Америка-Иран согушу жана күч таразасын кайра түзүү

Америка–Иран согушу жана күч таразасын кайра түзүү
Учурда Америка менен Ирандын ортосунда акыркы жана чечүүчү келишим жакында жарыяланары тууралуу кабарлар улам-улам чыгууда. Бул болсо аскерий жолго караганда дипломатиялык жолдун таразасы оор басарын, башкача айтканда чыңалуунун эмес, басаңдоонун пайдасына чечим болорун көрсөтүүдө. Эки тарап тең бул келишимге кол коюуга жетишүү максатында дипломатиялык аракеттерин күчөтүп жатат. Ошол эле учурда Иранга каршы деңиз блокадасы уланып жатат, Американын Иран түштүгүнө, айрыкча Бандар-Абаска, Ларак аралына жана Ормуз кысыгынын айланасына соккулары кайрадан жанданды. Бул соккулар аскерий кайыктарды, ракета аянтчаларын жана абадан коргонуу системаларын бутага алды.
Мындай учурларда эл аралык саясат аскерий билдирүүлөрдүн саны же дипломатиялык билдирүүлөрдүн ылдамдыгы менен эмес, эл аралык түзүмдүн тереңинде катылган жаракаларды улам-улам болуп жаткан окуялар канчалык деңгээлде ачып бергендиги менен өлчөнөт. Анткени бүгүн Ормуз кысыгынын айланасында болуп жаткан окуялар Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы жөн гана чыңалуу эмес. Эми дүйнө бир тараптуу үстөмдүктү тааныбай турган доордо Америка күчүнүн чегин түздөн-түз сыноо алдында турат.
Бир нече күндөн бери сүйлөшүү жана ок атуу тили аралашып жатат. Пакистан менен Катардын ортомчулук бөлмөлөрүндө делегациялар сүйлөшүп отурса, ошол эле учурда өтө сезимтал геосаясий аймактагы соккулардын жана жооп иретиндеги чабуулдардын үндөрү угулууда. Буга чейин Трамп өзүнүн “Truth Social” платформасында америкалык күчтөрдүн ирандык кемелерге сокку урганы тууралуу жасалма интеллект аркылуу даярдалган сүрөттөрдү жарыялаган. Бул жөн гана кокустук карама-каршылык эмес, тескерисинче жаңы үлгү б.а. дипломатиянын чатыры астындагы согуш жана кагылышуунун көлөкөсүндөгү дипломатия.
Бул татаал теңдеме Америка мындан ары абсолюттук үстөмдүк позициясынан туруктуулукту таңуулай алган күч катары эмес, тескерисинче «күч аркылуу тынчтык» деген логикага ылайык чыңалууну бир эле учурда башкарып жана ооздуктап турган күч катары аракеттенип жаткандыгын ачык көрсөтүп жатат. Ал коркутуп-үркүтүү саясатын жүргүзүүдө, бирок мурдагы ондогон жылдардагыдай тез жана чечкиндүү жыйынтык чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес. Ал эми Иран болсо акырындап алсыратуу стратегиясынын эсептелген мейкиндигинде аракет кылып, сезимтал географиядан жана дүйнөлүк энергетикалык өтмөктөрдөн пайдаланып жатат. Бул жагдай ар кандай чектелген кагылышууну кеңири эл аралык кризиске айлантуу мүмкүнчүлүгүн жаратат.
Бул көрүнүштөгү эң кооптуу нерсе чыңалуунун өзү эмес, анын сүйлөшүү каналдарынын уланышы менен катар жүрүп жаткандыгы. Бул параллелдүүлүк эл аралык түзүмдүн терең өзгөргөнүн көрсөтөт: тынчтык менен согуш мындан ары бири-биринен өзүнчө кеткен эки сызык эмес, бир эле учурда бири-бирине аралашып турган эки абалга айланды. Ушул бүдөмүк аймакта улуу державанын «акыркы чечимди» таңуулоо жөндөмү алсырап, ал туруктуу кризистерди башкаруу оюнунун катышуучусуна айланууда. Бул оюнда жеңишке жетүү үчүн Кытайдан жардам сураганы да ага пайда берген жок.
Экономикалык жактан алганда, аскерий аралашуунун чыгымы мындан ары чектелген же жергиликтүү мүнөзгө ээ эмес. Ормуз кысыгындагы ар кандай туруксуздук дароо дүйнөлүк энергетикалык рынокторго таасир этип, камсыздоо чынжырларына коркунуч жаратып, дүйнөлүк экономиканы тынымсыз тынчсыздануу абалына алып келет. Мындай өз ара байланыштардын бар болуусу Америкага кошумча күч бербейт, тескерисинче анын аракеттерин чектейт. Анткени ар бир аскерий кадам эми үстөмдүккө гана эмес, операциялар жүрүп жаткан аймактын чегинен чыгып кетиши мүмкүн болгон дүйнөлүк реакцияларга жараша эсептелет.
Башка тараптан алганда, Ливан фронту Америка менен Ирандын ортосундагы ар кандай сүйлөшүүлөрдө өтө сезимтал орунду ээлейт. Ал өзүнчө жергиликтүү маселе катары эмес, кеңири аймактык таасир тармагынын борбордук түйүнү катары каралат. Анткени Америка менен Ирандын стратегиялык эсептеринде Ливан өзүнүн тар географиялык чек араларынан ашып өтүп, Жакынкы Чыгыштагы күчтөрдүн тең салмагын түздөн-түз сыноочу аянтчага айланган.
Ирандын көз карашынан алганда, Ливан анын аймактагы таасиринин уландысы жана эң маанилүү куралдарынын бири болуп саналат. Бул анын Ливандагы партиясын колдоосу аркылуу ишке ашып, аймактык тоскоолдук күчтөрүнүн тең салмагына таасир этүү жана өз чек араларынан тышкары стратегиялык таасирин жаюу мүмкүнчүлүгүн берет. Ал эми Америка бул таасирди аймактагы союздаштарынын туруктуулугуна коркунуч туудурган кеңири системанын бир бөлүгү катары карайт. Алардын башында яхудий түзүмү, андан кийин нормалдаштыруу поездине түшүүгө даяр турган Булуң өлкөлөрү турат. Ошондуктан бул таасирди ооздуктоо же азайтуу, айрыкча Иран партиясынын таасир алкагын жабуу, анын аскерий таасирин токтотуу жана куралдарын тартып алуу аракеттери ийгиликсиз аяктагандан кийин Американын кеңири коопсуздук көз карашынын алкагындагы максаттарынын бири болуп эсептелет.
Ушул мааниде Ливан өз алдынча турган маселе катары эмес, эки карама-каршы аймактык долбоордун ортосундагы «таасирди сыноо аянтчасы» катары каралат. Мына ушул нерсе эмне үчүн Ливандын аты Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы ар кандай кеңири сүйлөшүү жолдорунда ооздон түшпөй жатканын түшүндүрөт. Ал тургай ал кандайдыр бир ыктымал келишимдин расмий же акыркы темасы болбосо да абал ушундай. Ошондой эле эмне үчүн яхудий түзүмүнө Ливандагы аша чапкан аракеттерин улантууга жашыл жарык берилгенин түшүндүрөт. Анткени талаада күтүлүп жаткан өнүгүүлөр сүйлөшүүлөргө таасир этет деген үмүт бар.
Стратегиялык жактан алып караганда, Америка азыр өзгөрүү доорунда турган улуу державанын классикалык көйгөйүнө туш болууда. Милдеттенмелердин кеңейиши жана чечүүчү натыйжага жетүү мүмкүнчүлүгүнүн чектелиши. Ал бир эле учурда өнөктөштөрүн коргоого, атаандаштарын токтотууга, рыноктордун туруктуулугун камсыздоого жана кеңири масштабдагы согушка жол бербөөгө милдеттүү. Мунун алдында да, артында да бар болгон негизги маселе т.а. өзүнүн жашоосу коркунуч алдында калган мыйзамсыз түзүмдү коргоо турат. Максаттардын мындай көп болуусу стратегиялык чарчоого алып келет. Натыйжада ар бир кадам чечүүчү жыйынтык чыгаруу эмес, тобокелдиктерди башкаруу катары эсептелип калат.
Бирок бул капиталисттик түзүмдүн ичинде боштукту толук түрдө толтура ала турган башка бир күчтүн, анын ичинде Кытайдын көтөрүлүп жатканын билдирбейт. Тескерисинче, бул азыркы эл аралык түзүмдөгү жалгыз борбор идеясынын акырындык менен ыдырап жатканын көрсөтөт. Биз күч борборлору бөлүштүрүлгөн, кризистер бири-бири менен кесилишкен жана союздар бири-бирине чырмалышкан дүйнөдө жашап жатабыз. Мындай шартта абсолюттук үстөмдүк эреже эмес, сейрек кездешүүчү өзгөчөлүккө айланып калууда. Ушундан улам азыр болуп жаткан окуяларды Американын дароо кыйрашынын белгиси катары эмес, «америкалык үстөмдүк көбүгү» акырындык менен бошоп жатканын түшүнүүгө болот. Бул көбүк жарылган жок, бирок реалдуулуктун басымы астында акырындап күчүн жоготууда. Бүтпөгөн согуштар, жоголбой жаткан атаандаштар, тынчый албаган рыноктор жана ар бир кризисте өз эсеп-кысабын кайра карап жаткан союздаштар. Бул факторлордун баары биригип, Американын Иран менен болгон сүйлөшүү жолунда жетише ала турган эң чоң ийгилиги – каалаган учурда бузулуп кетиши мүмкүн болгон келишимге жетүү экенин көрсөтөт. Айрыкча өзөктүк программа маселесинин татаалдыгын эске алганда абал ушуну ачыктап турат.
Жыйынтыктап айтканда, дүйнө күч боштугуна эмес, күчтүн кайра бөлүштүрүлүшүнө багыт алууда. Бирок бир нерсе анык: планетанын багытын жалгыз өзү көзөмөлдөй алган күч бар деген ишенимдин доору соңуна жакындап калды. Мындай өзгөрүү шартында империялар сөзсүз эле бир согушта жеңилип калбайт. Тескерисинче, ар бир кийинки күрөш мурункусунан азыраак чечүүчү болуп калган сайын алар акырындан алсырап бара берет. Ушул жагдайда текебердик алсыроону эң тездетүүчү факторлордун бири болуп эсептелет. Бирок Батыштын борбордук үстөмдүгүнүн алсырашын тарыхтын аягы катары эмес, чоңураак суроонун башталышы катары кароо керек. Үстөмдүк, кагылышуу жана ашкере керектөөдөн чарчаган дүйнөнү кайсы көз караш куткара алат?
Ушул стратегиялык жана цивилизациялык боштуктун борборунда Ислам адамга, бийликке, адилеттикке жана эл аралык мамилелерге карата өзгөчө түшүнүккө ээ болгон цивилизациялык долбоор экени көрүнөт.
Согуштардын, кризистердин жана ички карама-каршылыктардын басымы астында Батышка болгон ишеним жок болуп бара жаткан доордо Исламдын тарыхый жана географиялык таасир борборуна кайра кайтышы жөнүндө сөз кылуу жөн гана мабдаий эңсөө эмес. Дүйнөдөгү өзгөрүүлөрдүн өзү шарттап жаткан ыктымалдык катары көрүнүүдө. Ал эми үммөттөгү өсүп жаткан исламий аң-сезимдин ичинде бул келечек Расулуллахтын ﷺ нубувват минхажы негизиндеги рошид Халифалыктын кайра кайтып келиши жөнүндөгү сүйүнчүсү менен байланышат. Бул болсо адилеттиктин маанисин жана үммөттүн биримдигин кайра жандандырууну билдирет. Айрыкча ахлакый жана руханий тең салмагын жоготкон, фикрий жана цивилизациялык пайдубалдарына жарака кеткен, саясий жана экономикалык институттарына болгон ишеним солгундаган дүйнөнүн алдында биригүү абдан жеңил. Ошондуктан бүгүнкү күндөгү чыныгы суроо: «Дүйнөнү ким башкарат?» деген суроо эмес, «Дүйнөнү куткарууга кайсы цивилизациялык долбоор жөндөмдүү?» деген суроо.
Роя гезити
Инженер Висам Аль-Атраш




