Комментарий

Эл аралык күн тартип жана ички көйгөйлөр

Эл аралык күн тартип жана ички көйгөйлөр

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Нью-Йоркто өткөн БУУнун терроризмге каршы күрөшүү жумалыгына катышты. Конференциянын жүрүшүндө ал Кыргызстандын терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү, жаштардын радикалдашуусун алдын алуу, чыр-чатактар жүрүп жаткан аймактардан кайтарылган жарандарды реабилитациялоо боюнча көрүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди. Ошондой эле, 2026–2030-жылдарга багытталган терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча жаңы стратегия даярдалып жатканын маалымдады.

Комментарий:

Бул жаңылыкка саясий өңүттөн карай турган болсок, «Эмне үчүн бүгүнкү күндө дал ушул терроризмге каршы күрөшүү Кыргызстан үчүн негизги темалардын бири катары көрсөтүлүүдө?» деген табигый суроо жаралат.

Жакында Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун алкагында жаңы макамга ээ болду. Бул өлкөнүн эл аралык күн тартибиндеги ролу мурдагыга караганда кыйла көрүнүктүү болуп калганын билдирет. Муну менен өлкө БУУнун максаттарын колдой турганын жана глобалдык маселелерди чечүүгө жигердүү катышып жатканын көрсөтүүгө аракет кылууда. Көп жылдардан бери Батыш дүйнөсү тарабынан таңууланган мындай темалардын бири, эл аралык коопсуздук жана терроризмге каршы күрөшүү маселеси болуп саналат.

Ошол эле учурда, катардагы жарандардын басымдуу бөлүгү үчүн коопсуздук маселеси таптакыр башкача көрүнөт. Калкты баалардын өсүшү, кирешенин төмөндүгү, жумушсуздук, медицина менен билим берүүнүн сапаты, коррупция, жолдордун абалы, коммуналдык көйгөйлөр жана көчөдөгү кылмыштуулук алда канча көбүрөөк тынчсыздандырат. Далушулкөйгөйлөркалктынжашоодеңгээлине күн сайынтүздөн-түзтаасиринтийгизипкелет.

Мындан көрүнүп тургандай, расмий күн тартип менен коомчулуктун талаптары эки башка дүйнөдө күн кечирүүдө. Эл аралык деңгээлдеги билдирүүлөр терроризмге каршы күрөшкө берилгендикти баса белгилегени менен, иш жүзүндө сөз көбүнчө Исламга каршы саясат тууралуу болууда. Ал эми өлкө ичиндеги калк эң оболу социалдык-экономикалык көйгөйлөрдүн чечилишин ынтызарлык менен күтүп келет жана эртеңки күнгө болгон ишеними барган сайын тарып барууда.

Түпкүлүгүндө, мамлекет сырттан таңууланган баяндамаларга жагынбастан өзүнүн коопсуздугун камсыз кылуу маселеси менен алектенүүгө жана бул үчүн бардык эл аралык аянтчаларды пайдаланууга милдеттүү. Айрыкча, бүгүнкү күндө терроризм кооп-коркунучу Кыргызстан үчүн канчалык актуалдуу экендиги дагы деле бүдөмүк бойдон. Андыктан, мындай билдирүүлөр өз жарандарынын эң курч талаптары козголуп жаткан шартта, жөн гана эл аралык майдандагы активдүүлүктү жана глобалдык күн тартипке саясий лоялдуулукту көрсөтүү аракети катары гана кабыл алынат.

Абду Шүкүр

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button