Санариптик көзөмөл күчөтүлүүдө Жогорку Кеңештин кароосуна санариптик маалыматтар жана телекоммуникациялар тармагындагы эрежелерди олуттуу өзгөртүүнү камтыган мыйзам долбоору көрсөтүлдү. Долбоорго ылайык, маалымат менен иштөө жана байланыш операторлору менен өз ара аракеттенүү ыкмасы өзгөртүлөт. Тактап айтканда, күч түзүмдөрүнүн ыйгарым укуктары кеңейтилет. Аларга жабдуулардан гана эмес, түздөн-түз телекоммуникациялык тармактардан жана операторлордун маалыматтык базаларынан маалымат алуу мүмкүнчүлүгү берилет. Мыйзам долбоору жаңы технологиялык инструменттерди да киргизет. Алардын катарына адамдарды жана унааларды маалымат базалары аркылуу автоматтык түрдө аныктоого мүмкүндүк берген санариптик таануу системалары, ошондой эле серверлерден, жабдуулардан жана байланыш тармактарынан маалымат чогултуунун кеңейтилген мүмкүнчүлүктөрү кирет. Муну менен катар байланыш тармактарына жана жабдууларга көзөмөл күчөтүлөт. Документте байланыш операторлорунун милдеттери өзүнчө белгиленген. Алар өз системаларына жеткиликтүүлүктү камсыздап, атайын иш-чаралар үчүн техникалык чечимдерди киргизүүгө жана алардын иш ыкмаларын ачыкка чыгарбоого тийиш. Мындай инфраструктура үчүн кеткен бардык чыгымдар операторлорго жүктөлөт. Андан тышкары, бардык мобилдик жабдууларды мамлекеттик система аркылуу милдеттүү түрдө каттоо сунушталууда. Ошондой эле негизги санариптик системалар жана техникалык каражаттар улуттук коопсуздук органдарынын көзөмөлүнө өтөрү каралган. Өзгөчө кырдаалдарда же жаңжал учурунда айрым мобилдик жабуударды убактылуу бөгөттөө мүмкүнчүлүгү да каралган. Азыркы учурда мыйзам долбоору парламенттин кароосунда. Ал кабыл алынса, Министрлер кабинети алты айдын ичинде тиешелүү нормативдик актыларды жаңы талаптарга ылайык келтирүүгө тийиш болот. Бул демилге коомчулуктун көңүлүн бурууда. Анткени аталган демилге жеке жашоонун жана маалыматтын купуялуулугуна, санариптик байланыштарга мамлекеттик көзөмөл күчөтүлүшүнө түздөн-түз таасир кылат.

Санариптик көзөмөл күчөтүлүүдө
Жогорку Кеңештин кароосуна санариптик маалыматтар жана телекоммуникациялар тармагындагы эрежелерди олуттуу өзгөртүүнү камтыган мыйзам долбоору көрсөтүлдү.
Долбоорго ылайык, маалымат менен иштөө жана байланыш операторлору менен өз ара аракеттенүү ыкмасы өзгөртүлөт. Тактап айтканда, күч түзүмдөрүнүн ыйгарым укуктары кеңейтилет. Аларга жабдуулардан гана эмес, түздөн-түз телекоммуникациялык тармактардан жана операторлордун маалыматтык базаларынан маалымат алуу мүмкүнчүлүгү берилет.
Мыйзам долбоору жаңы технологиялык инструменттерди да киргизет. Алардын катарына адамдарды жана унааларды маалымат базалары аркылуу автоматтык түрдө аныктоого мүмкүндүк берген санариптик таануу системалары, ошондой эле серверлерден, жабдуулардан жана байланыш тармактарынан маалымат чогултуунун кеңейтилген мүмкүнчүлүктөрү кирет. Муну менен катар байланыш тармактарына жана жабдууларга көзөмөл күчөтүлөт.
Документте байланыш операторлорунун милдеттери өзүнчө белгиленген. Алар өз системаларына жеткиликтүүлүктү камсыздап, атайын иш-чаралар үчүн техникалык чечимдерди киргизүүгө жана алардын иш ыкмаларын ачыкка чыгарбоого тийиш. Мындай инфраструктура үчүн кеткен бардык чыгымдар операторлорго жүктөлөт.
Андан тышкары, бардык мобилдик жабдууларды мамлекеттик система аркылуу милдеттүү түрдө каттоо сунушталууда. Ошондой эле негизги санариптик системалар жана техникалык каражаттар улуттук коопсуздук органдарынын көзөмөлүнө өтөрү каралган. Өзгөчө кырдаалдарда же жаңжал учурунда айрым мобилдик жабуударды убактылуу бөгөттөө мүмкүнчүлүгү да каралган.
Азыркы учурда мыйзам долбоору парламенттин кароосунда. Ал кабыл алынса, Министрлер кабинети алты айдын ичинде тиешелүү нормативдик актыларды жаңы талаптарга ылайык келтирүүгө тийиш болот.
Бул демилге коомчулуктун көңүлүн бурууда. Анткени аталган демилге жеке жашоонун жана маалыматтын купуялуулугуна, санариптик байланыштарга мамлекеттик көзөмөл күчөтүлүшүнө түздөн-түз таасир кылат.




