Кабар
Чет элдиктерди жумушка тартуу квотасы эки эсеге көбөйтүлдү

Чет элдиктерди жумушка тартуу квотасы эки эсеге көбөйтүлдү
Кыргызстанда эмгек миграциясына карата квота дээрлик эки эсеге көбөйтүлдү. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинети кол койду.
Документке ылайык, 2026-жылы Кыргызстанда иштөөгө уруксат берилген чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын саны 52 миңден 100 миңге чейин көбөйдү.
Салыштыруу үчүн айтсак, 2024-жылы чет элдик жумушчуларды тартуу квотасы 25 миң адамды түзгөн болсо, 2025-жылы бул көрсөткүч 42 миңге жеткен. Кыргызстанда чет элдик жумушчулардын сап башында Кытайдан келген мигранттар турат.




