Басма сөз

Уктап жаткан ири күч: Ажылыктын биримдикке чакырыгы

Басма сөз баянаты

Уктап жаткан ири күч: Ажылыктын биримдикке чакырыгы

Ар жылы дүйнөнүн ар тарабынан эки миллиондон ашуун мусулман тарыхтагы эң улуу жамаий ибадаттардын бири болгон ажылыкты аткаруу үчүн ыйык жайларга агылып келет. Ажылар бирдей ак кийим кийишет, бирдей сөздөрдү айтышат жана бирдей жөрөлгөлөрдү аткарышат. Бул көрүнүш улуттардан, тилдерден, маданияттардан жана коомдук айырмачылыктардан жогору турган динди жандуу түрдө чагылдырат. Алардын максаты бир гана Аллах Субханаху ва Таалага ибадат кылуу.

Ажылык Исламдын улуу түркүктөрүнөн болуп, беш убак намаз сыяктуу эле напсини тазалоочу жана Аллах Субханаху ва Таала менен болгон байланышты жаңылоочу ибадат. Пайгамбар ﷺ мындай деген:

«مَنْ حَجَّ لِلَّهِ فَلَمْ يَرْفُثْ وَلَمْ يَفْسُقْ رَجَعَ كَيَوْمِ وَلَدَتْهُ أُمُّهُ»

«Ким Аллах үчүн ажылык кылып, жаман сөз сүйлөбөсө жана күнөө иштерге барбаса, апасы төрөгөн күндөгүдөй күнөөсүз болуп кайтып келет». Бухарий риваят кылган.

Ажылык бул улуу сооп менен катар жыл сайын Исламдын негизги баалуулуктарын, эң оболу биримдик жана курмандык түшүнүктөрүн жаңылап турат.

Биримдик – үммөттүн күчү

Ислам өлкөлөрү тынымсыз колонизаторлукка, кыргындарга жана Ислам үммөтүнүн денесин бөлүп-жарган улутчул жаңжалдарга туш болуп жаткан учурда, ажылык жыл сайын мусулмандардын биримдиги шаръий фарз жана саясий зарылдык экенин эстетет. Ажыларды алыстан болсо да көрүү адамдын көңүлүндө сүр пайда кылат. Анткени миллиондогон мусулмандар бир денедей болуп, тартип, ихлас жана бирдиктүү максат менен кыймылдашат. Көп жагынан бул чогулуу чоң күчтүн жана шайкештиктин жогорку көрүнүшүнө окшойт. Мусулмандар «لَبَّيْكَ اللَّهُمَّ لَبَّيْكَ» деген бир гана талбия жана бир гана максат астында бириккенде, натыйжа таң каларлык болорунун көзгө көрүнгөн далили. Пайгамбар ﷺ биздин заманды үммөт саны көп болгону менен селдин көбүгүндөй алсыз боло турган доор катары сүрөттөгөн. Бүгүнкү бул алсыздыктын чоң бөлүгү саясий бөлүнүүдөн келип чыгууда. Анткени үммөт 57 мамлекетке бөлүнүп кеткен, ар биринин өз өкмөтү, өз армиясы жана өз саясаты бар.

Келгиле, бириккен Ислам өлкөлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүнө назар салалы:

Географиялык масштаб: Ислам өлкөлөрүнүн аймактары болжол менен 12 миллион чарчы милге созулат. Бул Орусиянын аймагынан дээрлик эки эсе, ал эми Америка Кошмо Штаттарынан үч эсе чоң. Ошондой эле дүйнөдөгү кургактыктын болжол менен 21%ын түзөт. Бул болсо аларга кайра жаралуучу энергия өндүрүүдө өтө чоң мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Айыл чарба молдугу: Бул экологиялык ар түрдүүлүк дүйнөдөгү негизги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн көпчүлүгүн өндүрүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле азык-түлүк коопсуздугунун жана экономиканын негизги тиреги болгон ири мал чарбачылыгы байлыгына ээ.

Жаш жана жигердүү калк: Мусулмандардын саны болжол менен эки миллиардга жетет (дүйнө калкынын 26%ына жакыны). Орточо жаш курагы 24 жаштын айланасында болуп, бул дүйнөдөгү эң динамикалуу эмгек күчүн түзөт.

Стратегиялык деңиздин таасири: Америка энергетикалык маалымат башкармалыгынын маалыматына ылайык, Ислам өлкөлөрү дүйнөлүк мунай ташуучу 7 негизги деңиз жолунун бешөөнү көзөмөлдөйт. Алардын катарына Ормуз кысыгы, Бабул-Мандеб, Суэц каналы, Босфор кысыгы жана Малакка кысыгы кирет. Бул аларга чоң экономикалык жана геосаясий салмак берет.

Энергетикадагы үстөмдүк: Ислам өлкөлөрү дүйнөлүк мунай запастарынын болжол менен 60-65%ына ээ. Мындан тышкары, аларда ири табигый ресурстар жана сейрек кездешүүчү минералдар бар.

Аскерий мүмкүнчүлүктөр: Бириккен үммөт дүйнөдөгү эң ири аскерий күчтөрдүн бирине ээ боло алат. Катардагы жана резервдеги аскерлердин саны болжол менен 20-25 миллионго жетет.

Курмандык – ажылыктын өзөгү

Курмандык — ажылык чагылдырган экинчи улуу баалуулук. Бул баалуулук кылымдар бою уланып келе жатат жана анын тамыры Аллахтын пайгамбары Ибрахимге عليه السلام барып такалат. Ал эң улуу курмандык жана ихлас үлгүсүн көрсөткөн: көп убакыт күткөндөн кийин төрөлгөн уулун курмандыкка чалууга даяр болгон, жаңы төрөлгөн баласын жубайы Ажар менен кошо эгин чыкпаган өрөөнгө таштап кеткен жана Аллахка моюн сунуп, бейпилдиктен жана коопсуздуктан баш тарткан.

Ажылардын абалы да ушундай. Алардын курмандыгы Меккеге жеткенге чейин эле башталат: иштерин, үй-бүлөсүн ташташат жана чоң каржылык чыгымдарды көтөрүшөт. Ал эми Меккеге жеткенден кийин курмандык мындан ары да уланат. Алар күйдүргөн күндүн астында ибадаттарды аткарышат. Буга аларды бир гана Аллахка болгон сүйүү жана Ага моюн сунуу түртөт. Андан соң курмандык чалып, чачтарын алышат. Бул Аллахка болгон берилгендикти жана Андан башкасына муктаж болбоо түшүнүгүн жаңылоонун белгиси болуп саналат. Ошондуктан мусулмандар Аллах Субханаху ва Тааланын жолунда курмандык кылуудан эч качан тартынбашы керек.

Ажылык мезгили жакындаган сайын, биз мурункулардын курмандыктарын эстейбиз. Пайгамбардын ﷺ Бану Хашим өрөөнүндөгү курчоодо болгон күндөрүн эстейбиз. Исламдагы алгачкы шахид болгон Сумайяны رضي الله عنها эстейбиз. Хандак согушундагы сахабалардын бекемдигин эстейбиз. Константинополдун дубалдарынын жанында көмүлгөн Абу Айюб ал-Ансарийди رضي الله عنه эстейбиз. Бул болгону айрым гана мисалдар.

Алардын рисалаты алардын дүйнөдөн өтүшү же шахид болушу менен токтоп калган жок. Тескерисинче, ал биз аркылуу уланууда. Бул рисалатты ишке ашыруу да ушундай эле курмандыкты талап кыларын тастыктайт. Мисалы, үммөттү алсыраткан саясий бөлүнүү курмандыксыз жоюлбайт. Колонизаторлор чийген жасалма чек аралар курмандыксыз ачылбайт. Зулум башкаруучулар курмандыксыз кулабайт. Фарздардын таажысы болгон Халифалыкты тикелөө да курмандыксыз ишке ашпайт.

Ажылык — бул биздин бөлүнүү үчүн эмес, бир үммөт болуу үчүн жаратылганыбызды жыл сайын эстеткен эскертүү. Биз бир Раббиге, бир динге жана бир үммөткө ишенебиз. Ал эми бул биримдикке алып баруучу жол курмандык аркылуу өтөт.

Ойгонууга карай жол

Терең пикир жүргүзүүгө арзый турган суроо мындай: эгер Ислам үммөтү ар жылы ажылыкта руханий жактан бириккендей эле, саясий жактан да бириксе эмне болот? Үммөт биримдикке жана көз карандысыздыкка жөндөмдүүбү? Биз биримдикке жана курмандыкка даярбызбы?

Жооп айкын жана эч кандай күмөнсүз: үммөттө заманбап, эгемен жана өнүккөн мамлекетти куруу үчүн зарыл болгон бардык ресурстар, бардык демографиялык артыкчылыктар жана бардык географиялык мүмкүнчүлүктөр бар. Андай мамлекет өзүнүн кең мүмкүнчүлүктөрүн Аллах Субханаху ва Таала жана Анын Элчиси ﷺ ыраазы боло турган башкарууну орнотуу үчүн пайдаланат.

Вахийден алынган адилеттүү түзүм алдында зулумдукка орун калбайт жана мусулмандардын ыйык нерселерине — кандарына, малдарына жана ар-намысына — кол салууга жол берилбейт. Мындай мамлекет Исламды дүйнөгө Ислам менен башкаруунун адилеттүүлүгү жана тазалыгы менен азыркы үстөмдүк кылып жаткан секулярдык капиталисттик түзүмдүн ач көздүгү, теңсиздиги жана ахлакый бузулушунун ортосундагы ачык айырма аркылуу сунуштайт.

Ойгонууга карай жол жөн гана саясий реформалар же экономикалык өнүгүү эмес. Ал Исламий жашоону кайра баштоо жана пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык көлөкөсүндө Аллах түшүргөн дин менен башкарууну тикелөө. Бул Халифалык үммөттү бириктирет, анын кадыр-баркын сактайт жана аны Аллах Субханаху ва Таала ыраазы болгон абалга – адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы үммөт абалына кайтарат.

Ошондуктан үммөт өз ойгонушун ишке ашыруу жолунда курмандык кылып, ихлас көрсөтүшү жана дайыма Аллах Субханаху ва Тааланын ыраазылыгын табууга умтулушу керек. Дүйнөдөгү жеңиш жана акыреттеги ажыр бул чакырыкка жооп бергендерди күтүп турат.

﴿وَعَدَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنْكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُمْ فِي الْأَرْضِ كَمَا اسْتَخْلَفَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ وَلَيُمَكِّنَنَّ لَهُمْ دِينَهُمُ الَّذِي ارْتَضَى لَهُمْ وَلَيُبَدِّلَنَّهُمْ مِنْ بَعْدِ خَوْفِهِمْ أَمْناً يَعْبُدُونَنِي لَا يُشْرِكُونَ بِي شَيْئاً وَمَنْ كَفَرَ بَعْدَ ذَلِكَ فَأُولَئِكَ هُمُ الْفَاسِقُونَ﴾

«Алла силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылган заттарга, кудум илгери өткөн (ыйман-ишенимдүү) заттарды (жер жүзунө) халифа өкүмдар кылгандай, аларды да жер жүзүнө халифа – орун басар кылууну жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин, үстөм-бекем кылууну, ошондой эле аларды (Меккеде көргөн) коркунучтарынан кийин, (Мадинада) тынтык-бейпилдикке бөлөп койушун убада кылды. Алар Мага ибадат кылышат жана Мага бир да иерсенн шерик кылышпайт. Ким мына ушул (убада)дан кийин (нематка) күпүрдүк кылса, демек алар баш ийбес адамдар». (Нур: 55).

Хизб ут-Тахрир – Америка

11.05.26

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button