
Ташиевге кылмыш иши козголду
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев 29-апрелде ИИМге суракка чакырылып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу анын адвокаты Икрамидин Айткулов билдирди.
Маалыматка ылайык, Ташиевге Кылмыш-жаза кодексинин «бийликти күч менен басып алуу…» жана «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» боюнча кылмыш иши козголуп, эч жакка кетпөө тууралуу тил кат негизинде үй камагына чыгарылды. Ташиев өзүнө карата кылмыш иши козголгонун ырастаган билдирүү таратып, эч кандай коомдук же башка адамдардын кыймыл-аракеттеринин зарылдыгы жок экенин айтты.
Ташиев менен бирге мурдагы Башкы прокурор Зулушев менен экс-спикер Тургунбек уулу да сурак берип чыкканы маалым болду.
Белгилүү болгондой, Ташиевге карата кылмыш президенттик шайлоону быйыл өткөрүү демилгесин көтөргөн 75 адамдын кайрылуусу менен байланыштуу экени маалым. Бул окуянын артынан Ташиев баштаган бир катар УКМКнын жетекчилери кызматтан алынып, депутаттар мандатын тапшырган.
Ошондой эле, президент Жапаровдун Москвага болгон сапарынан кийин Ташиевдин суракка чакырылышын эске алуу керек. Президент бул сапардан кийин журналисттерге берген маегинде, Путин менен бардык негизги маселелер чечилгенин айткан. Мындан тыянак чыгарсак, өлкө бийлиги тышкы саясатта Россия аркасынан жүрүшүн тастыктап, мунун акысына Путин ички саясатты Жапаровдун каалоосуна таштаган болушу мүмкүн.
Демек, өлкөдөгү башкаруу диктатурага карай баратканын, коомдук көзөмөлдү күчөтүүнү көздөгөн мыйзамдардын кабыл алынышын эске алсак, Жапаров келе жаткан шайлоодо өзүнө тоскоол боло турган негизги күчтү сындырууга аракет кылууда. Анткени, жогорудагы саясатчыларга карата кылмыш ишинин козголушу алардын саясий окуяларга катышуусун чектейт. Бул болсо бийликти бир колго топтоого, өлкөдө диктатуралык режимди орнотууга шарт түзөт.
Жыйынтыктап айтканда, калкка айрыкча, мусулмандарга адилетсиз зулумдук көрсөткөн жетекчилер албетте жазасын алууга тийиш. А бирок, бул бийликтин бир колго топтолуп калк үстүндөгү зулумдукту күчөтүшүнө жол ачпашы керек. Андыктан, калк өзүнүн колундагы чоң күчтү колдонуп, бийликтин ар бир адилетсиз аракетин тергеп, жамандыктан кайтарууга аракет кылуусу шарт. Айрыкча, Ислам жана мусулмандарга карата куугунтукту токтотууну талап кылуу зарыл. Исламда акимдерди мухасаба кылуу мусулмандардын милдети. Расулуллах (с.а.в):
“مَنْ رَأَى مِنْكُمْ مُنْكَرًا فَلْيُغَيِّرْهُ بِيَدِهِ، فَإِنْ لَمْ يَسْتَطِعْ فَبِلِسَانِهِ، فَإِنْ لَمْ يَسْتَطِعْ فَبِقَلْبِهِ، وَذَلِكَ أَضْعَفُ الْإِيمَانِ”
“Кайсы бириңер бирер жаман ишти көрсө, аны колу менен өзгөртсүн. Буга күчү жетпесе, тили менен өзгөртсүн. Эгер буга да кудуреттүү болбосо, дили менен өзгөртсүн. Мунусу болсо ыймандын өтө алсыздыгы”, – деген. (Муслим риваяты). Хадис умумий болуп акимдерди мухасаба кылууну да өз ичине алат.
Мумтаз Маверанахрий




