Пакистан менен Кыргызстандын алакасындагы өзгөрүүлөр

Пакистан менен Кыргызстандын алакасындагы өзгөрүүлөр
Пакистан президенти Асиф Али Зардари Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Расмий сапар 6-9-июль күндөрүнө мерчемделген. Сапардын алкагында Чолпон-Ата шаарында жогорку деңгээлдеги кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөр өтөт. Анда эки тараптуу кызматташтыктын негизги маселелери, БУУ, ШКУ, ИКУ жана ЭКУ сыяктуу эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара кызматташтык каралат.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстан менен Пакистандын соода жүгүртүүсү акыркы эки жылда катары менен 16 млн долларды түзгөн. Анын негизги бөлүгүн импорттук товарлар түзөт.
Өткөн жылдын аягында президент Садыр Жапаров Пакистанга мамлекеттик сапар менен барган. Анын жыйынтыгында экономика, порттук логистика, энергетика, айыл чарба, саламаттык сактоо жана башка тармактар боюнча 17 документке кол коюлган.
Комментарий:
Кыргызстандын деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, Пакистан расмий түрдө өзүнүн Карачи, Гвадар жана Касим ири портторун пайдаланууну сунуш кылган. Пакистан аркылуу деңизге чыгуу, жөн гана соода мүмкүнчүлүгү менен чектелбейт. Кыргызстан үчүн Казакстан жана Россия аркылуу өткөн түндүк багыттар көз карандылыкты арттырууда. Санкциялар күчөп, геосаясий туруксуздук барган сайын Кыргызстанды тобокелчиликке түртүп жаткан шартта, бул чечим көйгөйдөн чыгууга жол ачат.
Эгер Кытайдан Кыргызстан аркылуу Пакистан портторуна кеткен маршруттар ишке ашса, Кыргызстан чыныгы регионалдык транзиттик түйүнгө айланышы мүмкүн. Темир жол, автотранспорт жана деңиз порттору бириккен мултимодалдык маршруттар – Кытайдан жана Борбор Азиядан Түштүк Азияга, Жакынкы Чыгышка жана андан ары дүйнөлүк рынокторго жол ачат.
Эки өлкөнүн ортосундагы мамиленин бекемделип барышы Кыргызстан тарабынан гана иштелип чыккан демилге эмес. Бул кадам Борбор Азия менен Түштүк Азиянын байланышын чыңдоого багытталган кеңири регионалдык стратегиянын алкагында жүргүзүлүп жаткан саясий жана экономикалык демилге. Бул стратегия – Пакистан, Кытай жана Иран инфраструктураларын байлап, жаңы соода коридорлорун түзөт. Демек, Кыргызстан ушул ири стратегияга ылайык, саясатын алып барууда. Анткени Кытай, Кыргызстанды Борбор жана Түштүк Азияны байлоочу түйүнгө айландырууга кызыкдар. Бул стратегияда Пакистан негизги ролду ойнойт. Андыктан, эки өлкөнүн ортосундагы алакага аймактык, эл аралык деңгээлден карап баа берүү керек.
Нурдин Асаналиев




