Имам каапырлардын калканы эмес, мусулмандардын калканы!

Имам каапырлардын калканы эмес, мусулмандардын калканы!
Жаңылык:
Кары Мишари Рашид аль-Афаси X платформасында төмөнкүлөрдү жарыялады: «Имам – бул калкан… коопсуздук – күбө. Пайгамбар ﷺ айткан:
«إِنَّمَا الْإِمَامُ جُنَّةٌ يُقَاتَلُ مِنْ وَرَائِهِ وَيُتَّقَى بِهِ»
«Чындыгында, Имам – бул калкан анын артында туруп согушулат жана аны менен коргонулат”. (Бухари жана Муслим риваят кылган).
Бул күндөрдө биз бул хадистин маанисин вакыйлыкта көрүп жатабыз: калкан – бул жабуу жана коргонуу, аны менен коом сакталат жана өлкө корголот. Өлкө амири: “Мамлекеттин аскердик жана жарандык түзүмдөрү ар кандай шартта сиздердин коопсуздугуңуздарды жана амандыгыңыздарды камсыз кылуу үчүн, жогорку деңгээлде шайкештик жана даярдык менен иштеп жатат”. Копсуздук неъматы үчүн Аллага шүгүр. Баш ийүү тартипти орнотот, ал эми бекем тартип неъматты сактайт». (Мишари аль-Афаси)
Комментарий:
Абу Хурайрадан риваят кылынат, Пайгамбар ﷺ айтты:
«إِنَّمَا الْإِمَامُ جُنَّةٌ يُقَاتَلُ مِنْ وَرَائِهِ وَيُتَّقَى بِهِ، فَإِنْ أَمَرَ بِتَقْوَى اللَّهِ عَزَّ وَجَلَّ وَعَدَلَ كَانَ لَهُ بِذَلِكَ أَجْرٌ، وَإِنْ يَأْمُرْ بِغَيْرِهِ كَانَ عَلَيْهِ مِنْهُ»
«Чындыгында, Имам – бул калкан анын артында туруп согушулат жана аны менен коргонулат. Эгер ал Алла Таалага такыбалык кылууга буйруп, адилеттик кылса, ага ошол үчүн ажр-сыйлык болот. Эгер мындан башкасына буйруса, анын күнөөсү өзүнө болот» (Муслим риваят кылган).
Имам ан-Нававинин «Сахих Муслимге» берген шархында мындай делет: «Анын ﷺ : «имам калкан» деген сөзү жабуу дегенди билдирет. Анткени ал душмандын мусулмандарга зыян келтиришине тоскоол болот, адамдардын бири-бирине зыян келтиришин токтотот, Исламдын бүтүндүгүн коргойт. Адамдар аны менен коргонушат жана анын күчүнөн коркушат. “Анын артында туруп согуш кылынат” деген сөздүн мааниси – каапырлар, баш ийбегендер, хавариждер жана бардык бузукулук менен зулумдук ээлерине каршы согуш кылынат».
Афаси, сенин амириңде бул жабуу барбы?! Ал душмандын мусулмандарга зыян келтиришин токтоттубу?! Ал Газадагы яхудий түзүмүнүн кылмыштарына каршы турдубу?! Ал Ирандагы Американын текеберлигине каршы эмне кылды?! Ал Судандагы, Бирмадагы жана Чыгыш Түркстандагы мусулмандарга жасалган зулумдарга каршы бир чара көрдүбү?! Ал Исламдын бүтүндүгүн коргодубу?! Аль-Акса мечити булганып, анын эшиктери үммөт уулдары үчүн жабылып, ыйык жайларыбыз тебеленип жатканда, ал кайда жүрөт?!
Ал каапырлар, баш ийбегендер, хавариждер жана бардык бузукулук жана зулумдук ээлери менен согуш кылдыбы? Биз сенин амириңден, мусулман жерлерин Американын аскерий катышуусу үчүн маанилүү борборго айландыруусун гана көрүп жатабыз. Кувейт бир нече негизги америкалык аскер базаларын жана мекемелерин жайгаштырган. Анда 13 миңден ашуун жоокер бар, алардын көбү борбордун түштүгүндө жайгашкан. Аларга төмөнкүлөр кирет: Арийфжан негизги лагери, Али ас-Салем аба базасы, Бухринг лагери, Шуаибадагы Спирхед лагери жана Мухаммад аль-Ахмад деңиз базасы. Булардын баары логистикалык колдоо, кургактагы жана абадагы күчтөр үчүн колдонулат.
Ушундай амир калкан болобу?! Ал мусулмандар үчүн эмес, өлкөнүн байлыктарын талап-тоногон колонизатор каапырлар үчүн калкан. Ал мусулмандарга каршы согушат, ал эми колонизаторлорго тынчтык тартуулайт. Алар момундарга карата эч кандай келишимди да, уят-сыйды да сакташпайт жана жер жүзүндө бузукулук таратып, кыйратуу жана талкалоо куралдарын колдонушат! Мына ушундай сенин амириңдин абалы, эй Афаси!
Чынында, калкан болгон имам Аллахтын уруксаты менен жакында келет, биз аны менен коргонобуз жана анын артында согуш кылабыз. Ал Абу Бакр, Умар, Усман жана Али разияллаху анхум сыяктуу рошид имам болот. Ал динди пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид мамлекетинде орнотот. Халифалык мамлекети мусулмандарды коргогон, аларды жактаган, алардын ар-намысын сактаган жана канын Ислам акыйкаты менен гана коргогон мамлекет болот.
Умар ибн аль-Хаттаб разияллаху анху чындыгында туура айткан:
«Бийликтин улуулугу адамдарды коркутууда эмес, аларды коопсуз кылууда. Зулумду токтотуп, алсыздын акысын өзүнө берүүдө. Ошондо күчтүү токтойт, алсыз өзүн коопсуз сезет, адамдар мамлекеттен коркпой, ага таянышат. Алар адилеттүү, күчтүү амирин өздөрүн коргоо үчүн сакташат. Мындан башкасы – башкаруучу менен жарандардын бирге жоголушу гана».
Ошондуктан Хизб ут-Тахрир күнү-түнү тынымсыз аракет кылып, күч жана кубат ээлеринен нусрат сурап, үммөттүн күчүн бириктирүү жана акыйкат менен диндин сөзүн көтөрүү үчүн аракет кылууда. Алар Аллахтын ансарлары болушсун жана Аллахтын уруксаты менен бул дүйнөнүн урматына жана акыреттин неъматтарына жетишсин.
﴿وَلَيَنصُرَنَّ اللَّهُ مَن يَنصُرُهُ إِنَّ اللَّهَ لَقَوِيٌّ عَزِيزٌ﴾
“Албетте, Алла Өзүнүн (динине) жардам бере турган заттарды үстөм кылып койот. Шексиз, Алла Күчтүү, Кудуреттүү”. (Хаж: 40)
Ибтихал Умму Ато




