Макала

Саясий жымжырттык учурунда УКМКнын ыйгарым укуктары кеңейүүдө

Саясий жымжырттык учурунда УКМКнын ыйгарым укуктары кеңейүүдө

Кыргызстандын Министрлер кабинети УКМКнын Терроризмге каршы борборунун ыйгарым укуктарын кеңейтти. Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, аталган борбор мамлекеттик органдардын терроризмге гана эмес, экстремизмге каршы күрөшүү тармагындагы ишмердүүлүгүн да тескейт.

Борбор террордук жана экстремисттик кылмыштарды аныктоого, алдын алууга жана бөгөт коюуга багытталган контрчалгындоо жана ыкчам-издөө иш-чараларын өз алдынча жүргүзүү укугуна ээ болду. Ошондой эле, ага атайын операцияларды өткөрүү жана терроризмге, экстремизмге тиешеси бар деп шектелген адамдарга карата мыйзамда каралган чараларды, убактылуу чектөөлөрдү колдонуу ыйгарым укуктары бекитилди.

Албетте, коопсуздукту камсыздоо шылтоосу өлкө шайлоо алдында турган чакта, көзөмөл жүргүзүү механизмдерин борборлоштуруу аракеттерине негиз болуп жатат. Кыргызстандын саясий майданы сыртынан караганда салыштырмалуу туруктуу көрүнсө да, кеңири масштабдагы саясий тирештин белгилери көрүнбөсө да, өлкөдө төңкөрүш коркунучунун илеби таркап баштады. Ошентсе да, сырткы көрүнүштөн алганда Камчыбек Ташиевге байланыштуу сот жараянынын тездешинен башка олуттуу саясий туруксуздуктун коомчулукка ачык көрүнгөн белгилери дээрлик жок.

Ошол эле учурда атайын кызматтар ыктымалдуу саясий лидерлерди жана таасир борборлорун көзөмөлдөп, алардын ишмердүүлүгүн изилдөө менен гана чектелбестен, саясий позицияны тандоого түздөн-түз басым көрсөтүү багытында да системалуу иштерди жүргүзүп жатканы айтылууда. Мындан тышкары, эксперттик жана саясий чөйрөлөрдө өлкөдө бир нече саясий топтор түзүлүп жатканы тууралуу маалыматтар тароодо. Маалыматка ылайык, бул топтор алдыдагы шайлоолорго даярдык көрүү менен бир катар, окуялардын өнүгүшүнүн ар кандай сценарийлерин, анын ичинде кризистик жагдайларды даярдоо аракеттерин караштырып жатышат.

Мындай логиканы Кыргызстандын тарыхый тажрыйбасы менен түшүндүрүүгө болот. Анткени, өлкөдө бийлик алмашуу бир нече ирээт шайлоо жол-жоболору аркылуу гана эмес, массалык нааразылык акцияларынын жана саясий төңкөрүштөрдүн натыйжасында да ишке ашкан.

Жыйынтыктап айтканда, жогорудагы айтылган сөздөрдү эске алганда, Терроризмге каршы борбордун ыйгарым укуктарын кеңейтүү иш-чаралары учурдагы бар көйгөйлөргө карата жооп катары эмес, балким мамлекеттин келечектеги потенциалдуу кооп-коркунучтарына даярдык көрүүгө багытталган аракеттей сезилүүдө. Бул демилге бир эле учурда административдик, күч жана саясий жактан превентивдүү мүнөзгө ээ.

Бийлик шайлоо мезгилинде саясий атаандаштыктан коомдук-саясий туруксуздукка айланып кетиши ыктымал болгон процесстерди көзөмөлдөөнүн ийкемдүү жана борборлоштурулган механизмин алдын ала түзүүгө умтулууда. Ошол эле учурда, бүгүнкү күндө ачык саясий тирештин байкалбашы мамлекеттик институттар окуялардын өнүгүшүнүн ар кандай сценарийлерине даярдык көрбөй жатат дегенди билдирбейт. Тескерисинче, алар Кыргызстандын саясий тарыхынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен мүмкүн болгон ар кандай жагдайларга алдын ала даярдык көрүп жатканы шексиз.

Абду Шүкүр

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button