Роя гезити

Пакистан жетекчилеринин Америка менен Иран ортосундагы ортомчулугу

Пакистан жетекчилеринин Америка менен Иран ортосундагы ортомчулугу

Америка жана яхудий түзүмүнүн Имам Муслимдин жерине каршы кол салуусу башталгандан бери алты жумадан ашык убакыт өттү. Ошондон бери дүйнө эки тарапка бөлүндү: бири — Иранга каршы жортуул тарабында тургандар, экинчиси — окуяларга байкоо салып, бирок эч кандай аракет кылбагандар. Акыркыларына белгилүү бир деңгээлде Европа өлкөлөрү, Россия жана Кытай кирет.

Ал эми бул жортуулду колдоп чыккандар аймактагы Америкага кызмат кылган агенттер жана өкүлдөр, башкача айтканда, ислам өлкөлөрүнүн башкаруучулары жана жетекчилери, айрыкча Иранды курчап турган зыяндуу мамлекеттер болду. Алардын башында Пакистан турат. Алардын позициясы эки жүздүүлүгүн, өзгөрмөлүүлүгүн жана бардык асыл баалуулуктарды четке какканын айкын көрсөттү. Алар мусулмандын мусулманга болгон укугун, душмандарына каршы жардам берүү милдетин сакташкан жок. Ошондой эле Пайгамбар ﷺ  осуят кылган коңшулук укугун да сакташкан жок.

Алар бир эле урууга жана бир эле тукумга таандык болгон бир туугандар менен коңшулардын ортосундагы кан байланышын да эске алышкан жок. Пакистан башкаруучулары өздөрү таандык болгон Ислам өкүмдөрү менен иш кылышкан жок. Алар жада калса жахилият доорундагы арабдарга да жетишкен жок, башкача айтканда, Абу Жахл намысынан жана уруучулук байланышынан келип чыгып амал кылганы сыяктуу да амал кылышкан жок, эки өлкө ортосундагы “чек ара” деп аталган сызыктын эки тарабында жашаган бир уруунун адамдарын да коргобой коюшту.

Иранга каршы жортуул башталгандан бери Пакистан башкаруучулары абдан активдешти. Ал тургай фельдмаршал Асим Мунир Америка менен Иран ортосунда ортомчулук кылып, ок атышууну токтотуу жана чыңалууну азайтуу үчүн аракет кылып жатып, “уйку көрбөй калдым” деп айтты. Бул сөздөр анын эки тарапка тең бирдей аралыкта тургандай көрүнүшүн берет. Бирок чындыгында ал үчүн маселе так болушу керек эле: өзүнүн мусулман бир тууганынын, коңшусунун жана бир уруудан болгон адамынын тарабында турушу керек эле. Бул тууралуу Пайгамбар  «الْمُسْلِمُ أَخُو الْمُسْلِمِ» :ﷺ

«Мусулман мусулмандын бир тууганы» –деген.

Пакистан башкаруучуларынын кыянат аракеттери муну менен гана чектелген жок. 2026-жылдын 18-апрелинде Антальяда Түркия, Египет, Пакистан жана Саудиянын тышкы иштер министрлеринин үчүнчү жыйыны өттү. Жыйында негизги көңүл Пакистандын Америка менен Иран ортосундагы ортомчулугун колдоого жана ок атышууну токтотуу, чыңалууну азайтуу сыяктуу аймактык маселелерге бурулду.

Жыйынга Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан, Саудиянын тышкы иштер министри Фейсал бин Фархан, Египеттин тышкы иштер министри Бадр Абд аль-Аты жана Пакистандын вице-премьер министри Исхак Дар катышты. Бирок ортомчулуктун башында турган (чындыгында бул ортомчулук эмес) Пакистан башкаруучулары Америка жана яхудий түзүмүнө жагалданган позицияны карманышты.

Пакистандык саясий жана аскерий жетекчилер Америка жетектеген кресттүү жортуулунун жеңишин камсыз кылуу үчүн көп аракет кылышканына карабастан, Америка согуш талаасында мындай жеңишке жете алган жок. Ошондуктан бул альянстын жетекчилери менен Иран сүйлөшүү тобунун жолугушуусу Исламабадда уюштурулду.

Ошол тарапташтар өз кожоюндары үчүн жеңишке жетүү аракетинде ийгиликке жете албагандан кийин, бул жеңишти аскердик күч менен камсыз кылуу үчүн, алар пакистандык мусулман аскерлерди душмандын фронтуна жөнөтүштү. Мунун баары эмчектеги бала да ишенбеген шылтоолор менен негизделди, тактап айтканда, «Пакистан менен Саудия ортосундагы биргелешкен коргонуу келишими алкагында» деп актанышты. Бул келишим аймактагы Американын жана анын агенттери болгон Сауд үй-бүлөсүнүн кызыкчылыктарын коргоо үчүн түзүлгөн беле?!

Андан тышкары, Хижаз өзү деле Америкага кызмат кылган Сауд үй-бүлөсүнүн башкаруучуларынан тазаланууга муктаж эмеспи? Алар өлкөнү Американын кресттүү күчтөрүнө толук ачып берип, аскердик базаларды орнотууга шарт түзүштү. Ал базалардан алардын күчтөрү чыгып, мурда Рашиддин жерлерин ургандай, бүгүн Муслим менен Бухарийдин жериндеги биздин элди бомбалап жатат.

Пакистан аскердик жактан Ирандын тарабында турушу керек эле. Анткени Аллахтын Элчиси ﷺ  Мадина келишиминде мындай деп жазган:

«وَإِنَّ سِلْمَ الْمُؤْمِنِينَ وَاحِدَةٌ؛ لَا يُسَالِمُ مُؤْمِنٌ دُونَ مُؤْمِنٍ فِي قِتَالٍ فِي سَبِيلِ اللَّهِ، إِلَّا عَلَى سَوَاءٍ وَعَدْلٍ بَيْنَهُمْ»

«Чындыгында, момундардын тынчтыгы бир. Аллах жолундагы согушта бир момун экинчи момундан бөлүнүп өз алдынча келишим түзбөйт, алардын ортосундагы (келишимдер) адилет жана тең негизде гана болот».

Бул өкүм Американын буйругу менен жана анын кызыкчылыгы үчүн ортомчу болууга, ал тургай Иранга басым көрсөтүү максатында өз аскерлерин Саудияга жөнөтүүгө карама-каршы келет. Мусулмандын өз бир тууганына жардам бериши жасалма же эки жүздүүлүк менен эмес, чыныгы бир туугандык болгондо гана ишке ашат. Пакистан башкаруучуларынын абалы мына ушундай. Аларды куфр башчысы Трамп мактап: «Фельдмаршал укмуш иш кылды, премьер-министр да Пакистанда абдан мыкты болду» деп, ал тургай «келишимге кол коюлса, аларды урматтоо үчүн ал жакка барышым мүмкүн» деп билдирди.

Эгер Пакистан башкаруучулары Мухаммад бин Касым же Салах ад-Дин аль-Айюби сыяктуу болгондо, Американын Иранга каршы аскердик жеңишке жете албаганын пайдаланып, Ирандагы бир туугандарына жардам беришмек жана Американын флотторун булуңдун сууларына чөктүрүшмөк. Алар Сауд үй-бүлөсүнүн тактысын коргоо үчүн аскер жөнөтүүнүн ордуна, эки ыйык жердин аймагын алардын булганычынан жана Америка базалары менен кемелеринен тазалашмак.

Ошондой эле алар Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты орнотуу үчүн Хизб ут-Тахрир партиясына нусрат беришмек жана Хорасан элине ушул зулумдан чыгуу үчүн, Халифалык мамлекетине таянып биригүү жолун сунуш кылышмак. Халифа Хижазды, Хорасанды жана Пакистанды бириктирген соң, кыска убакытта улуу мамлекет түзүлмөк.

Эми суроо: Пакистан армиясындагы чынчыл адамдар Равалпинди менен Хижаз жеринде кыймылга келип, эки өлкөдөгү саткын башкаруучулардын тактыларын кулатып, өздөрүн жана аскерий-фикрий акыйдасын чагылдырган чыныгы жетекчиге нусрат беришеби? Же болбосо ушул саткын жетекчиликтин артынан ээрчип, акыры Америка Иранды сүйлөшүү үстөлүндө жеңип, андан соң кезек Исламабадга келгенге чейин жүрө беришеби?

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِنْ تَنْصُرُوا اللَّهَ يَنْصُرْكُمْ وَيُثَبِّتْ أَقْدَامَكُمْ﴾

«Эй момундар, эгер силер Аллага жардам берсеңер (тактап айтканда Анын жолунда жихад кылсаңар), Ал Зат да силерге жардам берет жана согуш майданында кадамдарыңарды бекем, туруктуу кылат». (Мухаммад: 7).

Роя гезити

Билал аль-Мухажир

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button