

24 саатка жетпеген убакыт ичинде кысык эл аралык кеме каттамы өтүүчү жолдон ачык кагылышуу аянтчасына айланды. Иран революциясынын сакчылар корпусу  кысыкты иш жүзүндө жаап, ок чыгаруу жана соода кемелерин бутага алуу аракеттерин кылды. Ошол эле учурда Вашингтондо президент тарабынан “акылдуу” деп сыпатталган “сырдуу инсан” күтүлүүдө. Бул жарылууну алдын алуу үчүн жасалган акыркы аракет катары бааланууда. (Аль-Жазира Нет)

Комментарий:

Бул чыңалуу шартында жана Иран революциясынын сакчылар корпусу кысыкты кайра жапкан учурда, Америка президенти Трамп акыркы аракет тууралуу сөз кылууда. Бул билдирүү чечүүчү мүнөзгө ээ болуу менен бирге, кыйла татаал этаптын башталышынан кабар берет. Бирок бул жерде билдирүүнүн мазмуну гана эмес, Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы чырмалышкан мамилелердин ортосунда турган «акылдуу» жана «сырдуу» инсан тууралуу айтылганы өзгөчө көңүл бурдурат. Бул мамилелер түз кагылышуу менен гана чектелбестен, көшөгө артындагы оюндар жана жарыяланбаган сүйлөшүүлөр аркылуу башкарылууда.

Мындай билдирүүлөр адатта эки тараптуу максатты көздөйт: ички аудиторияга дипломатияга мүмкүнчүлүк берилгенин көрсөтүү, ал эми тышкы дүйнөгө катаал санкциялар же аскердик аракеттер сыяктуу чоң кадамдарга даярдык көрүлүп жатканын билдирүү. Башкача айтканда, «акыркы аракет» көбүнчө аягы эмес, тескерисинче, курчураак этаптын башталышы болуп саналат.

Бул сырдуу инсан ким экенине карабастан, ал үч божомолдун бирине кирет: же аймактык ортомчу (буга чейин Пакистандын армия башчысы деп айтылып келген, же башка бирөө болушу мүмкүн), же Ирандын ичиндеги прагматикалык топтун өкүлү, же болбосо түз саясий милдеттенмелерсиз байланыш каналдарын кайра ачууга багытталган атайын кызматтын же дипломатиянын жашыруун каналы.

Окуяларга талдоо жүргүзүү менен биз эки гана божомолду көрө алабыз: же Америка сүйлөшүүлөрдүн кээ бир шарттарын четке кагып, өзүнүкүн таңуулап жатат, же Иран революциясынын сакчылар корпусу бул шарттарды акылга сыйбаган жана кемсинтүүчү катары көрүп, алардан баш тартууда. Бул жагдай сакчылар корпусун бардык чечимдерден баш тарткандай көрсөтүп, Америка болсо бул «өжөрлүктү» дипломатиялык каналдар аркылуу ооздуктоого аракет кылып жаткандай таасир калтырат. Чындыгында болсо, бардык тынчтык жолдору түгөндү деген шылтоо менен коомдук пикирди чыңалуунун күчөшүнө даярдап жатышат.

Жыйынтыгында, бул татаал көрүнүш жөн гана суу жолу үчүн күрөш эмес, эки тараптын таасир талашуусу жана күч сынашуусу болуп саналат. Анткени Америка уранга кургактагы согуш же өзгөчө сүйлөшүүлөр аркылуу гана жете аларын жакшы билет.

Ошентип, Ормуз кысыгы жөн гана географиялык чекит болбой калды. Ал дүйнө үчүн саясий билдирүүлөрдүн жана басым жасоонун куралына, ошондой эле чечим кабыл алуучулардын кызыкчылыгы үчүн энергетикалык биржалар аркылуу акча сордуруучу платформага айланды. Трамптын «акыркы аракет» тууралуу сөздөрү сүрөттү тактагандын ордуна, аны ого бетер бүдөмүк кылууда. Өзгөчө, ар бир чоң чыңалуу сайын көшөгө артында жашыруун каналдардын пайда болушу, бул кагылышуу азырынча чечүүчү чекитке жете электигин жана «жарылуу» менен «ооздуктоонун» ортосунда турганын айгинелейт. Мүмкүн, бүгүнкү болуп жаткан окуялар аймактагы күчтөрдүн тең салмактуулугун кайрадан түзө турган узакка созулган согуштун баштапкы бөлүмү гана болуп жатат.

Эй Жакынкы Чыгыш эли, өзгөчө жалпы Ислам үммөтү! Маселелерди бөлүп-жарып, ар бир мамлекетти өз-өзүнчө колго алуу менен жасалып жаткан бул чабуулдар – аймакты алсыратуу, кемсинтүү жана анын саткын акимдерин кордоону тереңдетүү үчүн колдонулган системалуу механизм. Бирок түпкү максат андан да чоң б.а. яхудий түзүмүнө аймактын бардык тармагына кол салууга мүмкүнчүлүк берүү.

Бул акимдер болсо элдин алдындагы убактылуу гана тосмолор.  Каапыр Батыш бул тосмолорду атайылап, биринин артынан бирин кулатууда. Ошондуктан, келгиле, бул оюнду алардын өзүнө каршы буруп, бардык тосмолорду кулатып, алар корккон күчүбүздү көрсөтөлү! Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөөгө чакырып, Хизб-ут-Тахрирди жана анын азиздик менен намысты камтыган долбоорун колдойлу жана Аллах Субханаху ва Таала буюргандай Исламий жашоону кайрадан баштайлы.

Аллах Таала айтат:

﴿يُرِيدُونَ أَن يُطْفِؤُواْ نُورَ اللّهِ بِأَفْوَاهِهِمْ وَيَأْبَى اللّهُ إِلاَّ أَن يُتِمَّ نُورَهُ وَلَوْ كَرِهَ الْكَافِرُونَ﴾

«Алар Алланын нурун (тактап айтканда, Исламды) ооздору (пайдасыз сөздөрү) менен өчүрмөкчү болушат. Алла болсо, каапырлар каалашпаса да, Өз нурун (динин) толо (ар тарапка) жайуучу». (Саф: 8)

Набил Абдулкарим

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button