Комментарий

Яхудий түзүмү Мисирге каршы азуусун кайрап жатканда, Сиси тынчтык куттуктоолорун жөнөтүүдө!

Яхудий түзүмү Мисирге каршы азуусун кайрап жатканда, Сиси тынчтык куттуктоолорун жөнөтүүдө!

Жаңылык:

Мисирдин президенти Сиси аймакта туруктуу тынчтыкка Палестинанын оккупациясы токтотулмайынча жетишүү мүмкүн эмес экенин айтып, бул кадамсыз «элдик нормалдашуу да, туруктуулук да болбойт» деп билдирди.

Ал ишемби күнү мамлекеттин Стратегиялык командачылыгынын жаңы имаратынын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө мындай деди: «Мисир өзүнүн алысты көрө билген көз карашы жана аймак иштериндеги теңдешсиз тарыхый тажрыйбасы бар өлкө. Ошондой эле душмандык өтө күчөп турган учурда яхудий түзүмү менен биринчи болуп келишим түзгөн өлкө катары, Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдардын түпкү чечими Палестина маселесин жапкан, Палестина мамлекетин борбору Чыгыш Кудс болгон абалда эл аралык мыйзамдуулук чечимдерине ылайык түзгөн ар тараптуу жана адилеттүү тынчтык келишимине жетишүү экенин ырастайт».

Ал сөзүн улап: «Оккупацияны токтотуп, зулумдук менен баскынчылыкка чек коюп, укуктарды ээлерине кайтарган адилеттүү тынчтык болмоюнча туруктуу тынчтык да, чыныгы туруктуулук да, элдик нормалдашуу да болбойт», – деди.

Комментарий:

Сиси Мисирдин башкаруучулары Палестинаны басып алган яхудий түзүмүнө биринчилерден болуп багынып бергенин айтуудан уялган жок. Тескерисинче, душмандык өтө күчтүү болуп турганына карабастан, алар биринчи болуп ошол түзүм менен келишим түзгөнүн сыймыктануу менен айтты! Анткени Мисир өзүнүн армиясы жана эли менен Палестина элинин үмүтү жана ишеничи болуп турган учурда, алар Айн Жалуттун баатырлары, кресттүүлөр менен моңголдорду жеңген Кутуз менен Аз-Захир Бейбарстын урпактары эле. Мисир Исламды жана мусулмандарды колдоодогу, үммөттүн чек араларын коргоодогу даңазалуу тарыхы себептүү Ислам үммөтүнүн жүрөгүндө өзгөчө орунга ээ. Бирок бүгүнкү башкаруучулары өз элин да, өз үммөтүн да сатып кетүүдөн карманган жок. Алар өздөрүнө эң катуу душман болгон яхудийлер менен бирге болушту.

Аллах Таала айтты:

﴿لَتَجِدَنَّ أَشَدَّ النَّاسِ عَدَاوَةً لِّلَّذِينَ آمَنُواْ الْيَهُودَ وَالَّذِينَ أَشْرَكُواْ﴾

«Ыйман келтирген адамдарга эң катуу душмандык кылуучу адамдар жөөттөр жана мушрик (Аллага бир нерсени тең кылуучу) болгон кимселер экенин көрөсүң». (Маида: 82).

Ошентип алар Кэмп-Дэвид келишимине кол коюу аркылуу Палестинаны жана анын элин таштап коюшту. Ошондой эле Синайдан баш тартып, яхудий түзүмү менен кордук келишимине кол коюу аркылуу Мисирди да сатып кетишти. Натыйжада Мисирдин Синай үстүндөгү эгемендиги формалдуу гана болуп калды жана Мисир яхудий түзүмүнүн чек арасы менен коопсуздугун коргоочу мамлекетке айланды.

Эми болсо кордук жана басынуу менен өткөн ондогон жылдардан кийин, ошондой эле яхудийлердин эч кандай келишимге да, милдеттенмеге да бекем турбагандыгын ар бир акыл-эстүү адамга көрсөтүп берген тажрыйбалардан кийин, Газадагы элибизге каршы жасап келген жана дагы эле жасап жаткан бардык жырткыч кылмыштардан кийин, Сиси кайрадан нормалдаштыруу, тынчтык жана баш тартууга негизделген чечимдер тууралуу айтып, аларды аймак менен Палестина үчүн жалгыз жол катары көрсөтүүдө!

Ал яхудийлерди тынчтыкты жана ага тиешелүү эл аралык чечимдерди кабыл алууга чакырууда. Ал чечимдер болсо берекелүү Палестина жериндеги оккупацияны мыйзамдуу деп таанып, аны бекемдөөнү көздөйт. Анын ордуна болсо эгемендиги да, бийлиги да жок алсыз бир мамлекетче сунушталууда. Ошентип ал өзүн Палестинаны колдогондой көрсөтүүгө аракет кылууда. Бирок чындыгында ал мусулмандардын мамлекети жана имамы болгондо яхудий түзүмү түшүндө көрө албаган белекти аларга бекер берип жатат.

Эң таң калычтуусу, Сисинин мындай уят сунуштары жана басынган билдирүүлөрү яхудий түзүмү Мисир менен Түркияга каршы согушка даярдык көрүп жаткан учурда айтылууда. Анткени бир жылдан ашуун убакыттан бери алардын ички саясий чөйрөлөрүндө кийинки этапта ушул эки өлкөгө каршы аракет көрүү тууралуу сөз болуп келет. Яхудийлер кылычтарын курчутуп, азууларын кайрап, Мисирге каршы даярданып жатышса, Сиси болсо саткынчылык сунуштарын улантууда.

Яхудий түзүмү берекелүү Палестина жерин басып алган түзүм. Ал жер – сүйүктүү Пайгамбарыбыздын ﷺ Исра жана Миъражы болгон жер, мусулмандардын алгачкы кыбыласы жана эки ыйык мечиттен кийинки үчүнчү ыйык жай. Палестина эли – биздин эл. Алардын душманы – биздин душманыбыз. Алардын канын төккөндөр Кыямат күнүнө чейин биздин душманыбыз бойдон калат. Ошондуктан бул баскынчы яхудий түзүмү менен эч кандай тынчтык да, нормалдаштыруу да болбошу керек.

Ошондуктан Мисирдин эр жүрөк аскерлерине, Амр ибн аль-Ас, Кутуз жана Бейбарстын урпактарына кайрылып айтабыз: Палестинанын жана анын элинин чакырыгына жооп бергиле! Палестинаны жана яхудийлер басып алган мусулмандардын ар бир карыш жерин азат кылуу үчүн көтөрүлгүлө! Ошондо гана Мисир Сисинин куру сөздөрү жана басынуусу эмес, кайрадан үммөттүн чеби жана аны коргоочу калканы болот.

Саъид Фадл

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button