Роя гезити

Бакчадан токойго! Европа Батыш үстөмдүгүнөн кийинки дүйнөдө

Бакчадан токойго! Европа Батыш үстөмдүгүнөн кийинки дүйнөдө

Стратегиялык ишеним улам жоголуп, Американын таасири алсырап жаткан дүйнөдө Европа бүгүн өзүн ар бир эл аралык маселеге мурдун тыккысы келген ири экономикалык күч катары көрсөтүүдө. Бирок Батыштын геосаясий аң-сезимине жүргүзүлгөн цивилизациялык талдоо анын жумшак жердин үстүндө басып бара жаткан карыган күч экенин көрсөтөт. Иран кризиси Батыштын ооздуктоо мүмкүнчүлүгүнүн чектерин гана ачып бербестен, Европанын өз долбоорунун алсыздыгын да ашкереледи: ал Америка менен согуштан чочулаган, НАТОнун чатырынан тышкары аракеттенүүдөн баш тарткан, Кытайдын шарттары менен түзүлө турган тынчтыктан кооптонгон, Орусияны ооздуктай албаган, азык-түлүк, энергетикалык жана аскерий суверенитетке жетише албаган, ошол эле учурда бир кезде өзү курууга салым кошкон эл аралык тартиптин ачкычтары эми өзүндө жок экенин түшүнгөн континент экендиги айкын болду.

Иран маселеси батыштын кемчилик комплексинин жана Европанын көп кырдуу алсыздыгынын күзгүсүнө айланды. Эл аралык деңиз каттамдарына, кибер согуштарга жана аймактык таасир өкүлдөрүнө байланыштуу коркунучтар күчөп жаткан учурда Европа өз алдынча ооздуктоо теңдемесин түзүүгө же өзүнө таандык геосаясий көз карашты таңуулоого жөндөмсүз болуп, саясий айыптоолор жана таасирсиз коргонуу аракеттери менен гана чектелүүдө. Мунун себеби аскерий күчтүн же экономикалык ресурстардын жетишсиздиги эмес, континенттин өз ичиндеги бирдиктүү геосаясий эрктин жоктугунда.

Европанын борборлору Иран менен кеңири масштабдагы кандай гана кагылыш болбосун чоң кризиске т.а. оор энергетикалык жетишсиздикке жана өзөктүк келишимдердин алсыз калдыктарынын толук кыйрашына алып келет деп кооптонушат. Бирок андан да терең коркунуч башка жерде жатат. Европа Перс булуңундагы ар кандай ири тирешүү өзүнүн коопсуздук жаатындагы Америкага болгон толук көз карандылыгын кайрадан бекемдей турганын түшүнөт. Бул болсо, жок дегенде теория жүзүндө, Франция президенти Эммануэль Макрон «Европанын стратегиялык көз карандысыздыгы» деп атаган долбоорду курууга аракет кылып жаткан учурга туура келет. Ал эми Польша жана өзгөчө Балтика өлкөлөрү болсо америкалык коопсуздук калканына бекем жабышып турушат.

Бул ички келишпестиктер көз карандысыздыкты чыныгы долбоордон көрө көбүрөөк ураанга айлантууда. Мындан тышкары, кары континент Американын күч балкасы менен Кытайдын өсүүсү ортосунда кысылып калды: Америка өнөктөштөрүн курч бөлүнүүгө жана ачык тирешүүлөргө түртсө, Кытай барган сайын күчөп жаткан геосаясий унчукпоонун шартында ири экономикалык өнөктөштүктөрдү сунуштоодо. Ушул экөөнүн ортосунда Европа өз алдынча суверендүү чечим кабыл алуу жөндөмүн жоготуп коюуда, айрыкча Жакынкы Чыгышта энергетика, коопсуздук, соода жана деңиз жолдору өз ара тыгыз байланышкан шартта чечимсиз калууда. Бирок Европанын кризиси геосаясий гана эмес, цивилизациялык да мүнөзгө ээ. Анткени, Батыштын саясий аң-сезими өзүнүн модернизация жана адам укуктары тууралуу багытына карабастан, дүйнөнү тартип менен мыйзамдуулукту аныктоого укуктуу “борборго” жана ага баш ийүүгө же ооздуктоого тийиш болгон “четки аймактарга” (периферияга) бөлүп караган аң-сезимдик түзүлүштүн алкагында иш алып барууну улантууда. Бул текебер көз карашты Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча жооптуу өкүлү Жозеп Боррель таң калычтуу ачыктык менен билдирген. Ал Европаны бакчага, ал эми дүйнөнүн көпчүлүк бөлүгүн ошол бакчага басып кириши мүмкүн болгон токойго салыштырган.

Бул жөн гана дипломатиялык ката эмес, өзүн башкалардын башаламандыгына каршы турган цивилизацияны алып жүрүүчү деп көргөн Батыштын стратегиялык аң-сезими жок экендигинин терең көрүнүшү болгон. Мына ушундан улам Европанын жана жалпы Батыштын Иранга жана Батыштан тышкаркы дүйнөгө болгон мамилесин түшүнүүгө болот. Тагыраак айтканда, күчтөрдүн балансы жол бергенде түз аскерий кийлигишүү, ал эми согуш кымбатка турган учурларда санкциялар, ооздуктоо жана блокада тутумдары колдонулат. Эки учурда тең негизги көмүскө божомол сакталып калууда: Батыш мыйзамдуулукту аныктоо укугун өзүнө гана таандык кылып алат, ал эми дүйнөнүн калган бөлүгүнөн өздөрү такыр катышпаган эрежелерге баш ийүүнү талап кылат. Ошол эле учурда яхудий түзүмү аймактагы чектен чыккан аракеттерин улантууда. Бирок дүйнө азыркы формасындагы эл аралык тартиптен акырындап ажыроо багытына өзгөрүп жатат. Анткени Американын жана анын кол баласы болгон яхудий түзүмүнүн эл аралык мыйзамдарды бузушу бул дүйнөлүк өзгөрүүлөрдү тездеткен түрткүгө айланды. Иран, Кытай, Орусия жана башка аймактык күчтөр Батышты эл аралык тартиптин жалгыз борбору катары эмес, тескерисинче, алсыратууга, айланып өтүүгө же альтернативдүү альянстар аркылуу тең салмактоого мүмкүн болгон күч катары карай баштады. Ошондуктан Батыштын санкциялары мурдагыдай чечүүчү натыйжаларды бере албай калды, айрыкча Азия күчтөрү жана БРИКС сыяктуу блоктор жетектеген параллелдүү экономикалык жана каржылык тармактар өсүп жаткан шартта таасири азайды.

Европа бул өзгөрүүнү түшүнөт, бирок аны толук моюнга алуудан коркот. Бир жагынан алганда, ал Американын аскерий калканына муктаж. Экинчи жагынан болсо, анын экономикасы Азиядан жана Жакынкы Чыгыштан келген рынокторго, энергияга жана жеткирүү чынжырларына көз каранды. Ошондуктан Брюссель тар мейкиндикте олку-солку болуп турат: ал өз алдынча стратегиялык тирешүүгө жөндөмдүү эмес, ошол эле учурда Батыштын үстөмдүгүнөн кийинки дүйнөнү психологиялык жана саясий жактан кабыл алууга даяр эмес.

Ал эми Европа Биримдигинен тышкары болгон Британия экономикалык жоготуу азабын басаңдатуу жолун издеп, кыйла кеңири кыймыл аянтын тапты. Ал шашылыш түрдө Перс булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши менен тарыхый деп мүнөздөлгөн соода келишимин түздү.

Европа бүгүн демилге көтөргөндөн көрө көбүрөөк корккон күчкө айланды. Ал энергетика жана жеткирүү чынжырларындагы үзгүлтүктөрдөн, миграция толкундарынан, өз коомдорундагы мусулмандардын санынын өсүшүнөн, оңчул популизмдин күчөшүнөн, жасалма интеллект тармагындагы артта калуусунан жана экономикалык үстөмдүк менен колонизаторлук аркылуу кылымдар бою топтогон тарыхый артыкчылыктарынан ажырап калуудан коркот.

Ал тургай «европалык баалуулуктар» тууралуу багыт да кээде символдук үстөмдүктү сактап калуу аракети катары колдонулууда. Анткени дүйнө бүгүн токой мыйзамы үстөмдүк кылган шартта жашап, батыш элиталарынын аны түшүнүү жөндөмүнөн да ылдамыраак өзгөрүп жатат.

Иран маселеси Европанын өз көлөкөсүнөн өзү корко баштаган кризисин ачып берди. Бирок кризис Европадан да, Ирандан да алда канча кеңири. Анткени бүгүнкү күндө биз заманбап эл аралык тартиптин ахлакый жана саясий борборунун акырындап кыйрап жатканын көрүп жатабыз. Америка дүйнөнү күч жана кызыкчылыктар логикасы менен башкарууда, Кытай болсо дүйнөлүк экономиканы жана жапайы капитализмди унчукпас таасир логикасы аркылуу кайра калыптандырууда. Ал эми Европа ушул экөөнүн ортосунда тынчсыздануу абалында жашап жатат. Глобалдык Түштүк болсо ондогон жылдардан бери биринчи жолу империялар таймашкан аянтча болуудан баш тартууда.

Бир уюлдуу дүйнө доору аяктады, бирок дүйнө азырынча туруктуу жана адилеттүү көп уюлдуу тартипти кура элек. Азыр биз жашап жаткан башаламандыктын өзү жаңы эл аралык тартип эмес. Тескерисинче, бул күч каражаттарына ээ болгон, бирок бириктирүүчү цивилизациялык көз караштан куру калган күчтөр атаандашкан стратегиялык боштук.

Ошондуктан чыныгы суроо эми «Батыш Иранга кандай жооп берет?» деген суроо эмес, дүйнө үстөмдүк менен башаламандыктын эки ача моделинен тышкары эл аралык мамилелердин жаңы түшүнүгүн жарата алабы? “Эпштейн цивилизациясынын” өнүмүнөн алыс болуп, үрп-адаттарды, системаларды жана мыйзамдарды кайрадан түзө ала турган альтернатива барбы? – деген суроолор туура болот.

Балким азыркы учур, бардык коркунучтарына карабастан, башкача эл аралык тең салмактуулуктун жана XXI кылымдагы коопсуздуктун, кызматташтыктын жана суверенитеттин маанисин кайра аныктаган жаңы цивилизациялык долбоордун жаралышы үчүн тарыхый мүмкүнчүлүк болуп жаткандыр. Элдерди санкциялардын же өкүлчүлүк согуштардын логикасы аркылуу баш ийдирбеген, о.э. рэкетчиликке, талап-тоноочулукка жана колониализмге негизделбеген долбоор керек. Анткени адамдын кадыр-баркын күнү-түнү тебелеген дүйнө күч кризисинен эмес, маани-маңыз кризисинен жапа чегүүдө. Ошондуктан үммөт бүгүн мурдагыдан да көбүрөөк деңгээлде Исламдын негизинде эл аралык тартипти түзүүгө шерик болууга чакырылууда. Бул болсо анын бийлигин жана мамлекетин т.а. пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин кайра тикелөө аркылуу ишке ашат. Анткени адамга анын адамгерчилигин жана кадыр-баркын кайра кайтарып бере ала турган жалгыз түзүм болуп эсептелет.

Роя гезити

Висам Ал-Атраш

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button