Улуу өзгөрүүлөр алдындагы чечүүчү учур: көз карандылык менен лидерликтин ортосунда

Улуу өзгөрүүлөр алдындагы чечүүчү учур: көз карандылык менен лидерликтин ортосунда
Бүгүн дүйнөдө терең геосаясий өзгөрүүлөр өкүм сүрүп жаткан шартта, о.э. эрежелерге негизделген системалар кыйрап, жалгыз күчтүн басымы астында келишимдерге негизделген альянстар калыптанып жаткан учурда, Ислам өлкөлөрү чечүүчү бир учурдун алдында турушат. Алар бул өзгөрүүлөрдү алдын ала сезип, өз ролун өздөрү аныкташат же башкалар таңуулап берген акыркы ролдорду күтүшөт.
Американын тогузунчу жыл катары менен Тунистин аймагында «Африка Арстаны» аскердик машыгууларын өткөрүүгө, өз аскерлерин жана аскердик техникаларын жайгаштырууга болгон өжөрлүгү эми кадимки аскердик кызматташтык болбой калды. Тескерисинче, бул өлкөнү Американын Африкадагы коопсуздук максаттарына түздөн-түз аралаштырууга айланды. Тунистеги бул көрүнүш өзүнчө бөлүнгөн көрүнүш эмес. Тескерисинче, ал кеңири араб вакыйлыгынын күзгүсү болуп саналат. Анткени Вашингтон менен кызматташууга таянган негиздер коргонуу чептеринен көрө көбүрөөк алсыздык чекиттерине айланып калды. Ушундай абалда, үммөттүн толук көз карандылыкка сүрүлүп кетүүдөн коргой турган стратегиялык жообу дагы эле барбы? Же күтүп отуруунун баасы кийин ордун толтурууга мүмкүн болгон ар кандай ролдон да кымбатыраак болобу?
«Африка Арстаны» машыгуулары: көз карандылык саясий долбоорго айланган учур
«Африка Арстаны» аскердик машыгууларынын бир бөлүгүн жыл сайын Тунисте өткөрүү 2015-жылы Бажи Каид Эссебси Тунистин НАТО менен стратегиялык тышкы өнөктөштүк катары келишимге кол койгондон бери бийликке келген өкмөттөр арасында мурасталып келе жаткан саясий салтка айланды. Бирок стратегиялык өнөктөштүк катары көрсөтүлүп жаткан нерсеге кылдат карасак, өлкөнү Африкадагы өз кызыкчылыктарынан башка эч кимге кызмат кылбаган америкалык планга аралаштыруудан башка нерсе эмес экени көрүнөт. Американын сөздүгүндө «стратегиялык өнөктөш» дос же тең ата өнөктөш дегенди билдирбейт. Тескерисинче, ал америкалык үстөмдүк системасында белгилүү бир милдетти аткаруучу тарапты гана билдирет.
Бул “өнөктөштүктүн” кооптуулугун Булуң өлкөлөрүндө болуп жаткан окуялар тастыктайт. Ал жактагы америкалык базалар бир нече жолу чабуулдарга кабылган. Ошондо ал мамлекеттер ички жактан да, тышкы жактан да таяныч таба алышкан жок. Тескерисинче, үммөт аларды агрессияга шерик болгон душмандык базалар катары кабыл алды. Бүгүн Тунис Вашингтон үчүн Европанын жана Африканын ортосунда, Жер Ортолук деңизинин чок ортосунда жайгашкан стратегиялык жайгашуусу менен маанилүү. Бирок мунун баасы өтө кымбат болушу мүмкүн.
Ислам каапырлардан жардам суроону арам кылган. Буга Пайгамбардын ﷺ төмөнкү сөзү далил болот:
«لَا تَسْتَضِيئُوا بِنَارِ الْمُشْرِكِينَ»
«Мушриктердин отунан жарык албагыла».
Анткени аскердик альянстар армиялардын жалпы душманга каршы биргелешип согушуусуна, маалыматтарды жана согуш каражаттарын өз ара бөлүшүүсүнө алып келет. Ал эми бүгүн текебердик дартына чалдыккан, саясий башаламандыкты жана демократтар менен республикачылардын ортосундагы курч ички бөлүнүүнү башынан кечирип жаткан Америкага анын союздаштарынын өзү да толук ишене албай калды. Мындан тышкары, Америка өзүнүн негизги согушун Исламга каршы багыттап келген. Буга Газада, Иранда жана Ливанда болуп жаткан окуялар эң ачык далил болуп саналат.
Тунис жана поляризация коркунучу.
Бул учурда, Түндүк Атлантика альянсын силкинткен бороондун чордонунда Тунис бул ири өзгөрүүлөрдүн түздөн-түз кесилишкен сызык катары көрүнүүдө. Ливия жана Африканын Сахель аймагы боюнча маселелердин баары Американын үстөмдүгү астындагы тармактар болуп саналат.
2024–2026-жылдар аралыгындагы көрсөткүчтөр Тунис бийлигинин ачык эки жүздүү стратегиясын ашкерелеп берүүдө. Бир жагынан, Тунис чет элдик базаларды жана тышкы көрсөтмөлөрдү четке каккан, бейтараптуулукту карманган суверендүү саясат тууралуу риториканы сактап келет. Бирок экинчи жагынан, ал Америка менен коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты тереңдетип, америкалык аскердик кеңешчилер менен эксперттердин барган сайын көбөйгөн катышуусуна жол берип жатат. Ошол эле учурда Европа менен да тыгыз байланыштарын сактап калууда.
Ачык карама-каршылык сценарийинде Тунис кош басымга туш болушу ыктымал: Европа экономикалык санкциялар же жардамдарды токтотуу менен коркутушу мүмкүн, ал эми Америка Тунистен көбүрөөк аскердик ролду талап кылышы мүмкүн. Бул болсо өзгөчө Алжир тарабынан катуу реакцияларды жаратышы ыктымал. Анткени Алжир өз чек арасына жакын жерде кандай гана америкалык аскердик катышуу болбосун кызыл сызык катары карайт.
Мына ушул жерде чечүүчү суроо пайда болот: Тунис тең салмактуулукту сактаган оюнчу бойдон кала алабы же аргасыз түрдө бир тарапка кошулууга түртүлөбү?
«Нан үчүн Европа, курал үчүн Америка жана коңшулук үчүн Алжир» деген теңдеме мындан ары жетиштүү эместиги так белгилүү. Эгерде Тунис өз тагдырын өзү чечпеген, башкалардын тирешүүсүндө барымтага айланып калууну каалабаса, анда ага түп-тамырынан жаңы стратегия керек.
Көз карандылыктан цивилизациялык лидерликке карай.
Эң чоң суроо ошол бойдон калууда: бардык күч-кубат жана улуулук себептерине ээ болгон Ислам үммөтү бул өзгөрүүлөрдүн кайсы жеринде турат? Биз көз карандылык абалынан чыгып, Ааламдардын Раббиси бизге ылайык көргөн даражага кантип жетебиз?
Бүгүн ири мамлекеттердин ортосунда жүрүп жаткан күрөш мындан ары мабдалардын күрөшү эмес, тескерисинче күч, таасир жана үстөмдүк үчүн болгон күрөшкө айлангандыгы — көз жаздымда калтырууга болбой турган чындык. Бүгүн дүйнөлүк аренада адамзаттын көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган бүтүндөй жана ар тараптуу көз карашты сунуш кылган Ислам долбоорунан башка мабдаий долбоор калган жок. Бүгүн үммөт өзүнө колдонуу важиб болгон цивилизациялык альтернативага ээ:
﴿فَلَا وَرَبِّكَ لَا يُؤْمِنُونَ حَتَّى يُحَكِّمُوكَ فِيمَا شَجَرَ بَيْنَهُمْ﴾
«Жок (эй Мухаммад), Раббиңе ант болсун, тээ алар өз ортолорунда чыккан келишпөөчүлүктөрдө сени өкүмдар кылышмайынча эч качан момун боло алышпайт». (Ниса: 65)
Ошондой эле аны бүтүндөй адамзатка жеткирүү да үммөттүн мойнундагы милдет:
﴿وَكَذَلِكَ جَعَلْنَاكُمْ أُمَّةً وَسَطاً لِتَكُونُوا شُهَدَاءَ عَلَى النَّاسِ﴾
«Биз о.э силерди башка адамдардын үстүнөн күбө болууңар үчүн силерди орточо (адилеттүү) бир үммөт кылдык». (Бакара: 143).
Бул альтернатива акылга негизделген акыйдага таянат. Анын негизинде биз дүйнөгө хидаят жана ырайым рисаласын жеткирип, бардык адамдарга далилди жеткиребиз.
Үммөттүн күч булактары да абдан зор: байлыктар, мүмкүнчүлүктөр, жерлер, стратегиялык өтмөктөр, географиялык жайгашуу, жаштар жана он үч кылымга жакын дүйнөнү башкарган, Европаны караңгылык доорлорунан алып чыккан Халифалык тарыхы бар.Бирок ушул мүмкүнчүлүктөрдүн баары аларды бириктире турган саясий эрк болмоюнча кагаз бетиндеги жазуу бойдон кала берет.
Жыйынтыктап айтканда, эл аралык өзгөрүүлөр мурда болуп көрбөгөндөй ылдамдап жаткан мындай доордо Ислам үммөтү башкалардын тизмесинен өзүнө орун күтүп турушу кабыл алынгыс көрүнүш болуп калды. Тунистеги «Африка Арстаны» машыгуулары, Америкага болгон коопсуздук жаатындагы көз карандылык жана Европа менен Американын ортосундагы алсыз теңдемелер — мунун баары көз карандылык эми жөн гана чыгымдуу эмес, суверенитет жана келечек үчүн өлүмгө алып баруучу абалга айланганын көрсөткөн алгачкы эскертүүлөр.
Согуштар мусулмандардын каршылык көрсөтүү жөндөмүнө ээ экенин далилдеди. Иранда, андан мурда Иракта жана Афганистанда болгон окуялардын баары өзгөрүү доору келгенин көрсөтүүдө. Бул өзгөрүү бири-бири менен келишпеген өнөктөштөрдүн ортосунда тең салмак издөө аркылуу да, өкүнүч билдирген билдирүүлөр аркылуу да ишке ашпайт. Ал амалий кадамдар аркылуу гана б.а. өздүгү менен азиз болуу, үммөттүн чачыранды күчтөрүн бир түзүмгө бириктирүү жана кандай гана улуу держава болбосун ага моюн сунуудан баш тартуу менен гана жүзөгө ашат. Анткени убактылуу бойкоттун же обочолонуунун баасы канчалык оор болбосун, лидерликтин жоопкерчилигин көтөрө албаган адам көз карандылыктын баасын андан да кымбат төлөйт.
Роя гезити
Устаз Ясин бин Яхья




