Бир маселеде бир канча мужтахидге таклид кылуу тууралуу

Бир маселеде бир канча мужтахидге таклид кылуу тууралуу
Суроо:
Бир канча мужтахидге таклид кылууга болбой турган маселе тууралуу толук түшүндүрмө берип коёсузбу? Анан бул бир маселеби же бир нече маселеби, муну кантип билем? Аллах сизге жакшылык берсин.
Жооп:
«Шахсия» китебинин биринчи бөлүгүндө, «Мужтахиддердин ортосунда көчүп жүрүү» бабында, 234–235-беттерде (кырг. 189-бет) төмөнкүлөр келген:
«Бирок ушул нерсени билүүсү керек, таклид кылып жаткан өкүмдү таштап, башкасын алуу мүмкүн болгон маселе башка маселеге байланышы жок өзүнчө маселе болушу жана аны таштоо менен башка шаръий өкүмдүн бузулуусу келип чыкпоосу важип. Ал эми башка маселеге байланыштуу болсо, андан баш тартуу мүмкүн эмес. Баш тартса да ушул маселеге байланыштуу бардык маселелерди таштоосу важып. Себеби, ал маселелердин баары бири-бирине байланыштуу болгондугу үчүн алар бир бүтүн деп эсептелет. Кудум намаз, даарат жана башка намаздын рукндары сыяктуу. Шафиъий мазхабындагы адамдын Абу Ханифанын «Аял кишини кармоо дааратты бузбайт» деген райын кабыл кылып туруп, Шафиъий мазхабы негизинде намазды окуусу жайиз эмес. Же намазда ар канча көп аракет кылуу намазды бузбайт деп, же «Фатиха» сүрөсүн окуу намаз рукндарынын бири эмес деп эсептеген адамдын мунун тескерисин айткан мужтахидге ээрчүүсү туура эмес. Демек, башка шаръий өкүмдөр негизинде аткарып жаткан амалдарга таасири болбой турган өкүмдөрдү гана таштап, башкасын кабыл алуусу мүмкүн». (Сөздүн аягы).
Мындан көрүнүп тургандай, маселенин аныктамасы анын башка маселелерден ажыраган болушуна жана аны таштоо башка шаръий өкүмдөрдүн бузулушуна алып келбешине байланыштуу. Демек, ал башка өкүмдөрдүн рукну, инъикад шарты (бар болуу шарты) же сиххат шарты (дурус болуу шарты) болбошу керек. Анткени мындай учурда ал башка маселелерден ажыраган болуп эсептелбейт.
Муну дагы да кеңири төмөнкүдөй түшүндүрүүгө болот:
«Маселенин аныктамасы: Бул жерде маселе деп — башка бир амалдын сиххаты (дурустугу) ага көз каранды болбогон ар бир амал же амалдардын жыйындысы көздөлөт.
Ал эми маселенин бир бөлүгү — анын сиххатын жүзөгө чыгаруу үчүн сөзсүз зарыл болгон ар бир амал. Мисалы, шарттар жана рукндар.
Мисалдар:
Даарат: Башка амалдын сиххаты ага көз каранды болгон амалдар. Анткени намаздын сиххаты дааратка көз каранды. Ошондуктан даарат, бул аныктама боюнча, өзүнчө маселе эмес. Тескерисинче, ал намаздын сиххатын жүзөгө чыгаруу үчүн зарыл болгон намаздын бир бөлүгү деп эсептелет.
Намаз: Башка амалдын сиххаты ага көз каранды болбогон амалдар. Демек, ал — маселе. Анын сиххатын жүзөгө чыгаруу үчүн зарыл болгон нерселердин баары, мисалы, рукндар жана тазалык, кыбылага жүздөнүү сыяктуу сиххат шарттары анын бир бөлүгү деп эсептелет.
Орозодогу ниет: Башка амалдын сиххаты ага көз каранды болгон амал. Анткени орозонун сиххаты ниетке көз каранды. Ошондуктан ниет өзүнчө маселе эмес, тескерисинче, бир маселенин бир бөлүгү.
Орозо: Башка амалдын сиххаты ага көз каранды болбогон амал. Демек, ал — маселе. Анын сиххатын жүзөгө чыгаруу үчүн зарыл болгон нерселердин баары, мисалы, ниет жана орозону бузуучу нерселерден тыйылуу анын бир бөлүгү деп эсептелет.
Ушуга ылайык, эгер бир адам намаз маселесинде бир мужтахидге таклид кылса, анда намаздын бардык бөлүктөрүндө да ага таклид кылышы керек. Мисалы, дааратта, жунубдуктан гусул кылууда, таяммумда, кыбылага жүздөнүүдө жана намаздын рукндарында. Эгер орозо маселесинде бир мужтахидге таклид кылса, анда орозонун бардык бөлүктөрүндө да ага таклид кылышы керек. Мисалы, ниетте, ниетти ар бир күн үчүн түндөн кылуу важибби же бүтүндөй ай үчүн бир жолу кылуу жетиштүүбү, ниетти күндүз кылуу сахихпи же сөзсүз түнкүсүн кылуу керекпи, орозону бузуучу нерселерде жана ооз ачууга берилген рухсаттарда бир мужтахидге гана таклид кылат.
Бирок ал адам үчүн башка маселеде башка бир мужтахидге таклид кылуу жаиз.
Мунун баары адам мукаллид болуп турган учурда. Ал эми анда далилдерди талдап, алардын арасынан таржих кылуу мүмкүнчүлүгү пайда болсо, анда өзү таклид кылып жүргөн мужтахидди таштап, күчтүүрөөк далилге ээрчүүсү жаиз.
Маселе түшүнүктүү болду деп үмүттөнөм… Аллах Субханаху ва Таала ийгилик берүүчү.
06.09.2012




