Кабар

«Акылдуу» эсептегичтер үчүн миллиондор төлөндү

«Акылдуу» эсептегичтер үчүн миллиондор төлөндү

Кыргызстанда энергетикалык инфраструктураны жаңылоо иштери жүрүп жатат. Бирок бул процесс өлкөдөн ири көлөмдөгү каражаттын сыртка чыгып кетиши менен коштолууда. Бул маселе Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында энергетика министринин биринчи орун басары Өмүрбек Женишбеков билдирүү жасагандан кийин талкууга түштү.
Анын айтымында, өткөн жылы өлкөдө Кытайдан алынган 500 миңге жакын «акылдуу» эсептегич орнотулган. Жалпы сатып алуунун суммасы 14 миллион долларды түзүп, бир эсептегичтин орточо баасы болжол менен 20 доллар болгон.
Ошол эле учурда айрым депутаттар мындай чечимге тынчсыздануусун билдиришти. Тактап айтканда, Улукбек Ормонов чоң суммадагы каражаттар эмне үчүн чет өлкөгө кетип, эмне үчүн жергиликтүү өндүрүш колдоого алынбай жатканын сурады.
Женишбеков түшүндүргөндөй, эсептегичтерди өлкө ичинде өндүрүү мүмкүнчүлүгү каралган. Бул үчүн «Дастан» заводунун базасында өндүрүштү ишке киргизүү пландалган. Бирок тараптар макулдашууга келе алган эмес, анткени жергиликтүү өндүрүштүн баасы кыйла жогору болуп чыккан — болжол менен 25 миллион доллар. Бул чет өлкөлүк сунуштардан 2,5 эсеге кымбат болгон.
Мындан тышкары, каржылоонун шарттары да маанилүү рол ойногон. Сатып алуу Дүйнөлүк банктын кредити аркылуу жүргүзүлгөндүктөн, милдеттүү түрдө ачык тендер өткөрүү талап кылынган. Натыйжада эң төмөнкү бааны сунуштаган кытайлык компания утуп чыккан.
Ошентип, бир жагынан “акылдуу” эсептегичтер аркылуу кышкы мезгилде карапайым калк запкы тартып жатса, экинчи жагынан калктан чогулган каражат тендер шылтоосу менен Кытайга чыгып кетүүдө.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button