Комментарий

Европанын Орусия-Украина согушун токтотуу үчүн кылган куру аракети

Европанын Орусия-Украина согушун токтотуу үчүн кылган куру аракети

Жаңылык:

«Euronews» гезити шейшемби күнү АКШ Европа Биримдигинин Украина боюнча ыктымал атайын өкүлүн тааныбай коюшу жана аны сүйлөшүү жараянына катыштырбай четтетиши мүмкүн экенин маалымдады.

Гезитте: «Бүгүнкү күнгө чейин америкалыктар Европа Биримдигинин атайын өкүлүнүн легитимдүүлүгүн таанып, аны менен өтө жашыруун талкууларды жүргүзөрүнө эч кандай кепилдик жок» деп айтылган. Ошондой эле «Европа Биримдиги украин жаңжалын токтотуу үчүн Орусия менен түз диалогго барууга барган сайын көбүрөөк ыктап жатат» деп белгиленди.

Февраль айында Европа парламентинин мүчөсү жана Эстония куралдуу күчтөрүнүн мурдагы башкы командачысы Рихо Террас: «Украина боюнча мунасага жетүү үчүн Европа Биримдигинин атайын өкүлүн дайындоо пикирин натыйжасыз пикир деп эсептейм», анткени «аны эч ким укпайт» деп билдирген.

«Politico» сайты европалык дипломатка шилтеме берип, Европа Биримдигинин тышкы иштер боюнча комиссары Кая Каллас Орусия менен болушу мүмкүн болгон сүйлөшүүлөрдө ортомчу ролун өзүнө алуудан баш тартканын маалымдады.

Мындан тышкары, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров буга чейин Орусия эч качан диалогдон баш тартпай турганын, бирок азыркы европалык лидерлер менен келишимге жетишүү, сыягы, мүмкүн эмес экенин билдирген.

Комментарий:

Европа мамлекеттери АКШ аларды таштап, Орусияга жеңил олжо катары калтырганын аңдашты. Ошондуктан алар өздөрүнүн гана көз карашын билдире турган атайын өкүл жөнөтүүгө аракет кылып жатышат. Анткени алардын аң-сезиминде Украинанын коопсуздугу — Европанын коопсуздугу деген түшүнүк калыптанды. Европа Орусия менен АКШнын ортосундагы келишим аркылуу Украина колдон чыгып кетип жатканын түшүнүүдө. Учурда сунуш кылынып жаткан чечим боюнча Украинаны экиге бөлүп, чыгыш бөлүгү Орусиянын көзөмөлүндө калат, ал эми батыш бөлүгү куралсыздандырылып, «жаңы Украина мамлекети» деп аталат.

Бул чечим Европа Биримдигине жакпайт. Мындай позиция алардын Украина үчүн кабатыр болгондугунан эмес, өздөрүн тынчсыздандырганына байланыштуу. Анткени Орусия кийинчерээк Чыгыш Европа мамлекеттеринин айрымдарын да өз көзөмөлүнө алып коюшу мүмкүн деп чочулашат.

Ошондуктан Европа АКШга каршы жаңы көз карашты көрсөтүүгө аракет кылып жатат. Бирок Орусия Европанын алсыз экенин, эч нерсеге күчү жетпей турганын жана сүйлөшүүлөрдөн анча маанилүү натыйжа ала албасын жакшы билет. Анткени ал Украина сахнасында АКШнын таасири үстөмдүк кылып турганын жана Европа АКШнын колдоосу жок эч нерсе кыла албасын түшүнөт. Ошондуктан буга анчалык көңүл бурбайт.

Ал эми АКШ болсо мындай өкүлдү жана сүйлөшүүчүнү тааныбай турганын ачык билдирүүдө. Мунун себеби жөнөкөй: ал кырдаалга байланыштуу бардык жиптерди өз колунда кармап турат жана Орусияга Европанын шарттарын эмес, өз шарттарын таңуулоону каалайт. Орусия да дээрлик АКШ каалаган нукта бара жаткандай. Бир аз убакыт өткөндөн кийин Орусия-Украина согушун токтотуунун башталышына жол ача турган так жыйынтыктар калыптанары күтүлүүдө.

Мындан тышкары, Европа Иран согушу боюнча өз позициясын аныктап, ага аралашпай турганын жарыялап, АКШга каршы чыкты. Бул болсо АКШ Европага эркин дем алууга мүмкүнчүлүк бербей турганын жана Орусия-Украина согушун токтотуу “жакшылыгын” ага ыраа көрбөй турганын билдирет. Тескерисинче, ал НАТОну жоюу менен коркутуп, Европа мамлекеттерин ушул аркылуу кысымга алууда.

Ошондуктан Европа мындай татаал чаташкан шартта Орусия-Украина согушунун түйүнүн чечүүгө куру аракет кылып жатканы көрүнүп турат. Европа АКШнын таасиринен ага каршы чечкиндүү жана бекем туруу аркылуу гана кутула алат. Бирок ал буга азырынча даяр эмес.

Мухаммад Сулайман

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button