Басып алынган Кашмирди дипломатиялык театр эмес, Халифалыктын армиялары азат кылат

Басып алынган Кашмирди дипломатиялык театр эмес, Халифалыктын армиялары азат кылат
АКШнын Индиядагы элчиси Сержио Гордун оккупацияланган Жамму жана Кашмирди «Индиянын маанилүү бөлүгү» деген билдирүү жасады. Андан кийин Пакистан Тышкы иштер министрлигинин Исламабаддагы АКШнын ишенимдүү өкүлүн чакыртып, театрлаштырылган нааразылык билдирүүсү кафир колонизатор күчтөрдүн жана алардын Ислам өлкөлөрүндөгү малай режимдердин саясий максаттарынын чыныгы жүзүн жашырган алдамчылыктын канчалык терең экенин дагы бир жолу ачып көрсөтүүдө.
«Хиндустан Таймс» гезити 19-августта маалымдагандай, элчи Гор Сринагарга жасаган алгачкы сапары учурунда Жамму жана Кашмирди «Индиянын маанилүү бөлүгү» деп жарыялады. Бул 2019-жылы Индия аймактын өзгөчө макамын жокко чыгарып, аны расмий түрдө өзүнө кошуп алгандан бери кызматтагы америкалык элчинин өз алдынча жасаган алгачкы сапары болду. Бул жөн гана дипломатиялык сылыктык эмес, Кашмирди басып алып турган индус мамлекетине берилгендиктин эсептелген билдирүүсү эле.
Ал эми Пакистан режиминин жообу, «Аль-Жазира» 20-августта билдиргендей, америкалык дипломатты чакыртып, Исламабад «катуу нааразылык» деп атаган билдирүү жасоо болду. Анда Индия басып алынган Кашмирди «Индиянын бир бөлүгү» деп атоого каршылык билдирилди. Анда бул театрлаштырылган пикир алышуу чындыгында эмнени ачып көрсөтөт? Ал Кашмир маселесин кафир колонизатор күчтөр өздөрүнүн өзгөрүп туруучу стратегиялык эсептерине ылайык дайыма калыптандырып келгенин көрсөтөт. Демек, элчи Гордун билдирүүсү ката да, дипломатиялык жаңылыш сөз да эмес, тескерисинче, индус улутчулдарына Кашмирди оккупациялоону улантуу үчүн атайын берилген белги.
Пакистан режиминин америкалык дипломатты чакыртып, «катуу нааразылык» билдирүүсүн жасап жана Кашмирдин макамы талаштуу экенин кайрадан баса белгилеген жообу саясий театрдан башка эч нерсе эмес. Бул — толугу менен баш ийген бойдон калып, ачуулангандай көрүнүүгө буйрук берилген куурчактын оюну.
Пакистан бийлигиндеги топтор — аскерий болобу же жарандык болобу, өздөрүн «исламий» деп жарыялагандар болобу же ачык эле секулярдык болобу — дайыма колонизатор күчтөрдүн малайлары болуп келишкен. Пакистан эч качан Кашмирди азат кылууга чындап аракет кылган эмес. Тескерисинче, Кашмир маселесин легитимдүүлүккө ээ болуунун куралы катары пайдаланып, өзүнүн ийгиликсиздиктеринен көңүлдү буруу керек болгондо коомдук сезимдерди козгоп турган, ошол эле учурда жашыруун түрдө калыптанган абалды кабыл алып келген. Пакистан армиясы Кашмир үчүн согуштарды аны азат кылуу үчүн эмес, өз бийлигин, артыкчылыктарын жана улуттук мамлекеттин кызыкчылыктарын сактап калуу үчүн жүргүзгөн.
Кашмирдин исламий жер экендиги колонизатор Америка жана анын Пакистандагы малайлары чечүүдөн баш тартып жаткан негизги маселе. Ал эми Американын Кашмирге карата позициясы — аны «Индиянын маанилүү бөлүгү» деп тааныйбы же «талаштуу аймак» деп атайбы — Кашмир мусулмандарынын укуктарына эч кандай тиешеси жок. Исламдын позициясы маанилүү болгон жалгыз позиция. Халифалыктын бийлиги, бардык мусулман өлкөлөрүн Ислам шариятынын башкаруу түзүмү астында бириктире турган Ислам мамлекети бардык Ислам өлкөлөрүн, анын ичинде Кашмирди да башкарууга укуктуу болгон жалгыз бийлик.
Пакистан режиминин Вашингтондон Кашмирди талаштуу аймак деп эсептеген «ачык билдирүүлөрүндө ырааттуулукту сактоону» талап кылышы — колонизатор кожоюндан талаш дагы эле уланып жаткандай элести сактап турууну талап кылуудан башка нерсе эмес. Муну менен Пакистан режими Кашмирди иш жүзүндө азат кылуу үчүн эч нерсе кылбастан, бул маселени мусулмандардын алдында легитимдүүлүккө ээ болуунун куралы катары колдонууну уланта берет.
Пакистан режими театрлаштырылган ачуулануусуна карабастан, муну толук түшүнөт. Ал биздин шариятыбызга жат болгон Батыштын улуттук мамлекет түзүмүнөн баш тартпайт жана Американын сөздөрүнө нааразылыгын билдирүү менен бирге анын кызыкчылыктарына кызмат кылууну уланта берет. Ал эми Кашмир мусулмандары Индиянын оккупациясы астында азап чегүүнү улантышат, Пакистан режими болсо билдирүүлөрдү чыгарууну уланта берет!
Индус мамлекети Американын көмөктөшүүсү менен Кашмирдеги жана башка жерлердеги мусулмандарды эзип жатат. Пакистан режими болсо өзү каршы чыгып жаткандай көрсөткөн дал ошол америкалык күч менен союздаштыгын сактап туруп, нааразылык билдирүүдө! Ал эми Кашмир мусулмандары эки колонизатор режимдин ортосунда камалып калышкан; булардын бири да алардын өкүлү эмес, эч кимиси аларды коргобойт жана экөөнүн тең Исламда легитимдүүлүгү жок.
Кашмир маселесинин чечими — Индия менен Пакистандын бирин тандоо эмес, ошондой эле Американын Кашмирди «Индиянын бир бөлүгү» деп таануусу менен аны «талаштуу аймак» деп таануусунун бирин тандоо да эмес. Тескерисинче, чыныгы тандоо колонизатордук түзүм менен Исламий түзүмдүн ортосунда, куфр өкүмү менен Ислам өкүмүнүн ортосунда.
Пакистандагы калыс күч-кубат жана коргоо ээлерине кайрылабыз: Хизб ут-Тахрирге Халифалыкты тикелөө үчүн нусрат берүүдө камтылган шаръий важибди аткаргыла! Алар бул үммөткө жана анын динине ансар болушсун, Кыямат күнү үммөттүн кул кылынып, кыргынга учурап жатканын көрүп туруп унчукпаган кордук ээлеринин катарында тирилтпесин!
Аллах Субханаху ва Таала айтты:
﴿وَالَّذِينَ كَفَرُوا بَعْضُهُمْ أَوْلِيَاءُ بَعْضٍ إِلَّا تَفْعَلُوهُ تَكُنْ فِتْنَةٌ فِي الْأَرْضِ وَفَسَادٌ كَبِيرٌ﴾
«Каапыр болгон кишилер бир-бирине дос, камкор-шериктеш (болушат). (Демек, эй момундар, силер аларды өзүңөргө душман туткула). Эгер ошондой кылбасаңар (тактап айтканда, момунга дос, каапырга душман болбосоңор), жерде фитна жана чоң бузулуу болот». (Анфал: 73).
Роя гезити
Устаз Мухаммад Абдуллах — Басып алынган Кашмир




