Сакофий

Дарул-Мухажиринге (мухажирлер көчкөн жер) көчүү жана Пайгамбар ﷺ доорундагы Дарул-Исламдын чектери

Бисмиллахир-Рахманир-Рахим

Суроо-жооп

Дарул-Мухажиринге (мухажирлер көчкөн жер) көчүү жана Пайгамбар ﷺ доорундагы Дарул-Исламдын чектери

Ассаламу алейкум ва рахматуллахи ва баракатух.

Мындан эки ай мурда сиздерге жөнөткөн суроомду кайра тиркеп жиберип жатам. Ага жооп берилбей калганына байланыштуу сиздерди толук түшүнөм жана сиздер үчүн дайыма дуба кылып келебиз. Бирок эске салуу үчүн аны дагы бир жолу жөнөтүүнү туура көрдүм. Ошондой эле ага өтө аз гана өзгөртүү киргиздим.

Бул суроо сиздин көңүл борборуңузда болот деп толук ишенем. Аллах сизге береке берсин жана жакшылыктарыңызды мол сыйлык менен кайтарсын.

Суроо:

Ассаламу алейкум ва рахматуллахи ва баракатух.

Улуу жана Кудуреттүү Аллахтан бул катым сизге сак саламатта жана аманчылыкта жетишин сурайм. Ошондой эле Аллах сизден толук ыраазы болуусун тилейм. Дагы Анын Улуулугунан сиздин көздөгөн максатыңызды жакын арада ишке ашырып, ушул үммөттүн даңкын жана азиздигин сиздин колуңуз аркылуу кайра жаңыртышын сурайм.

«Мукаддима» китебинин биринчи бөлүмүнүн 24-бетинде (электрондук нускасынын 23-бети) Имам Муслим өзүнүн «Сахихинде» Сулайман ибн Бурайдадан, ал атасынан риваят кылган хадиске түшүндүрмө катары мындай деп айтылган:

«ادْعُهُمْ إِلَى التَّحَوُّلِ مِنْ دَارِهِمْ إِلَى دَارِ الْمُهَاجِرِينَ»

«Аларды өздөрүнүн жеринен мухажирлердин жерине (Дарул-Мухажиринге) көчүүгө чакыр…» (цитатанын аягы).

Жогорудагы хадистен төмөнкү маани түшүнүлөт: эгер кайсы бир уруулар Исламды кабыл алып, андан соң Дарул-Мухажиринге, башкача айтканда, Мединага көчүүгө макул болушса, анда аларга өздөрүнөн мурда көчүп келген мухажирлерге берилген бардык укуктар берилет жана алардын мойнундагы бардык милдеттер да жүктөлөт.

Ал эми көчүүгө макул болбогондор болсо, Мединанын айланасындагы чөлдөрдө жашаган мусулман арабдар (бедуиндер) сыяктуу болушат. Аларга момундарга колдонулган Аллахтын өкүмдөрү колдонулат, бирок аларга олжо (ганима) жана файдан үлүш берилбейт. Бирок бул жерде бир маселе бар. Анткени 24-бетте мындай деп айтылган:

«Мухажирлердин жери – Дарул-Ислам эле, андан башкасынын баары Дарул-куфр болчу».

Бул сүйлөмдөн Дарул-Ислам жалаң гана Медина болуп, анын айланасындагы бедуиндердин жерлери Дарул-куфр болгон деген түшүнүк келип чыгат…Бирок ошол эле китептин 14-бетинде Мединанын айланасындагы бедуин чөлдөрү да Дарул-Ислам болгонун көрсөткөн далил бар. Бул ошол эле китепте ачык айтылып, 14-бетте мындай деп келген:

«Расулуллахка ﷺ моюн сунуу анын буйруктары менен тыюуларында, башкача айтканда, өкүмдөрдү аткарууда болот. Буга Ахмад, Ибн Хиббан өзүнүн «Сахихинде» жана Абу Убайд «Аль-Амвал» китебинде Абдуллах ибн Амрдан риваят кылган хадис далил болот. Анда Набий ﷺ мындай деген:

«وَالْهِجْرَةُ هِجْرَتَانِ هِجْرَةُ الْحَاضِرِ وَالْبَادِي فَأَمَّا الْبَادِي فَيُطِيعُ إِذَا أُمِرَ وَيُجِيبُ إِذَا دُعِيَ وَأَمَّا الْحَاضِرُ فَأَعْظَمُهُمَا بَلِيَّةً وَأَعْظَمُهُمَا أَجْرًا».

«Хижрат эки түрдүү болот: отуракташкан адамдыкы жана чөлдө жашагандыкы (бедуин). Чөлдө жашаганга келсек, ага буйрук берилсе баш иет, чакырылса жооп берет. Ал эми отурукташкан болсо, экөөсүнүн ичинен сыноосу көбүрөөк жана сообу да көбүрөөк».

Бул хадистеги далил келтирилген жери Расулуллахтын ﷺ: «ага буйрук берилсе баш иет, чакырылса жооп берет» деген сөзүндө ачык көрүнүп турат. Анткени чөл аймагы Дарул-хижрат болбосо да, Дарул-Ислам болгон. Буга Васила ибн аль-Аскаъдан риваят кылынган, ат-Табарани келтирген хадис далил болот, аль-Хайсами анын риваятчылары ишенимдүү экенин айтып, Расулуллах ﷺ ага мындай деген:

«وَهِجْرَةُ الْبَادِيَةِ أَنْ تَرْجِعَ إِلَى بَادِيَتِكَ، وَعَلَيْكَ السَّمْعُ وَالطَّاعَةُ فِي عُسْرِكَ وَيُسْرِكَ وَمَكْرَهِكَ وَمَنْشَطِكَ وَأَثَرَةٍ عَلَيْكَ»

«Ал эми чөлдө жашагандын хижраты – өз чөлүңө кайтышың, о.э. сен кыйынчылыкта да, жеңилчиликте да, жактырган же жактырбаган абалда да, сенден башкага артыкчылык берилген учурда да угууга жана моюн сунууга милдеттүүсүң…» (14-беттен алынган цитата аяктады).

Суроо:

1. 14-бет менен 24-беттеги сөздөр чындап эле бири-бирине карама-каршы келеби? Эгер карама-каршы келбесе, анда экөөнүн ортосун кантип шайкеш келтирип түшүнүүгө болот?

2. Бедуиндердин Исламды кабыл алгандан кийин Аллахтын жана Анын Элчисинин ﷺ буйруктарына моюн сунуусу менен аларга Ислам өкүмдөрүнүн колдонулушу алардын жери Дарул-Ислам болуп калганын көрсөтпөйбү? Анткени 14-бетте келтирилген далилдер өкүмдөрдүн жүргүзүлүшү жана моюн сунуу жагынан абдан ачык көрүнүп турат.

3. Эгер бедуин чөлдөрү Дарул-Ислам болгону аныкталса, анда 24-беттеги Имам Муслим риваят кылган хадис Дарул-Исламда жашаган мусулман менен анын сыртында жашаган мусулмандын укуктарын айырмалоого дагы эле далил болуп кала береби?

Жооп:

Ва алейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатух.

Адегенде биз үчүн кылган жакшы дубаңызга Аллах сизге береке берсин. Биз да сизге жакшылык тилеп дуба кылабыз.

Жооп төмөнкүчө:

1. Сурооңузда айтылган «Мукаддиматуд-Дустур» китебинин биринчи бөлүгүндөгү эки жерде келген сөздөрдүн ортосунда карама-каршылык жок. Себеби алардын ар бири бири-биринен айырмаланган башка-башка абал тууралуу сөз кылууда. Маселенин чыныгы маңызын түшүнүү үчүн Ислам мамлекетинин Исламдын алгачкы мезгилиндеги абалын билүү зарыл.

Набий ﷺ хижрат учурунда Мадинага көчүп келген кезде Дарул-Ислам Мадина гана болчу. Анын айланасында болсо яхудийлерге таандык уруулар жана башка түзүмдөр бар эле. Расулуллах ﷺ алар менен келишимдерди түзгөн. Бул уруулар Дарул-Исламдын курамына кирген эмес. Алар ага жакын, атүгүл чектеш жайгашканына карабастан, анын курамында эмес эле.

Бул яхудий урууларынын абалы «Исламий шахсия» китебинин экинчи бөлүгүндө (238-239 беттер) мындайча түшүндүрүлгөн:

«Эми согушта кафирлерден өз алдынча мамлекет катары жардам суроо жайиз эместигине келсек, буга Ахмад жана Насаий Анастан кылган төмөнкү риваят далил болот. Расулулла с.а.в:

«لا تستضيئوا بنار المشركين»

«Мушриктер отунун жарыгынан пайдаланбагыла», -деген. Бул хадистеги «от» сөзү мушриктердин согушта өзалдынча бир уруу же мамлекет катары болуусуна киная.Байхакий айтат: Хафиз Абу Абдулла өз санады менен АбуХамид Саидийден кылган риваят сахих риваят эсептелет. Алмындай деген:

«خرج رسول الله ﷺ حتى إذا خلَّف ثنيَّة الوداع إذا كتيبة قال: من هؤلاء؟ قالوا بني قينقاع وهو رهط عبد الله بن سلام قال: وأسلموا؟ قالوا: لا، بل هم على دينهم، قال: قولوا لهم فليرجعوا، فإنّا لا نستعين بالمشركين»

«Расулулла с.а.в жолго чыгып Саниятул Вададан өткөндө бир куралдуу топко жолукту. Пайгамбарыбыз с.а.в: Булар кимдер? – деп сурады. «Булар бани Кайнуко, Абдулла ибн Саламдын туугандары», – деп жооп беришти. Пайгамбарыбыз с.а.в: Алар Исламга киришкенби? – деп сурады. «Жок, алар өз дининде калышкан», – деп жооп беришти. Пайгамбарыбыз с.а.в: Аларга айткыла, артына кайтып кетишсин, себеби, биз мушриктерден жардам сурабайбыз, – деди». Расулулла (с.а.в)дын Абдулла ибн Саламдын туугандары болгон бани Кайнукону артка кайтарып жиберишине алардын бир кафир топко биригип келишкендиги себеп болду. Алар бани Кайнуко деген этибарда өз байрагы астында келишти. Бани Кайнуко менен Расулулла (с.а.в)дын ортосунда шартнамалар бар эле. Ошондуктан, бани Кайнуко кудум бир мамлекет сыяктуу эле. Ошондуктан да Пайгамбарыбыз с.а.в аларды четке какты. Алар өз байрагы астында жана мамлекет катары келишкендиктен Пайгамбарыбыз с.а.в аларды четке какты. Болбосо четке какпайт эле. Буга Набий (с.а.в)дын Хайбарда жөөттөрдөн алар жеке адамдар абалында келишкенде жардамды кабыл алганы далил болот. Абу Хамид риваят кылган жогорудагы хадис бир шаръий иллет мазмунун өз ичине алып жатат. Бул иллет бар болсо өкүм вужудга келет. Иллет жок болсо өкүм да жок болот. Бул хадистеги иллет анын текстинде көрүнүп турат. Себеби, ровий: «Бир куралдуу топко дуушар болду. Пайгамбарыбыз с.а.в: Булар кимдер? – деп сурады. «Булар бани Кайнуко, Абдулла ибн Саламдын туугандары», – деп жооп беришти», – деп айтып жатат. Алардын куралдуу бир топ экендиктеринин мааниси алардын өз алдынча байрагы болгон өз алдынча кошуун экендиктери. Себеби, ар бир куралдуу отряддын өз байрагы болот. Демек, алардын өз байрагына ээ кафир аскерий топ экендиктери жана алар мамлекет даражасындагы жөөттөр болгон бани Кайнукодон экендиктери, алар менен Расулулла с.а.в ортосунда шартнамалар бар экендиги аларды четке кагып кайтарып жиберүүгө иллет болду. Алар кафир болгондугу үчүн эле эмес, тескерисинче, мына ушул иллет бар болгону үчүн да кайтарып жиберилди. Пайгамбарыбыз с.а.в алар Исламга кирүүнү четке кагышканы үчүн эле эмес, мына ушул иллетке да негизделип аларды кайтып кетүүгө буйруду. Муну Анас риваят кылган төмөнкү:

«لا تستضيئوا بنار المشركين»

«Мушриктер отунун жарыгынан пайдаланбагыла», -деген хадис да кубаттайт. Муну Расулулла с.а.вдын Казмандан– ал мушрик болсо да – Ухуд согушунда жардам алууну кабылалганы да кубаттайт. Демек, бул нерсе кафирден өз алдынчабир мамлекет катары жардам суроону четке кагуу, кафирденжеке адам катары жардам суроону болсо кабыл алуу маанисинтүшүндүрөт. Ушуга ылайык, кафирлерден бир кафир тайпа жеуруу же өз байрагы астындагы мамлекет катары жана өзмамлекеттеринин бир бөлүгү катары жардам суроо эч биржайиз эмес». (Цитата аяктады).

Ошол эле китептин “Исламды кафирлерге колдонуу важиб” деген бөлүмүндө мындай деп айтылат:

Исламий мамлекет өкүмү астында болгон ар бир кишиге ислам өкүмдөрүн колдонуу (татбик) важиб. Мусулмандарга колдонулгандай эле зиммийге да, муахидге да, мустаъминге да бирдей колдонулат. Бул жаатта акимге ыктыяр берилбейт, тескерисинче, ислам өкүмдөрүн эч экиленбестен колдонуу керек. Себеби, Аллах Таала ахли китепке карата мындай дейт:

﴿فَاحْكُمْ بَيْنَهُمْ بِمَا أَنْزَلَ اللَّهُ وَلَا تَتَّبِعْ أَهْوَاءَهُمْ عَمَّا جَاءَكَ مِنَ الْحَقِّ﴾

«Демек, адамдардын ортосунда Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылгын жана сага келген акыйкаттан жүз үйрүп, алардын көңүл-кушу каалаган нерселерине ээрчибе!» [5:48] Аллах Таала аларга карата дагы мындай дейт:

﴿وَأَنِ احْكُمْ بَيْنَهُمْ بِمَا أَنْزَلَ اللَّهِ وَلَا تَتَّبِعْ أَهْوَاءَهُمْ وَاحْذَرْهُمْ أَنْ يَفْتِنُوكَ عَنْ بَعْضِ مَا أَنْزَلَ اللَّهُ إِلَيْكَ﴾

«(Эй Мухаммад), алардын арасында Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылгын, алардын көңүл кушу каалаган нерселерине ээрчибе жана Аллах сага түшүргөн өкүмдөрдүн айрымдарынан сени буруп фитнага салып коюуларынан этият болгун!» [5:49].

﴿إِنَّا أَنْزَلْنَا إِلَيْكَ الْكِتَابَ بِالْحَقِّ لِتَحْكُمَ بَيْنَ النَّاسِ بِمَا أَرَاكَ اللَّهُ﴾

«Албетте, Биз сага ушул акыйкат Китепти (Куранды) адамдар арасында Аллах көрсөткөн жол менен өкүм жүргүзүшүң үчүн түшүрдүк» [4:105]. Бул умумий болуп, мусулмандарды да, башкаларды да өз ичине алат. Себеби, аяттагы «наас» (адамдар) калимасы умумий. Ал эми Аллах Тааланын:

﴿سَمَّاعُونَ لِلْكَذِبِ أَكَّالُونَ لِلسُّحْتِ فَإِنْ جَاءُوكَ فَاحْكُمْ بَيْنَهُمْ أَوْ أَعْرِضْ عَنْهُمْ﴾

«Алар жалганга кулак салуучу арамкор адамдар. Демек, эгер сага келишсе (кааласаң), ортосунда өкүмдарлык кыл, (кааласаң) алардан жүз үйрү» [5:42] деген аятына келсек, бул аяттан Исламий мамлекетке чет өлкөдөн башка бир кафир же кафирлер менен болгон бирер жаңжал туурасында өкүм сурап мусулмандарга кайрылуу үчүн келген адам назарда тутулган. Мында мусулмандар ыктыярдуу болушат. Каалашса алардын ортосунда өкүмдарлык кылып өкүм чыгарып беришет, каалашса алардан жүз үйрүшөт. Себеби, бул аят Расулуллах жарашуу келишимин түзгөн Медина яхудийлери жөнүндө түшүрүлдү. Алар уруулар болуп, башка мамлекеттер болуп эсептелишет болчу. Алар ислам өкүмүнө моюн сунушпаган т.а. башка мамлекет болушкан. Ошондуктан, Пайгамбарыбыз менен алардын ортосунда шартнамалар болгон. Эгерде кафирлер зиммий болушуп, ислам өкүмүнө моюн сунган болушса же амандык сурап келип ислам өкүмүнө моюн сунган болушса т.а. дарул исламга кирип ислам өкүмүнө моюн сунууга ыраазы болгон болушса – муахиддер жана мустаъминдер сыяктуу – андай абалда алардын ортосунда Ислам менен гана өкүм кылынат. Башка нерсе менен өкүм кылуу таптакыр жайиз болбойт. Ошондуктан, алардан ким ислам өкүмүнө кайрылуудан баш тартса, аким аны буга мажбурлайт жана бул себептүү аны жазалайт. Кафир ахдга ислам өкүмдөрүнө амал кылуу шарты менен киргени үчүн аким аны ушуга мажбурлайт. Бул ахд зиммийлик ахды болобу, же жарашуу келишими ахдыбы, же амандык ахдыбы, мунун айырмасы жок. Ырасында, кафир дарул исламда болгон соң, бул ахддардын ортосунда айырма жок. Расулуллах насронийлерден болгон Нажрон калкына төмөнкүдөй мазмунда кат жазган:

إن من بايع منكم بالربا فلا ذمة له

«Силерден ким риба менен алды-сатты кылса, ал үчүн зимма жок». Ибн Абу Шайба риваяты. Ибн Умар мындай деди:

أن اليهـود جاءوا إلى النبي ﷺ برجل وامرأة زنيا فأمر بهما فرجما

«Яхудийлер зина кылган бир эркек менен аялды Набий с.а.в алдына алып келишти. Пайгамбарыбыз с.а.в экөөнү жазалоого буйруду. Экөө тең ташбараң кылынды». Бухарий риваяты.

Бухарийдин дагы риваят кылышынча, Набий тагынчагын алуу үчүн бир күңдү өлтүрүп койгон бир яхудийди өлтүрдү. Мына ошол яхудийлер Ислам мамлекетинин жарандары эле. Белгилүү болгондой, бул иш яхудий вужуддары жок болгондон кийин жана алардын айрымдары мусулмандар өкүмдарлыгы астындагы жарандар болуп калышкандан кийин жүз берген.) (Цитата аяктады).

2. Мадинанын айланасындагы яхудий мамлекеттери жоюлгандан кийин Исламдын бийлиги бул уруулар жашаган аймактарды да өз ичине камтыды. Ошондой эле Мадинанын айланасындагы бедуин аймактарына да жайылды. Бирок Исламдын бийлиги бүтүндөй Араб жарым аралын дароо камтыган эмес, бул кийинчерээк ишке ашкан.

Ошентип, Мадинанын айланасындагы бедуиндер Ислам мамлекетинин жарандары жана анын жарандыгын алып жүрүүчүлөр болуп калышты. Башкача айтканда, алар Исламдын бийлигине жана өкүмдөрүнө баш ийген болушту.

Мына ушулар тууралуу Аллах Таала мындай деген:

﴿مَا كَانَ لِأَهْلِ الْمَدِينَةِ وَمَنْ حَوْلَهُمْ مِنَ الْأَعْرَابِ أَنْ يَتَخَلَّفُوا عَنْ رَسُولِ اللَّهِ وَلَا يَرْغَبُوا بِأَنْفُسِهِمْ عَنْ نَفْسِهِ﴾

«Мадина калкы жана алардын айланасындагы аараабийлер үчүн (жихадка чыкпай) Алланын пайгамбарынан калуулары жана андан жүз буруп, өздөрү менен алек болуп калуулары жарабайт эле. Анткени, Алла жолунда аларга бирер чаңкоо, машакат, ачкачылык жетсе жана каапырларды ызаландыра турган бирер кадам басышса, душманга кандайдыр бир зыян келтиришсе, албетге алар үчүн бул иштери себептүү жакшы сооп жазылат. Арийне, Алла жакшылык кылуучулардын иштерин текке кетирбейт». (Тообо: 120).

Дагы мындай деген:

﴿وَمِمَّنْ حَوْلَكُمْ مِنَ الْأَعْرَابِ مُنَافِقُونَ وَمِنْ أَهْلِ الْمَدِينَةِ مَرَدُوا عَلَى النِّفَاقِ لَا تَعْلَمُهُمْ نَحْنُ نَعْلَمُهُمْ سَنُعَذِّبُهُمْ مَرَّتَيْنِ ثُمَّ يُرَدُّونَ إِلَى عَذَابٍ عَظِيمٍ﴾

«Айланаңардагы аараабий-бедуиндер жана Мадина калкынын арасында нифак-эки жүздүүлүктө ширелген ушундай мунаафыктар бар, аларды сен билбейсиң. Биз билебиз. Аларды кайра-кайра (тактап айтканда, тирүү кездеринде кыйнап өлтүрүү, туткун кылуу менен, өлгөндөрүнөн кийин кабыр азабы менен) азаптайбыз. Андан соң (Кыямат Күнүндө) улук азапка кайтарылышат». (Тообо: 101).

Дагы мындай деген:

﴿سَيَقُولُ لَكَ الْمُخَلَّفُونَ مِنَ الْأَعْرَابِ شَغَلَتْنَا أَمْوَالُنَا وَأَهْلُونَا فَاسْتَغْفِرْ لَنَا يَقُولُونَ بِأَلْسِنَتِهِمْ مَا لَيْسَ فِي قُلُوبِهِمْ قُلْ فَمَنْ يَمْلِكُ لَكُمْ مِنَ اللَّهِ شَيْئاً إِنْ أَرَادَ بِكُمْ ضَرّاً أَوْ أَرَادَ بِكُمْ نَفْعاً بَلْ كَانَ اللَّهُ بِمَا تَعْمَلُونَ خَبِيراً﴾

«(Эй Мухаммад), дагы (Мадинага кайтканыңдан кийин) сага өздөрү аарабийлерден (тоолук арабтар) болгон, (Сен менен бирге Умра сапарына чыкпай) калган, (мунаафык) кимселер «Бизди мал-мүлктөрүбүз жана үй-бүлөөлөрүбүз кармап койду, (ошол үчүн сени менен бирге сапарга чыга албадык), эми өзүң биз үчүн (Алладан) кечирим сурагын» дешет. Алар тилдери менен көңүлдөрүндө болбогон нерсени-жалганды айтышат. Айткын: «Эгер (Алла) силерге бирер зыян (жеткирүүнү) кааласа, же Ал силерге кандайдыр пайда (жеткирүү)нү кааласа, ал убакта ким силер үчүн Алла тарабынан болгон нерсе(ни, кайтарууга) ээ боло алат?! Жок, Алла силер кылып жаткан амалыңардан кабардар болгон Зат!». (Фатх: 11).

Ушуга окшогон башка аяттар да бар…

Демек, Мадинанын айланасындагы чөл аймактары Исламдын бийлигине баш ийген, ал эми алардын тургундары мамлекеттин жарандары болгон. Бирок аларга Мадинага хижрат кылуу фарз эмес эле. Алар үчүн мамлекетке баш ийүү жетиштүү болчу. «Мукаддиматуд-Дустур» китебинин биринчи бөлүгүндөгү төмөнкү сөздөр дал ушул адамдарга тиешелүү:

«… Буга Ахмад, Ибн Хиббан өзүнүн «Сахихинде» жана Абу Убайд «Аль-Амвал» китебинде Абдуллах ибн Амрдан риваят кылган хадис далил болот. Анда Набий ﷺ мындай деген:

«وَالْهِجْرَةُ هِجْرَتَانِ هِجْرَةُ الْحَاضِرِ وَالْبَادِي فَأَمَّا الْبَادِي فَيُطِيعُ إِذَا أُمِرَ وَيُجِيبُ إِذَا دُعِيَ وَأَمَّا الْحَاضِرُ فَأَعْظَمُهُمَا بَلِيَّةً وَأَعْظَمُهُمَا أَجْرًا».

«Хижрат эки түрдүү болот: отуракташкан адамдыкы жана чөлдө жашагандыкы (бедуин). Чөлдө жашаганга келсек, ага буйрук берилсе баш иет, чакырылса жооп берет. Ал эми отурукташкан болсо, экөөсүнүн ичинен сыноосу көбүрөөк жана сообу да көбүрөөк».

Бул хадистеги далил келтирилген жери Расулуллахтын ﷺ: «ага буйрук берилсе баш иет, чакырылса жооп берет» деген сөзүндө ачык көрүнүп турат».

Демек, булар Мадинанын чөл аймактарында жашаган, мамлекеттин жарандары болуп, анын бийлигине баш ийген адамдар эле. Муну Абу Убайд өзүнүн «Аль-Амвал» китебинде келтирген төмөнкү риваяттар дагы бекемдейт: Мухаммад ибн Жаъфар бизге айтып берди, ага Шуъба айтып берди, ал Амр ибн Муррадан, ал Абдуллах ибн аль-Харистен, ал Абу Касир аз-Зубайдий Зухайр ибн аль-Акмардан, ал Абдуллах ибн Амрдан, ал Набийден ﷺ мындай деп риваят кылат:

«الْهِجْرَةُ هِجْرَتَانِ: هِجْرَةُ الْبَادِي، وَهِجْرَةُ الْحَاضِرِ، فَأَمَّا هِجْرَةُ الْبَادِي فَعَلَيْهِ أَنْ يُجِيبَ إِذَا دُعِيَ وَأَنْ يُطِيعَ إِذَا أُمِرَ، وَأَمَّا هِجْرَةُ الْحَاضِرِ فَهِيَ أَشَدُّهُمَا بَلِيَّةً، وَأَعْظَمُهُمَا أَجْراً»

«Хижрат эки түрдүү болот: отуракташкан адамдыкы жана чөлдө жашагандыкы (бедуин). Чөлдө жашаганга келсек, ага буйрук берилсе баш иет, чакырылса жооп берет. Ал эми отурукташкан болсо, экөөсүнүн ичинен сыноосу көбүрөөк жана сообу да көбүрөөк».

Саид ибн Уфайр мага айтып берди. Ал мындай деди: Сулайман ибн Билал Абдуррахман ибн Хармаладан, ал Абдуллах ибн Нияр аль-Асламийден укканын айтты. Ал болсо Урва ибн аз-Зубайрдын Айшадан (رضي الله عنها) мындай деп айтканын риваят кылган:

«Расулуллахтын алдында Айша бедуиндерди эскергенде, ал мындай деди:

«يَا عَائِشَةُ لَيْسُوا بِأَعْرَابٍ، هُمْ أَهْلُ بَادِيَتِنَا، وَنَحْنُ أَهْلُ حَاضِرَتِهِمْ، فَإِذَا دُعُوا أَجَابُوا، فَلَيْسُوا بِأَعْرَابٍ»

«Эй Айша! Алар аърабдар эмес. Алар биздин чөл аймактарыбыздын эли, ал эми биз алардын шаарларындагы элибиз. Эгер алар чакырылса, жооп беришет. Ошондуктан алар аърабдар эмес».

Абу Убайд мындай деген:

«Менин оюмча, Расулуллах ﷺ алар жашаган жерлеринде кала беришкенине карабастан, ыйманы себептүү аларга мухажир деген макамды берген. Бирок мурда айтып өткөнүмдөй, шаар элинин өзүнө таандык артыкчылыгы бар эле. Бул болсо сага алардын мусулмандар менен бирге, муктаждык жаралганда, имам ылайык көргөн өлчөмдө – аз болобу же көп болобу – белгилүү бир укукка ээ экенин көрсөтүп турат». (Цитата аяктады).

Ал эми Араб жарым аралындагы Мадинанын айланасында болбогон башка бардык чөл аймактары болсо, ал учурда Исламдын бийлигине кирген эмес жана Дарул-хижрат менен Дарул-Ислам аларды али камтый элек болчу. Бул абал Исламдын өкүмү бүтүндөй Араб жарым аралына жайылып, ал жерде толук орногонго чейин уланды. Ошондон кийин анын баары Дарул-Ислам болуп калды.

Исламдын бийлигине али кире элек ошол чөлдөрдөгү уруулардын абалына «Мукаддиматуд-Дустур» китебинин биринчи бөлүгүндө Конституция долбоорунун 5- жана 6-беренелерине берилген түшүндүрмөдө келтирилген Сулайман ибн Бурайданын хадиси туура келет:

«Бул эки берене исламий жарандыкты алып жүргөн адамдардын өкүмдөрүн түшүндүрүү үчүн коюлган. Алар мусулман болобу же зиммий болобу – айырмасы жок.

Ал эми мусулмандарга келсек, Расулуллах ﷺ мамлекеттин сыртында жашаган жана анын жараны болбогон мусулмандарды мамлекеттин жарандары ээ болгон айрым укуктардан ажыраткан.

Сулайман ибн Бурайда атасынан риваят кылган хадисте мындай дейт:

«كَانَ رَسُولُ اللَّهِ ﷺ إِذَا أَمَّرَ أَمِيراً عَلَى جَيْشٍ أَوْ سَرِيَّةٍ أَوْصَاهُ فِي خَاصَّتِهِ بِتَقْوَى اللَّهِ وَمَنْ مَعَهُ مِنْ الْمُسْلِمِينَ خَيْراً، ثُمَّ قَالَ: اغْزُوا بِاسْمِ اللَّهِ فِي سَبِيلِ اللَّهِ، قَاتِلُوا مَنْ كَفَرَ بِاللَّهِ، اغْزُوا وَلا تَغُلُّوا وَلا تَغْدِرُوا وَلا تَمْثُلُوا وَلا تَقْتُلُوا وَلِيداً، وَإِذَا لَقِيتَ عَدُوَّكَ مِنْ الْمُشْرِكِينَ فَادْعُهُمْ إِلَى ثَلاثِ خِصَالٍ أَوْ خِلالٍ، فَأَيَّتُهُنَّ مَا أَجَابُوكَ فَاقْبَلْ مِنْهُمْ وَكُفَّ عَنْهُمْ، ثُمَّ ادْعُهُمْ إِلَى الإِسْلاَمِ، فَإِنْ أَجَابُوكَ فَاقْبَلْ مِنْهُمْ وَكُفَّ عَنْهُمْ، ثُمَّ ادْعُهُمْ إِلَى التَّحَوُّلِ مِنْ دَارِهِمْ إِلَى دَارِ الْمُهَاجِرِينَ، وَأَخْبِرْهُمْ أَنَّهُمْ إِنْ فَعَلُوا ذَلِكَ فَلَهُمْ مَا لِلْمُهَاجِرِينَ وَعَلَيْهِمْ مَا عَلَى الْمُهَاجِرِينَ، فَإِنْ أَبَوْا أَنْ يَتَحَوَّلُوا مِنْهَا فَأَخْبِرْهُمْ أَنَّهُمْ يَكُونُونَ كَأَعْرَابِ الْمُسْلِمِينَ يَجْرِي عَلَيْهِمْ حُكْمُ اللَّهِ الَّذِي يَجْرِي عَلَى الْمُؤْمِنِينَ، وَلا يَكُونُ لَهُمْ فِي الْغَنِيمَةِ وَالْفَيْءِ شَيْءٌ إِلاَّ أَنْ يُجَاهِدُوا مَعَ الْمُسْلِمِينَ»

«Расулуллах ﷺ кайсы бир аскерге же кошуунга жетекчи дайындаганда, ага өзгөчө Аллахтан коркууну жана жанындагы мусулмандарга жакшы мамиле кылууну осуят кылчу. Анан мындай дечү:

“Аллахтын аты менен, Аллахтын жолунда жихад кылгыла. Аллахка каапыр болгондор менен согушкула. Жихад кылгыла, бирок олжодон жашырып албагыла, кыянаттык кылбагыла, денелерди майып кылбагыла жана жаш балдарды өлтүрбөгүлө. Эгер мушриктерден болгон душманыңарга жолуксаңар, аларды үч нерсенин бирине чакыргыла. Алар кайсынысына жооп беришсе, аны кабыл алгыла жана аларга тийбегиле.

Андан кийин аларды Исламга чакыргыла. Эгер кабыл алышса, аны кабыл алып, аларга тийбегиле. Андан соң аларды өздөрүнүн жеринен мухажирлердин жерине көчүүгө чакыргыла. Аларга кабар бергиле: эгер ушундай кылышса, мухажирлердин укуктары аларга да берилет жана мухажирлердин милдеттери алардын да мойнунда болот. Эгер көчүүдөн баш тартышса, анда аларга кабар бергиле: алар мусулмандардын аърабдары сыяктуу болушат. Аларга карата момундарга колдонулган Аллахтын өкүмдөрү колдонулат. Бирок мусулмандар менен бирге жихад кылмайынча, аларга ганиматтан жана файдан эч кандай үлүш берилбейт». Муну Имам Муслим риваят кылган.

Бул хадис ачык көрсөтүп турат: ким Дарул-Исламга көчүп келип, мамлекеттин жарандыгын албаса, мусулман болгонуна карабастан, жарандык укуктарга ээ болбойт. Анткени Расулуллах ﷺ аларды Исламдын бийлигине кирүүгө чакырып, ошондо гана мусулмандардын укуктары менен милдеттерине ээ боло турганын айткан. Ал ﷺ мындай деген:

«ثُمَّ ادْعُهُمْ إِلَى التَّحَوُّلِ مِنْ دَارِهِمْ إِلَى دَارِ الْمُهَاجِرِينَ، وَأَخْبِرْهُمْ أَنَّهُمْ إِنْ فَعَلُوا ذَلِكَ فَلَهُمْ مَا لِلْمُهَاجِرِينَ وَعَلَيْهِمْ مَا عَلَى الْمُهَاجِرِينَ»

«Андан соң Аларды өздөрүнүн жеринен мухажирлердин жерине көчүүгө чакыр. Аларга кабар бер: эгер ушундай кылышса, мухажирлердин укуктары аларга да берилет жана мухажирлердин милдеттери да алардын мойнунда болот».

Бул текст көчүүнү шарт кылып жатат. Башкача айтканда, аларга «бизге берилген укуктар аларга да берилип, биздин мойнубуздагы милдеттер алардын да мойнуна жүктөлүшү үчүн», башкача айтканда, аларга Ислам өкүмдөрү толук колдонулушу үчүн көчүү талап кылынган.

Хадистин маанисинен көрүнүп тургандай, эгер алар көчүшпөсө, анда мухажирлерге берилген укуктар аларга берилбейт. Башкача айтканда, Дарул-Исламда жашагандар ээ болгон укуктарга ээ болушпайт.

Демек, бул хадис Дарул-мухажиринге көчкөндөр менен көчпөгөндөрдүн өкүмдөрүнүн айырмалуу экенин баян кылып жатат. Мухажирлердин жашаган жери Дарул-Ислам болгон, андан башкасы болсо Дарул-куфр эле.

Ошондуктан көчүү талабы Дарул-Исламда эмес, Дарул-куфрда жашаган урууларга же аймактарга багытталган. Алар Исламды кабыл алгандан кийин, өз кандарын Ислам менен коргоп алышты. Бирок алар дароо эле Исламдын бийлигине баш ийип, Дарул-Исламдын курамына кирип калган эмес. Себеби алар Исламдын бийлиги жүрбөгөн Дарул-куфрда жашап жатышкан. Ошондуктан Исламдын бийлигине баш ийгендерден болушу үчүн алардан көчүп келүү талап кылынган.

Муну Набийдин ﷺ Дарул-куфрга карата жүргүзгөн жортуулдары тууралуу «Мукаддиматуд-Дустур» китебинин экинчи бөлүгүндө келтирилген риваяттар да дагы даана түшүндүрөт:

«… Ал эми экинчи маселенин далили – Сулайман ибн Бурайда атасынан риваят кылган, Расулуллах ﷺ аскер жетекчилерине берген осуяты жөнүндө келген хадис. Анда Расулуллах ﷺ аскер башчысы кылып дайындаган адамга мындай деп айтчу:

«… ادْعُهُمْ إِلَى الإِسْلامِ، فَإِنْ أَجَابُوكَ فَاقْبَلْ مِنْهُمْ وَكُفَّ عَنْهُمْ، ثُمَّ ادْعُهُمْ إِلَى التَّحَوُّلِ مِنْ دَارِهِمْ إِلَى دَارِ الْمُهَاجِرِينَ، وَأَخْبِرْهُمْ أَنَّهُمْ إِنْ فَعَلُوا ذَلِكَ فَلَهُمْ مَا لِلْمُهَاجِرِينَ وَعَلَيْهِمْ مَا عَلَى الْمُهَاجِرِينَ، فَإِنْ أَبَوْا أَنْ يَتَحَوَّلُوا مِنْهَا فَأَخْبِرْهُمْ أَنَّهُمْ يَكُونُونَ كَأَعْرَابِ الْمُسْلِمِينَ يَجْرِي عَلَيْهِمْ حُكْمُ اللَّهِ الَّذِي يَجْرِي عَلَى الْمُؤْمِنِينَ، وَلا يَكُونُ لَهُمْ فِي الْغَنِيمَةِ وَالْفَيْءِ شَيْءٌ إِلا أَنْ يُجَاهِدُوا مَعَ الْمُسْلِمِينَ»

«…Андан кийин аларды Исламга чакыргыла. Эгер кабыл алышса, аны кабыл алып, аларга тийбегиле. Андан соң аларды өздөрүнүн жеринен мухажирлердин жерине көчүүгө чакыргыла. Аларга кабар бергиле: эгер ушундай кылышса, мухажирлерге берилген укуктар аларга да берилет жана мухажирлердин милдеттери алардын да мойнунда болот. Эгер көчүүдөн баш тартышса, анда аларга кабар бергиле: алар мусулмандардын аърабдары сыяктуу болушат. Аларга карата момундарга колдонулган Аллахтын өкүмдөрү колдонулат. Бирок мусулмандар менен бирге жихад кылмайынча, аларга ганиматтан жана файдан эч кандай үлүш берилбейт». Муну Имам Муслим риваят кылган.

Бул хадистен далил алынган жери – Расулуллахтын ﷺ:

«Андан кийин аларды Исламга чакыргыла. Эгер кабыл алышса, аны кабыл алып, аларга тийбегиле. Андан соң аларды өздөрүнүн жеринен мухажирлердин жерине көчүүгө чакыргыла. Аларга кабар бергиле: эгер ушундай кылышса, мухажирлердин укуктары аларга да берилет жана мухажирлердин милдеттери алардын да мойнунда болот» деген сөзү. Бул көчүүнү шарт кылган ачык текст. Башкача айтканда, аларга бизге берилген укуктар аларга да берилип, биздин мойнубуздагы милдеттер алардын да мойнуна жүктөлүшү, башкача айтканда, мамлекеттин өкүмдөрү аларга да колдонулушу үчүн көчүү шарт кылынган. Эгер көчүшпөсө, анда аларга бизге берилген укуктар берилбейт жана биздин мойнубуздагы милдеттер алардын мойнунда болбойт. Демек, мамлекеттин өкүмдөрү аларга колдонулбайт.

Ошондой эле Расулуллах ﷺ мухажирлердин жерине көчүүнү алардын фай жана ганиматтан үлүш алууга татыктуу болушунун шарты катары көрсөткөн. Ушуга башка бардык мүлктөр да кыяс кылынат. Демек, мухажирлердин жерине көчпөгөн адам мал-мүлккө байланыштуу өкүмдө мусулман эместер сыяктуу болуп, андан куру калат. Бул болсо ага каржылык өкүмдөрдүн колдонулбай турганын билдирет. Себеби ал мухажирлердин жерине көчкөн эмес. Мухажирлердин жери Дарул-Ислам болгон, андан башкасынын баары Дарул-куфр эле. Ошондуктан Расулуллах ﷺ мухажирлердин жеринен тышкаркы ар бир жерди Дарул-харб катары эсептеп, ага каршы жортуул (газват) кылчу. Бирок ал жердин тургундары мусулмандар болсо, алар менен согушчу эмес жана аларды өлтүрбөйт эле. Тескерисинче, аларды Дарул-Исламга көчүп келүүгө чакырчу. Эгер мусулман эмес болушса, анда бул хадис көрсөтүп тургандай алар менен согушчу.

Муну Анастан риваят кылынган төмөнкү хадис дагы тастыктайт:

«كَانَ رَسُولُ اللَّهِ ﷺ إِذَا غَزَا قَوْماً لَمْ يُغِرْ حَتَّى يُصْبِحَ، فَإِنْ سَمِعَ أَذَاناً أَمْسَكَ، وَإِنْ لَمْ يَسْمَعْ أَذَاناً أَغَارَ بَعْدَ مَا يُصْبِحُ»

«Расулуллах ﷺ кайсы бир элге газват кылганда, таң атмайынча чабуул жасачу эмес. Эгер азанды укса, токточу. Ал эми азанды укпаса, таң аткандан кийин чабуул жасачу». Муну Имам аль-Бухари риваят кылган.

Демек, Расулуллах ﷺ мухажирлердин жеринен тышкаркы жерди, башкача айтканда, Дарул-Исламдан башка жерди, Дарул-харб деп эсептеген. Ал жерде мусулмандар жашаса да, ал Дарул-куфр болуп саналган жана ага өкүмдөрдүн колдонулушу жагынан, анын ичинде каржылык өкүмдөр жагынан да Дарул-куфрдун өкүмдөрү колдонулган.

Мындай жерде мусулмандар менен мусулман эместердин ортосундагы айырма төмөнкүчө болгон: мусулмандар менен согушулбайт, алар өлтүрүлбөйт жана мал-мүлкү алынбайт. Ал эми мусулман эместер менен согушулат, алар өлтүрүлөт жана мал-мүлкү алынат. Мындан башка өкүмдөрдө алардын абалы бирдей.

Мына ушул Дарул-куфр менен Дарул-Исламдын далили болуп саналат.

Ким Дарул-куфрда же Дарул-харбда жашаса, анын жарандыгы куфр жарандыгы болуп эсептелет жана ага Дарул-куфрдун бардык өкүмдөрү колдонулат. Ал мусулман болобу же мусулман эмес болобу – айырмасы жок. Болгону мусулмандын каны жана мал-мүлкү кол тийгис болуп эсептелет”. (Цитата аяктады).

Бул ошол мезгилде Дарул-куфрда Исламды кабыл алган, бирок Исламдын бийлигине баш ийбеген жана Дарул-Исламдын курамына кирбеген уруулар болгонун көрсөтөт. Ошондуктан Набий ﷺ ушундай мусулман уруулар жашаган Дарул-куфрга газват кылганда, чабуулду дароо баштачу эмес. Адегенде чабуул коюла турган уруу Исламды кабыл алганбы же жокпу – ошону аныктап алчу. Эгер Исламды кабыл алган болсо, аларга чабуул жасачу эмес.

Бул газват Исламдын бийлигине баш ийбеген жана Дарул-Исламдын курамына кирбеген Дарул-куфрдагы урууларга каршы жүргүзүлгөнүн билдирет. Анткени Дарул-Исламга каршы газват кылынбайт жана ага чабуул жасалбайт. Ошондуктан мындай уруулар Исламды кабыл алышкан учурда, алардан Дарул-Исламга көчүп келүүсү жана Дарул-куфрда кала бербөөсү талап кылынган.

Исламдын бийлиги кеңейип, бүтүндөй Араб жарым аралын камтып алгандан кийин, ал уруулардын Дарул-Исламга көчүүсү тууралуу маселе өз маанисин жоготту. Себеби алар өздөрүнүн жеринен көчпөстөн эле табигый түрдө Исламдын бийлигине баш ийген жана Дарул-Исламдын курамына кирген болуп калышты…» (Цитата аяктады).

Бул жооп жетиштүү болду деп үмүттөнөм.

Аллах жакшыраак билет жана Ал эң Даанышман.

Бир тууганыңар
Ата ибн Халил Абу ар-Рашта

1448-хижрий жыл, Мухаррам айынын 9-күнү
2026-жылдын 24-июну

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button