Америка жана кыйроого карай сапар

Америка жана кыйроого карай сапар
Заманбап мамлекеттердин жүрүшүн ойгонуу жана төмөндөө себептерин жакшы билген адистин көзү менен карасак, Америка башынан өтө оор баскычты өткөрүп жатканын толук аңдайбыз. Анткени ал ондогон жылдардан бери чокуда жалгыз турганына карабастан, төмөндөөгө карай сапарын баштаган. Анын чокуда калып турушу өзүнөн күчтүү атаандаштын жетиштүү деңгээлде чыгып, аны сүрүп чыгара албагандыгына байланыштуу. Ал эми анын өзү болсо үстөмдүк жана сакофий-материалдык лидерлик тепкичтеринде көтөрүлө алган жок.
Анын төмөндөшүнүн себептери – кризистеринин көбөйүшү, аларды чечүүдөгү олуттуу ийгиликсиздиги жана улам көбөйүп жаткан башаламан, шашылыш кабыл алынган чечимдер. Андан соң ошол шашылыш чечимдер бузуп салган нерселерди кайра оңдоого аракет кылуусу. Дүйнөлүк майдан боштукту көтөрө албайт. Ошондуктан бул жырткыч мамлекеттин кыйынчылыкты күчөткөн аракеттери анын душмандарында аны кулатуу жана анын үстөмдүгүнөн кутулуу жолдорун издеп баштоого түрткү берди. Ал эми кризистер тууралуу көптөгөн байкоочулар сөз кылышкан. Алардын эң негизгилерин белгилеп өтсөк, мабда жана хазарий баалуулуктар кризиси:
Америка өзүн дүйнө жүзүндө демократияны жана адам укуктарын коргоочу мамлекет катары көрсөтүп келген. Ошондой эле диктатурага, зулумдукка жана артка тарткан режимдерге каршы күрөшкөнүн айткан. Андан тышкары, ал эркин капиталисттик экономиканын лидери экенин, ар бир адамга инвестиция салууга, атаандашууга жана экономикалык гүлдөп-өсүүгө мүмкүнчүлүк беришин билдирген. Бирок бул жалган тез эле ачылып калды. Себеби вакыйлыкта колонизатордук, ач көз капиталисттик мабда материалдык пайдасын байларга гана артык көрүп, бардык «баалуулуктар» жана «укуктар» деп айтылган нерселерди тебелеп-тепсейт. Натыйжада Батыш мамлекеттеринин, айрыкча Американын, дүйнө элдерине карата кысым көрсөтүү, талап-тоноо жана колонизатордук саясаты ачык көрүнүп калды. Мындан тышкары, бул жалган тууралуу аң-сезим Батыш коомунун өзүнө да жетти. Анткени алар да талап-тоноого, кысымга жана зулумдукка дуушар болушту. Натыйжада алар капиталисттик мабдага болгон ишенимин жоготуп, башаламандыкка батып, альтернатива издеп жаткан баскычка киришти.
Каржылык жана экономикалык кризис:
АКШнын саясаты жасалма, рибага негизделген экономика аркылуу түзгөн ири каржылык көбүк, долларларды алтын же реалдуу товарлар менен камсыздабастан басып чыгаруу, ашыкча чыгымдар жана чексиз карыз алуу менен коштолот. Бул ири экономист адистерди бул көбүктүн жакында жарылары жана АКШ экономикасынын тарыхый кыйроосу болоору тууралуу эскертүүгө мажбур кылды. Өткөн кылымдагы улуу депрессия бул кыйроонун алдында жөн гана майда окуядай көрүнүп калат. Бүгүнкү күндө АКШ инфляцияны жана экономикалык токтоп калууну токтото албай калды. Ал болгону казына облигацияларындагы риба деңгээлин көтөрүү же түшүрүү сыяктуу ийгиликсиз аракеттерге, же башка элдерден миллиарддарды талап-тоноого, же болбосо ар кайсы жерлерде согуш чыгарып курал-жарак өнөр жайын жандандырууга таянууда. Чындыгында булар негизги чечим эмес, тескерисинче жаңы көйгөйлөргө качуу болуп, мурунку кризистерди ого бетер оорлотууда. Ошондуктан АКШ экономикасынын күтүүсүз кыйрашы жана америкалык эл банк эсептериндеги жана биржа таблицаларындагы топтолгон сандарга ишенип жашап келген иллюзиясы кулагандан кийин өздөрүн банкрот же дээрлик банкрот абалда табышы күтүлүүдө.
Ички жана тышкы саясий кризис:
Бүгүн АКШ ичинде анын курамдык бөлүктөрүнүн ортосунда терең бөлүнүү байкалууда. Көптөгөн маселелер боюнча саясий карама-каршылыктар күчөп жатат. Алардын катарында дүйнөнүн ар тарабынан келген түстүү мигранттар АКШнын бүтүндүгүнө коркунуч туудурат деп эсептеген ак расизм маселеси. Либералдык эркиндиктер, гендер, гомосексуализм жана жынысты алмаштыруу сыяктуу маселелердеги талаштар бар. Мындан тышкары, яхудий түзүмүн анын жырткыч аракеттеринде колдоо маселеси боюнча да катуу талаш күчөдү. Ошондой эле бай штаттардын федералдык биримдиктен бөлүнүүгө болгон каалоосунун өсүшү, өлкөнү башкаруу ыкмасы жана келечек муундардын тагдыры боюнча пикир келишпестиктер бар. Мунун баары жакын арада жарандык согуш коркунучун билдирет, эң жакшы учурда ички көтөрүлүштөр жана баш аламандыктар болуп, ички абалды солгундатып жибериши мүмкүн.
Ал эми тышкы саясат жаатында учурдагы администрация дүйнөдө дээрлик союздаш калтырган жок. Анткени ал бардыгы менен мурда болуп көрбөгөндөй текеберлик жана оройлук менен мамиле кылууну атайылап тандады. Ал тургай, достук мамиледеги мамлекеттерди басып алуу, алардын аймактарын күч менен ээлеп алуу жана өзүнө кошуп алуу менен коркутууга чейин барды. Ошондой эле дүйнөлүк деңгээлде мунай, газ жана энергия булактарына көзөмөл орнотуп, алар аркылуу өзүнүн негизсиз жана күтүүсүз талаптарын аткарбагандарга басым жасоо ниетин ачык билдирүүдө. Натыйжада ал жек көрүндү мамлекетке айланып, көпчүлүк мамлекеттер кызматташуу жана союздаш болуу үчүн башка альтернативаларды издей баштады.
Атаандаштарды жана каршылаштарды чектөөдөгү алсыздык кризиси:
АКШ Кытайдын өнөр жай, илимий, экономикалык, аскердик жана саясий өсүшүн токтотууда олуттуу түрдө ийгиликсиз болду. Бүгүн Кытай бир катар тармактарда чындап эле алдыга чыгып кетти. Эгер Кытай аны биринчи держава макамынан түшүрүүнү чечсе, бүгүн муну жасай алат жана бул мүмкүнчүлүгү күндөн-күнгө күчөп жатат. Ошондой эле АКШ Россияны да сындырууда ийгиликке жеткен жок, Украина тузагы жакын арада өзүнө жана Европага каршы бурулуп кетиши мүмкүн. Мындан тышкары, мурда анын эркине моюн сунуп, кызыкчылыктарын камсыздап келген мусулман өлкөлөрүндөгү айрым режимдердин берилгендигин да жогото баштады.
АКШ ийгиликсиз болгон эң маанилүү тармактардын бири – исламий долбоорду, башкача айтканда «саясий исламды» жок кыла албаганы болду. Бул долбоорго каршы бардык деңгээлдерде токтобогон соккулар болгонуна карабастан, эл арасында Американын жана Батыштын душмандыгы тууралуу аң-сезим өсүп жатат. Ошондой эле исламий биримдикке, шариат менен башкарууга жана бириктирүүчү исламий мамлекетке (Халифалыкка) кайтуу зарылдыгы тууралуу түшүнүк кеңейүүдө. Бул долбоор үчүн иш алып баргандардын күчү өсүп, фикрат исламий чөйрөдө жайылып жатат. Бул болсо Америка жана жалпы Батыш цивилизациясы үчүн эң кооптуу душмандын күтүүсүз көтөрүлүшүнөн кабар берет.
Жакынкы Чыгыштагы согуш кризиси:
Акырында, мааниси жагынан эң маанилүү нерселердин бири – АКШнын Иран жана анын аймактагы куралдуу күчтөрү менен болгон кагылышка аралашып кетиши. Натыйжада анын кадыр-баркы жана коркутуучу күч образы катуу солгундады. Ал режимди ички жактан кулатууда ийгиликке жеткен жок жана оппозициянын колдоосун да жоготту. Анткени алар өз режимине каршы болгону менен, өлкөлөрдү кыйратып, талкалап жаткан Америка жана яхудий түзүмүнө да душман болуп калышты. Алар Иранды таш дооруна кайтаруу ниетин ачык жарыялашууда.
АКШ согушкерлерди багындырууда да ийгиликке жеткен жок. Трамп алгачкы күндөрдө эле жетишем деп ойлогон бул максат ишке ашкан жок. Ирандын революциялык гвардиясы (сакчылар корпусу) согушту токтотуудан жана Ормуз кысыгын ачып берүүдөн баш тартып, АКШны кемсинткен шарттарды койду. Согушту улантуу ракеталарга каршы ракеталардын көбүрөөк сарпталышын, аймактагы АКШ базаларынын көбүрөөк талкаланышын, яхудий түзүмүнүн инфраструктурасынын көбүрөөк кыйрашын жана анын аскерлеринин Түштүк Ливанда көбүрөөк алсырашын билдирет.
Эгер Трамп кургактагы операция жүргүзүүнү чечсе, анда ал өз аскерлери үчүн чоң жоготуулар коркунучуна барат. Анын алдында салттуу эмес куралдарды колдонуп, Хиросима жана Нагасакиден кийинки Япониянын багынышына окшош сценарийди таңуулоодон башка жол калбай калды. Бирок бул кадам толугу менен өзүнө каршы бурулуп кетиши мүмкүн, анткени ал дүйнөлүк ядролук согушка жол ачат. Мындан тышкары, андан кийин да революциялык гвардиянын багынышы кепилденбейт, тескерисинче бүткүл аймак ага жана анын эрке союздашына каршы тутанып кетиши мүмкүн.
Кыскача айтканда, бүгүн АКШ жасап жаткан бардык аракеттер анын солкулдашын тездетүүдө. Натыйжада жакын арада, Аллахтын уруксаты менен, тикеленген рошид Халифалык мамлекети аны акыркы сокку менен жок кылууга даяр болот.
Роя гезити
Аднан Мизьян




