Яхудий түзүмү менен нормалдашуу – “Бакара” алардын көңүлүн толтурдубу?!

Яхудий түзүмү менен нормалдашуу – “Бакара“ алардын көңүлүн толтурдубу?!
Жаңылык:
Түркиянын Тышкы иштер министри Хакан Фидан Япониянын “Nikkei Asia“ гезитине берген маегинде мындай деди: «Мен аймактык кызматташтык платформасына негизделген туруктуулукту кеңири көз караш менен кароо маанилүү экенине көңүл бурам. Ошондой эле аймактагы бардык мамлекеттер бири-биринин аймактык бүтүндүгүн, эгемендигин жана коопсуздугун урматтоосу зарыл экенин баса белгилейм». Ал яхудий түзүмү 1967-жылдагы чек аралардын негизинде Палестина мамлекетин тааныса, бул процесске кошула аларын ырастады. Ошондой эле бул «маселе» чечилсе, «яхудий түзүмүнүн коопсуздугу аймактагы мамлекеттер тарабынан олуттуу колдоого алынат» деп эсептей турганын айтты.
Комментарий:
Фидан яхудий түзүмү менен болгон күрөштүн себеби кызматташтык жана ынтымактын жоктугу сыяктуу сүйлөп жатат. Анын пикиринде, жерди басып алган түзүм менен Палестина бийлиги бөлүштүрүү боюнча макулдашууга жетишсе эле маселе оңой чечилет. Андан кийин яхудий түзүмү өзү атаган Пакистан, Түркия, Саудия, Египет, Булуң өлкөлөрү жана Иран сыяктуу аймактагы бардык мамлекеттер менен бирге жашоо жана кызматташуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот имиш! Фидандын бул көз карашы Палестина маселеси боюнча шаръий көз караштын жоктугунан келип чыккан. Бул жагынан ал өзү да яхудий түзүмүнүн жетекчилерин жана алардын кылмыштарын айыптап, бирок түзүмдүн өзүн калтырып койгон Эрдоган менен бирдей позицияда турат. Экөө тең Палестинанын оккупация астында калышын маселе катары көрүшпөйт. Алардын көз карашында маселе яхудий түзүмүнүн аракеттеринде жана жүрүм-турумунда гана. Эгер бул аракеттер жана жүрүм-турумдар жоголсо же жөнгө салынса, анда маселе да жоголот деп эсептешет.
Фидан 1967-жылдагы чек аралардын негизинде Палестина мамлекети жөнүндө сөз кылганда, ал чындыгында Палестинанын төрттөн үч бөлүгүнөн көбүндө оккупациянын сакталып калышы жөнүндө сөз кылууда. Бул жердин топурагы шахиддердин жана баатырлардын каны менен сугарылган. Алардын арасында Палестинаны дээрлик алты кылым бою коргоп келген Усманий Халифалык мамлекетинин аскерлери да болгон. Ал тургай эң алсыз абалдарында да аны коргоодон жана колдоодон баш тартышкан эмес. Себеби алар Палестинага исламий шаръий көз караш менен карашкан: ал жер Умар ибн ал-Хаттаб тарабынан фатх кылынгандан бери Дарул-Ислам болуп эсептелет жана ошол учурдан Кыямат күнүнө чейин бүтүндөй Ислам үммөтүнүн мүлкү болуп саналат. Ошондуктан эч бир адамга анын бир карыш жерин да берүү жаиз эмес.
Яхудий түзүмү менен нормалдаштыруу “Бакара музоосу” көңүлдөрүн толтургандай, үммөт алардын айткандарына макул болот же алар жетишкендик катары көрсөтүп жаткан багынууларды кабыл алат деп ойлошсо, алар жаңылышышат. Ислам үммөтү Палестинаны исламий хирожий жер деп тааныйт жана анын маселеси яхудий түзүмүн андан толук сүрүп чыгаруу менен гана чечилерин түшүнөт. Ошондо ал кайрадан Исламга жана мусулмандарга таандык болуп калат. Мунун жолу сүйлөшүүлөр, тынчтык келишимдери же баскынчы түзүмүн нормалдаштырууга жана алака түзүүгө кызыктыруу эмес, тескерисинче, үммөттүн армияларын кыймылга келтирүү болуп саналат. Анткени Палестинаны азат кылуу жана аны кайра Исламдын кучагына кайтаруу жоопкерчилиги ошол армияларга жүктөлгөн.
Мухандис Салахуддин Азаза
Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмүнун жетекчиси




