Кабар
Ошто 37 кыз хафиз болду

Ошто 37 кыз хафиз болду
9-июнда Ош шаарында «Козу кызы Бурмакан» жана «Шейит Дөбө» Ислам окуу борборлорунун бүтүрүүчү кыздарына сертификат тапшыруу аземи өткөрүлдү. Иш-чара Ош улуттук драма театрында өттү.
Жалпысынан 130 студент кыз окуусун аяктады. Алардын ичинен 37 кыз Куранды толугу менен жатка айтып, хафиз макамына ээ болушса, дагы 93 бүтүрүүчү шариат илимдери боюнча окуусун аякташты.
Студент кыздарды окутууга чоң салым кошкон мугалимдерге жана Куранды терең өздөштүргөн кыздарды тарбиялап өстүргөн ата-энелерге ыраазычылык билдирилди. Иш-чаранын соңунда бардык бүтүрүүчүлөргө окууну аяктагандыгы тууралуу сертификаттар тапшырылды.




