Кабар

Быйыл инфляциянын жогору болушу күтүлүүдө

Быйыл инфляциянын жогору болушу күтүлүүдө

Кыргыз өкмөтү быйылкы жылга карата инфляция боюнча божомолун кайра карап чыкты. Эгер буга чейин баалардын өсүшү 9% деңгээлинде болот деп күтүлсө, эми инфляция 14–15%га чейин болжолдонууда.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиевдин айтымында, мындай өзгөрүүгө акыркы алты айдан бери уланып жаткан тышкы экономикалык факторлор себеп болууда. Бул жагдай өлкөдөгү товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасынын дагы да жогорулашына алып келиши мүмкүн.

Өкмөт инфляциянын негизги себептеринин бири катары күйүүчү-майлоочу материалдардын кымбатташын атады. Өзгөчө дизелдик күйүүчү майдын баасынын өсүшү кооптондурат. Анткени дизель айыл чарбасында, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайында, ошондой эле коомдук транспортто кеңири колдонулат. Анын кымбатташы ишканалардын чыгымдарын көбөйтүп, натыйжада азык-түлүк, жүк ташуу жана башка товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн баасынын өсүшүнө таасир этет.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button