Ливандын яхудий түзүмү менен сүйлөшүүлөрү

Ливандын яхудий түзүмү менен сүйлөшүүлөрү
Ливан менен яхудийлердин ортосунда сүйлөшүү линиясын ачуу маселеси — 2025-жылы бийликке келген мамлекет башчысы Жозеф Аун жана Премьер-министр Наваф Салам башында турган ливандык бийлик үчүн жаңы эле пайда болуп калган иш аракет эмес. Ливандын ички иштерин күзөтүп жүргөндөр яхудийлер менен сүйлөшүү акыркы согуштун же курч окуялардын натыйжасында эле жаралбаганын билишет. Бул нерсе бийликтин иш программасында башынан эле бар болчу.
Өзгөчө Жозеф Аун президенттикке келгенден кийин, анын саясий риторикасында куралдуу күрөш жолунан алыстап, этияттык менен болсо да тынчтык жолун тандоо белгилери байкала баштаган. Ал 2025-жылдын 11-июлундагы билдирүүсүндө: «Тынчтык — бул согуштун жоктугу, учурда Ливан үчүн маанилүүсү ушул…» — деп айткан. Кийинчерээк, 2025-жылдын 7-октябрында Газадагы согушту токтотуу келишиминен соң, окуялар өнүгүп олтуруп, 2025-жылдын 3-декабрында Ливан менен яхудийлер ортосунда түз сүйлөшүүлөр башталды.
Сүйлөшүүлөргө мурдагы элчи Симон Карам баштаган ливандык аскерлерден турган делегация катышты. Карамдын делегациядагы жарандык өкүл катары дайындалышы саясий чөйрөнүн бир добуштан макулдугу менен ишке ашкан. Жолугушуу Ливан менен Палестинанын ортосундагы Накура аймагында өттү. Мындан мурун, 2025-жылдын 25-октябрында Том Баррактын: «Тынчтык «курулушунун» бүтө элек кийинки эки бөлүгү бул Сирия жана Ливан» — деген билдирүүсү да бекеринен чыккан эмес.
Бирок, 2026-жылдын 28-февралында Ирандын Жогорку лидери Али Хаменеинин өлтүрүлүшү, ага жооп катары Ирандын жана анын Ливандагы партиясынын (Хезболла) соккулары жана Ливандын согуш куюнуна кириши менен, Ливан менен яхудий тараптын ортосундагы сүйлөшүү маселеси дагы да кенен, ачык жана масштабдуу түрдө күн тартибине чыкты. Ливан бийлиги муну Ливанды аймактык кагылышуулардан чыгаруу жана башка кызыкчылыктардан бөлүп алуу деген шылтоо менен чоң кадам таштоо үчүн ыңгайлуу мүмкүнчүлүк катары колдонгондой болду.
Бул тууралуу билдирүүлөр абалды ачык айгинелеп турат:
2026-жылдын 19-мартында Ливандын Премьер-министри CNN телеканалына Трампка кат жөнөткөнүн жарыялап: «Мен президент Трампка “Израиль” тарап менен токтоосуз сүйлөшүүлөргө кирүүгө даяр экенибизди ырастагым келет», — деди.
2026-жылдын 9-апрелинде Ливандын Президенти (Аль-Жазира каналы аркылуу): «Биз досторубуз менен байланышып, ок атышууну токтотууну жана сүйлөшүүлөргө барууну талап кылып жатабыз», — деп билдирди.
Ал эми 2026-жылдын 11-апрелинде Пакистандагы ирандык медиа-делегациянын мүчөсү Сейид Маранди X платформасында: «Ливандын Премьер-министри Наваф Салам Ливандагы ок атышууну токтотууга тоскоолдук кылууда. Бул нерсе (израиль) режими менен түз сүйлөшүүлөр жана мамилелерди нормалдаштыруу алкагында гана ишке ашуусун талап кылып жатат», — деп жазды.
Андан соң Жозеф Аун менен Наваф Саламдын билдирүүлөрү кайрадан айтылган сөздөрдү тастыктап чыкты. Ормуз кысыгы ачылып, Ливанда ок атышууну токтотуу же 10 күндүк убактылуу тыныгуу 2026-жылдын 16-апрели, бейшемби түн ортосунда жарыялангандан кийин, 18.04.2026-жылы Улуттук маалымат агенттиги билдирген жана ошол эле күнү «Sky News Arabia» келтирген маалыматта: «Жолугушуудан кийин Салам президент Аун менен болгон талкууда Ливандын сүйлөшүүлөргө даярдыгы да каралганын түшүндүрдү…» — деп айтылган. Ал эми Аун 17.04.2026-жылы өкмөтүнүн яхудий түзүмү менен түз сүйлөшүүлөр жүргүзүү кадамын коргоп: «Сүйлөшүүлөр алсыздыкты, артка чегинүүнү же багынууну билдирбейт. Тескерисинче, бул Ливандын укуктарына болгон ишенимге негизделген чечим», — деген.
Мунун артынан АКШнын Сирия боюнча атайын өкүлү Том Баррактын билдирүүсү келип, ал 17.04.2026-жылы Ливандын «Ан-Нахар» гезити жарыялаган билдирүүдө мындай деген: «Ливандын президенти Жозеф Аун менен премьер-министри Наваф Салам Ливанды башкаруучулары ичинен эң мыктылары». Албетте, Баррак жана анын артындагы Америка берген бул “мыкты болуунун” баасы алардын АКШ талаптарына жооп берип, яхудий түзүмү менен түз сүйлөшүүлөрдү баштоо багытында жүрүп жатышы менен төлөнүп жатат. Бул сүйлөшүүлөрдүн башталышы Вашингтондо 10.04.2026-жылы Ливандын элчиси менен яхудий түзүмүнүн Вашингтондогу элчисинин ортосунда телефон аркылуу байланыш түзүлүп, Ливандагы АКШ элчисинин көзөмөлү астында өткөнү менен байкалган. Андан соң 15.04.2026-жылы, шейшемби күнү, АКШнын Тышкы иштер министрлигинде жолугушуу өткөрүлгөн.
Белгилей кетүү керек, Ливандагы «Хизб ут-Тахрир» партиясы бул багыттагы төмөндөө жолду Ливан 2020-жылдан бери тандап келе жатканын эрте эле эскерткен. Ал кезде яхудий түзүмү менен деңиз чек араларын белгилөө процесси башталган. Партия өзүнүн ачык билдирүүсүндө мындай деген: «Тынчтык, нормалдаштыруу, чек араларды белгилөө жана яхудий баскынчы түзүмү менен мамиле түзүү сыяктуу ар башка аталыштар болсо да, маңызы бир эле б.а. Аллахка, Анын Элчисине ﷺ жана момундарга чыккынчылык кылуу».
Ливан андан кийин деңиз чек арасынан кийинки экинчи кадам катары кургактык чек араларын белгилөө багытына да бара жаткан. Бирок 2023-жылдын октябрындагы «Акса ташкыны» операциясынан кийинки окуялар жана Иран партиясынын бул окуяларга аралашуусу бул ишти убактылуу токтотуп, тоскоолдук кылды. Андан соң Трамп АКШ президенттигине экинчи жолу келип, өзүнүн таасир чөйрөсүндөгү режимдерге жана агенттерине басым жасап, аймакта «Ибрахим келишимдери» деп аталган долбоорду жүргүзүү үчүн согуштук ыкмаларды колдонгондо, Ливан бийлиги кайрадан, бирок бул жолу ачык түрдө, өзүнүн багытын жана ал АКШнын долбоору менен түп-тамырынан байланышканын жарыялады. Тагыраак айтканда, яхудий баскынчы кылмышкер түзүмү менен сүйлөшүүлөр, тынчтык жана нормалдаштыруу жолун карманганын далилдеди.
Негизи Ливан мурда эле ушул багытта бара жаткан, бирок бүгүнкү күндө ал ага толук батты. Бул маселеде кандайдыр бир кечигүү болсо, ал Ливандын саясий чөйрөсүндөгү жетекчилер бул жолдун бузук экенине ишенгенинен эмес, тескерисинче, бул эл аралык же аймактык сүйлөшүүлөргө, айрыкча АКШ менен Иран ортосундагы процесстерге байланыштуу болуп, алар токтосо же жанданса, бул маселе да ошого жараша өзгөрөт.
Бирок бул чыккынчылык багытты Ливанда жана жалпы аймакта түп-тамырынан өзгөртө турган окуя — шарият боюнча да, вакыйлык боюнча да — мусулман өлкөлөрүндөгү нусрат ээлеринин кыймылга келиши болуп эсептелет. Алар бийликти «Хизб ут-Тахрирге» өткөрүп берип, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифат мамлекетин тикелөө аркылуу исламий жашоону кайра баштоого жол ачышы керек. Айрыкча нусрат жана күч ээлери өз көздөрү менен көрүп, түшүнүп жатышат: мусулмандардын акыйдавий күчү, алардын жерлеринин географиялык абалы, дүйнөдө Америка менен яхудий түзүмүнүн аброюнун түшүшү жана эл аралык түзүмдөрдүн кыйрашы кадамды эч тартынбастан жасоого ылайыктуу шарт түздү. Маселе куралдын же күчтүн чоңдугунда эмес, аларды колдоп турган күчтө. Ал күч мусулмандар, алар өз иштерин башкарып, алардын канын, мал-мүлкүн, намысын жана жерлерин коргой турган чынчыл жетекчиликти күтүп турушат.
Роя гезити
Инженер Мажди Али




