Комментарий

“Кытай кварталдары” башталдыбы?

Кытай кварталдары” башталдыбы?

Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, Бишкек шаарында кытайлык жумушчулар үчүн курулуп жаткан үч кабаттуу жатакананын курулушу шаар курулуш мыйзамдарынын талаптарын бузгандыктан токтотулду. Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн бири саналган Турусбеков көчөсүндө жайгашкан бул объект эч бир тийиштүү документтери жок жана Курулуштун бирдиктүү мамлекеттик реестрине катталбастан курулуп жаткан.

Текшерүүнүн жыйынтыгында жатакананы куруп жаткан «Янцзы» компаниясына карата протокол түзүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган. Аныкталган бардык мыйзам бузуулар жоюлуп, берилген көрсөтмөлөр аткарылганга чейин объекттеги курулуш иштери токтотулду.

Комментарий: катардагы жарандар, өзгөчө жаштар региондордон борбор калаага жумуш издеп келип, шаар четинде араңдан зорго квартиралап күн кечирип жатканда, кытайлар борбордун так ортосунда “өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” дегендей каалаганын кылып жатышат. Алар эч бир документи же уруксаты жок эле каалагандай иш жүргүзүп жатышат.

Өлкөдө мындай мыйзамсыз жана мыйзамдуу “кытай кварталдары” дагы канча?! Арийне, биз элестеткенден көп болушу мүмкүн. Эгер, көп болбосо да көбөйүшү анык. Себеби, жогорудагы кабарда көрсөтүлгөндөй кытайлардын жатакана курулушуна жөн гана айып пулдун салынгандыгы бийликтин позициясын ачыктоодо. Башкача айтканда, бийлик “кытай кварталдарын” кура бергиле, болгону бизден уруксат алып койгула деген ишаратты берүүдө.

Харун Абдулхак

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button